Карамат Орозова, ЖК депутаты: “Бардык процедуралардан мыйзамдуу өткөн жөлөк пул мыйзамы токтоп турат”

Карамат Орозова, ЖК депутаты: “Бардык процедуралардан мыйзамдуу өткөн жөлөк пул мыйзамы токтоп турат”— Карамат айым, жөлөк пулдар боюнча жаңы мыйзамдын демилгечилеринин бири сизсиз. Ошол мыйзам кабыл алынды эле, бирок кабыл алынганына карабай, өкмөттүн сунушу менен Жогорку Кеңеш аны кайрадан карап ишке киргенин үч айга токтотуп койду. Азыр эми эски мыйзам иштейби, же жаңысы ишке киреби?

— Жөлөк пул боюнча мыйзам долбоору өзүңөргө белгилүү болгондой, өткөн жылы толук кандуу кабыл алынган. Ѳкмөт, өкмөттүн юридикалык бөлүмү, экспертиза бөлүмү бардыгы оң пикир берген. Өкмөттүн мүчөлөрү, каржы министри да “Бюджетте акча бар” деп оң пикир берген, каршы пикир берген эмес. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин сайтына талкууга апрель айында коюлган. 25-майда мыйзам каттоодон өткөн. Апрель-май айларында бардык облус, шаарларында депутат айымдардын катышуусу менен талкуудан өткөн, комитеттерден, пленардык жыйындан регламенттин негизинде үч окуудан 118 дептаттын колдоосу менен өткөн. Андан кийин Президентке барып,  президенттин указы 28-июлда чыккан, мыйзам толук кандуу кабыл алынган. Бирок ошого карабай, бул мыйзам өкмөттүн сунушу менен жаны токтотуп туруу учун, Жогорку Кеңеш кайрадан талкууга алып, аны үч айга токтотуп турсун деген чечим кабыл алып бергени мени аябай өкүндүрдү. Болгондо дагы бул мыйзамды шайлоонун астында эле популисттик кылып кабыл алынган мыйзам деп аташканы мени ардантты. Аймактарга кайсы депутат чыгып келбесин, эл менен жолугушуп келгенден кийин дал ушул жөлөк пул маселесин көтөрүп чыгышчу. Чынын айтканда, бул маселени көтөрбөгөн депутат болгон эмес. Анткени, чындыгында эски мыйзамдын чийки жерлери көп, коррупция бар болчу.

—Мисалы?

— Бардык жерлерде эл менен жолугушканыбызда алар эски мыйзам боюнча жөлөк пулду байлар алып, кембагалдар албай калып атат деген маселе көтөрүп келген. Анткени, ким бай, ким кембагал аны  изилдөө кыйын болчу. Декларациядан 38 пайызы өткөн, көпчүлүк саясий кызматтагылардын мүлкү өзүндө эмес, жалпы кыймылсыз мүлктүн 85 пайызы системалык каттодон өткөн бойдон ГОС актысы жок, машиналар ишеним кат менен жүрөт, ошондуктан, бей-бечаралар барса, үлүш жериң, машина, малың, муздаткычың жана башка эмеректериң бар экен, пенсионердин пенсиясын, багуучудан ажырагандарга соцфонддон төлөгөн пенсияларды кирешеге кошуп,   жөлөк пул чегерилбеген, акчалуулар менен мамиле түзүшүп, ал арга жөлөк пул чыгарып берген учурлар болуп эле жатты.  А бизде, мугалим болобу, медицина кызматкери болобу мамлекеттик кызматта, муниципиалдык кызматта иштегендер аз айлык алса да , мисалы, 1900 сом айлык алса да жөлөк пул албайт. Анан дагы мурунку мыйзам боюнча үйү, тамарка, үлүш жери жоктор жөлөк пул ала алчу эмес, анткени, ошол үйүнүн, жеринин документтерин алып кел дейт. Жоктор ала алышпай жүргөн.      Мындан сырткары, багуучусунан ажырагандар дагы ала албайт.  Ата-энеси менен чогуу жашагандарга дагы берилчү эмес, анткени, ата-энесинин пенсиясын дагы кирешеге кошуп эсептешчү. Ошентип, колунда барлар бир аз акча берип, кирешеси жок деп жаздырып алып жөлөк пул алып жүрө беришкен, ал эми чынында эле жөлөк пулга муктаждар ала албай жүрүшкөн.

— Ошондо жаңы мыйзамдын эскиден кандай айырмасы бар эле?

— Биз Кыргызстанда киреше булактарын эсептеп чыгуу мүмкүн эмес деп эсептеп, баарына бирдей берилсин деп жаздык.  Ким жөлөк пулга муктаж болсо, арыз менен кайрылса баарына берилиши керек. Колунда бар үй-бүлөлөр өздөрү эле арыз менен кайрылбай коюшат. Арыз менен кайрылбагандарга берилбейт.   Калганы кирешесине карабай туруп, бардыгы тегиз алсын. Бирок өкмөт үчүнчү баладан тартып берели, биринчи-экинчи балага бербейли деп жатат, анткени, алардын изилдөөсү боюнча үй-бүлө үчүнчү баладан тартып гана кыйынчылыкты сезе баштайт экен. Мурда жөлөк пул төлөгөнгө бюджеттен 3.5 млрд сом кетчү экен, бардык балдарга бериле турган болсо үстүнө дагы 1 млрд 800 миң сом кошулуп, жалпысынан 5,7 млрд сом керектелет экен. Ал кездеги президентибиз Алмазбек Атамбаев ортодогу айырма аз эле экен деп, балдардын келечеги үчүн бул сумманы тапсак болот деп,  жаңы мыйзамга кол койгон эле. Мыйзам өттү, өткөндөн кийин сүйүнчү пулду баардык төрөлгөн балдардын алаары  киргизилген. Эми эски мыйзам күчүн жоготуп, жаңы мыйзамга ылайык, 1-январдан баштап,  жөлөк пулду, муктаж болгон адамдар, арызынын негизинде баланын күбөлүгүнүн, эненин паспортунун копиясы менен, бүт төрөлгөн балдарга 4 миң сомдон сүйүнчү пул, 3 жашка чейинки баардык балага 700 сомдон “балага жөлөк” ,  3 жаштан 16  жашка чейин “үйбүлөгө көмөк”  500 сомдон бериле турган болгон. 2018-жылы күчкө кирген мыйзамда эч кандай киреше эсептелбестен, эч кандай киреше справкаларды чогулпастан алмак. Бүгүнкү күнгө чейин каржы министри 2018-жылдын бюджетине киргизип бекитип бергенбиз. Бүгүнкү күндө да бюджетте акча бар деп жатышат, анан кайра келип каражат тартыш болуп жатат дегендей, депутаттарды кайра үч айга токтотуп берип турууну суранышыптыр. Мени таң калтырганы, дал ушул жөлөк пул маселесин көтөрүп жүргөн депутаттар, ал тургай биз менен чогуу демилгечи болгон депутаттар өздөрү кайра токтотуп турууну колдоп добуш беришти. Биз балдардан акча аябашыбыз керек, коррупцияны жоюу үчүн да каражатты аябашыбыз керек, коррупция менен катуураак күрөшсөк   эле мына ушул балдардын жөлөк пулу чыгып калат. Эми минтип, бардык процедуралардан мыйзамдуу өткөн мыйзамды токтотуп коюшту. Өкмөттүн жумушчу тобу 2009-жылкы Бакиевдин убгындагы кирешени эсептеген мыйзамды татаалдаштырып кайра эле сунуштап жатканы таң каларлык. Бул мыйзам өтсө кайра эл кыйналат, киреше боюнча справкалар топтошу керек, киреше эсептегенде жыйынды кирешеге бардык пенсиянын өлчөмү кирет. Бул өкмөт сунуштаган мыйзам өтсө коррупция кайра эле уланат. Мени өкүндүргөнү Өкмөттүн орун басары Чолпон Султанбекова баш болгон жумушчу топ, энелердин, балдардын абалын жакшыртуунун ордуна, аларга каршы мыйзам сунуштаганы. Өкмөттүн социалдык тармакты тейлеген орун басары, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги түздөн төз аярлуу үйбүлөнү колдоонун ордуна, кайра тескери мыйзамды колдоп жатышпайбы. Бүгүнкү күндө күчүн жоготкон 2009-жылкы мыйзам да жаңы күчкө кирген 2018-жылкы мыйзам да иштеп жатат. Мындан ары эски мыйзам иштейби, жаңы мыйзамбы – бул жагы түшүнүксүз. Эгер бул мыйзам палатадан өтсө анда коррупция менен күрөшүүнүн кажети жок.

Эльвира Какиева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты