Жээнбеков VS Атамбаев: Мамиледе мандем барбы?

Жээнбеков VS Атамбаев: Мамиледе мандем барбы?Президент Сооронбай Жээнбековдун 100 күнүн күткөндөр бул аралыкта жасалган иштерди таразалап жатышат. Дыкат назар салып турган коомчулукта канааттангандар да, алымсынбагандар да жетиштүү. Ошого жараша, ажонун ар бир кадамы “Катуу бассаң таскак, акырын бассаң аксак” таризинде бааланууда.  

Коомдо Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ортосунда тиреш жаралып, ал күн сайын күчөөдө деген пикирлер да өсүүдө. Буга бир нече жагдайлар себеп болуп жатат. 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйыны болуп, анда укук коргоо, сот тармагындагы коррупциялык көрүнүштөр каралган. Президент дээрлик бардык укук коргоо, фискалдык органдарды, сот системасын катуу сындап, тез арада ишти жөнгө салып жыйынтык чыгаруу талабын койгон. Муну серепчилердин бир бөлүгү Сооронбай Жээнбековдун эски кадрлардан арылып, өз командасын куроого себеп болчу мыйзам ченемдүү кадам катары бааласа, башка бир бөлүгү ишке ашпаган куру кыйкырык катары эсептеп жатат.

Ажо убакыт менен атаандашабы?

Конституция боюнча Жээнбеков президент катары өлкөдөгү, мамлекеттик бийлик бутактарындагы чалкештенген кырдаалды жөнгө салууга, жарандардын бийликке карата жоголгон ишенимин кайтарууга укуктуу да, милдеттүү да экени талашсыз. Ошондуктан, президенттин сыны, кадрдык жүрүштөр, мамлекеттик башкаруудагы өзгөрүштөр – булардын баары тең зарылчылыктан келип чыккан табигый чечимдер болсо керек. Бирок, кимди укпа – баарынын айткан ачкыч сөзү “убакыт” болууда. Убакыт алдыңкы планга суурулуп чыгып, ажонун башкы атаандашы болуп калганы айтылууда. Бүгүнкү күндө Президенттин атаандашаар, күрөшөөр адамы Атамбаев да эмес, оппозиция да, жарандык коом да эмес. Ал – убакыт. Кимиси жеңип чыгат – аны да ошол эле убакыт көрсөтөт. Баары тең ажонун кадамдарын кескин сындап, тебинип тетирленбей, күтүүдө.

Экс-депутат, илимдин доктору Каныбек Осмоналиев убакыт президентке каршы иштеп жатат, андыктан чечкиндүү аракеттерге өтүшү керек деп эсептейт:

Жээнбеков VS Атамбаев: Мамиледе мандем барбы?— Президент Жээнбековдун 8-февралдагы Коопсуздук Кеңештин жыйынындагы катуу сөзү менде эки анжы ойду жаратты. Биринчиси, президент катары мындай сөздү айтууга милдеттүү болчу. Айтты, рахмат! Бирок, өтө эле кеч айтты. Анысына дагы шүгүр. Экинчиси, эч кандай конкреттүү чара көрбөй туруп алышы иренжитти. Эркекче айткандан кийин 1-2 күндүн эле ичинде күч органдарын аңтар-теңтер кылып койсо болот эле. Эл ишенмек! Ал турсун, алгач катуу кадрдык чараларды кескин көрүп туруп, анан Коопсуздук Кеңешти өткөргөндө жакшы болмок. Ага ким тоскоол болуп жатат? Гипотетикалык Атамбаевге кылчактабай эле койсун. Анын мурдагы саясый күчү жок да! Анын үстүнө ал “досум” деп айкырып жатпайбы? Демек, колдомок! Ошондуктан, Президенттин айткан сөздөрү кыргыздын баягы «айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле» дегениндей болуп калды. Эл азыр ишенбей бара жатат: «Баягы эле амалкөйлүк менен тил эмизмей турбайбы?” — деген. Убакыт азыр Президентке каршы иштей баштады. Жаз жакындаган сайын ал күчөйт!

Ал эми дагы бир экс-депутат, укук коргоочу Асия Сасыкбаева президент тарых алдындагы өз бейнесин тартууга киришип, таймерге старт бергенин белгилейт:

Жээнбеков VS Атамбаев: Мамиледе мандем барбы?— Сөз менен иш-аракеттер дал келбей калса тарыхта, элдин эсинде алсыз адам катары, чыныгы лидер болбой калды, ишенимден чыкты деген сөздөр менен жазылып калат деп ойлойм. Бирок, убакыт көрсөтөт – канчалык күчтүү, элине берилген, мамлекетин сүйгөн президент болоорун. Убакыт суудай тез өтөт. Мына, жакында мамлекеттеги биринчи кызматка келгенине 100 күн болду, бирок чечкиндүү иш боло элек, сөздөрдөн башка. Биз күтүүдөбүз. Жок дегенде түрмөдө олтурган адамдарга көңүл буруп койсо болмок. Мына, ГСИНдин кызматкерлери Текебаевди доктурга көрсөтпөй коюшту, Бектур Асановдун ден-соолугу начарлап кетти, бирок президент үн каткан жок. Өкүнүчтүү, анткени, дагы бир жолу кайталап коеюн, ал киши Кыргызстандын ар бир жаранынын президенти болгонун түшүнүшү керек, жараныбыз министр болобу же түрмөдө олтурабы – бирдей болуш керек. Ошондуктан, өз берген сөзүн талаада калтырбай, элге президент экенин көрсөтүш керек.

“Мекен Ынтымагы” партиясынын лидери Темирбек Асанбеков болсо президент бийик жоопкерчиликти моюнга алып жаткандан кийин, саясий эркин да көрсөтө алат го деп үмүттөнөт:

Жээнбеков VS Атамбаев: Мамиледе мандем барбы?— Жалпы коомго президент өзүнүн атынан өтө жоопкерчиликтүү милдетти жарыялады. Коррупция маселесин чечүү демилгеси жогорку бийлик трибунасында мурда деле болуп келген. Эгерде Сооронбай Шарипович саясый эрк көрсөтүп, атайын мыйзамдарды кабыл алып, коррупцияга каршы күрөшө ала турган өзгөчө комиссияны негиздеп, коом күтүп жаткан акыркы үмүттү актай албаса, саясый аренада өтө ыңгайсыз абалда калат. Адамдын ким экенин убакыт жана иш жыйынтыгы гана далилдейт. Ошондуктан, азырынча тоскоолдук кылбай, ишеним көрсөтүп, убакыт берели.

Мандем бар экенин каңкуулаган жагдайлар

Коопсуздук кеңешинен көп узабай ири калибрдеги кадрлардын кызмат тапшырмай парады башталды. Алгач УКМК алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы (УКМК төрагасынын орун басары) Дүйшөнбек Чоткараев кетип, ага кошо ал мекемедеги бир катар жетекчилик орундагы адамдар кызматынан айрылышты.

Президенттин аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов 26-февралда күтүүсүздөн отставкага кетээрин жарыялап, арызы президенттин кароосунда бир жума жатты. Маалымат кызматы алгач “Фарид Аблезимович кетпейт, бир жума эс алып кайра келет” деп жагдайды жымсалдаганга аракет жасаганы менен, Акүйдүн килеми астындагы кырдаалдын тынч эмес экендиги акырындап ырастала баштады. Бирок, Ниязов айтканынан кайткан жок, кетти, болгондо да президенттин колтугундагы жылуу ордун Атамбаевдин штабына алмаштырды. Анын кетиши саясий чөйрөдөгү “тиреш” талкуусун күчөтүп, көпчүп турган жерден баш баккан көк чөптөй болду. ММКлар экс-президент А.Атамбаевдин эң жакын үзөңгүлөшү болгон Ниязовдун жаңы аппаратта өгөйлөнө баштаганын, президентке кирип-чыккандарды тескеп-тейлеген чечүүчү эшик анын бөлмөсүнөн ооп кеткенин жазышууда. “Эс алып” келген Ниязов болбой эле көшөрүп туруп алды. Аягында түңүлгөндө президент да “куттуу жер куру болбойт, “кетем” деген кишини кармай албайм, жанымда бул орунга татыктуулар бар” деп каш серпти. Ниязовдун отставкасы 7-мартта кабыл алынды.

Бирок, Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ортосунда эч кандай ажырымдын жоктугун КСДПнын тарапташтары айтууда. Алардын бири КСДПнын  саясий кеңешинин мүчөсү, ЖКдагы фракция лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров:

Жээнбеков VS Атамбаев: Мамиледе мандем барбы?— Мындай сөздөр айрым ММКлар тарабынан чыгарылып жаткан негизсиз сөздөр. Сооронбай Шарипович да, Алмазбек Шаршенович да бири-бирине каяша айтышкан жок. Мен экөө менен тең жолугушуп, баарлашып турам – андай мамилени байкаган жокмун. Экөөндө эки башка команда болушу мүмкүн эмес, командалары бир, экөөнү тең КСДП бириктирип турат. Ал эми Фарид Ниязовдун кызматтан кетишинде саясат жок деп ойлойм. Анткени ал өзү айтпадыбы “партиялык иштерди улантуу үчүн кетип жатам” деп. Ошондуктан, аны башкача жоромолдоп, “андай эмес, мындай” дей албайм – деген пикирин билдирди депутат.

Ал эми коомдук ишмер Эдил Байсаловдун пикиринде Ниязовдун КСДПнын ишин улантам деген себеп менен кетип жатышынын артында узак мөөнөттүү пландар камтылган болушу мүмкүн. Анткени экс-президенттин командасы КСДП аркылуу чечим кабыл алуучу борбор түзүүгүө ниеттенишүүдө.

“Бирок, КСДП жүз пайыз Атамбаевди колдойт деп айтуу кыйын. Анын ичинде президенттин иниси Асылбек Жээнбековдун тарапташтары, Атамбаевге да, Жээнбековго да таарынган Чыныбай Турсунбеков сыяктуу күчтөр бар”, – дейт Э.Байсалов.

Темирбек Асанбеков болсо эки үлкөндүн ортосундагы мамиледе мандем бар деп айтууга азырынча эрте деп эсептейт. Президент да, экс-ажо да саясий жактан такшалган адамдар болгондуктан, майда-барат маселелер үчүн келишпестиктерге барышы мүмкүн эмес:

— Саясаттын жогору деңгээлинде таасири күчтүү адамдардын айлана чөйрөсүндө ар түрдүү талкуулар боло берет. Бирок, анык туура маалыматты бул эки адамдан башка эч ким билбейт. Ал эми Фарид Ниязовдун кызматтан кетишинин алгачкы себеби, аппарат кызматкерлеринин арасындагы ич ара келишпестиктер болушу мүмкүн. Экинчиси, КСДП партиясынын алдыдагы аткарыла турган саясый стратегиялык иштерин улантуу маселесине байланыштуу… Кандай болгондо да, жогорку бийлик бутактарындагы жооптуу адамдар бир кайыкта отурушат, көптөн бери биргелешип чогуу аткарган иштери жана милдеттери менен тыгыз байланышта. Ошондуктан, терең ойлонбой туруп, саясый келишпестиктерге жол беришсе, КСДП партиясы өтө ыңгайсыз абалга келип такалат. Сооронбай Шарипович менен Алмазбек Шаршенович саясый тажрыйбалары өтө такшалган адамдар, андай саясый оюндарга жол бербөөгө аракет кылышат.

Кызык жараткан макала

Бул арада, тагыраагы 6-мартта, Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Алмазбек Курманалиевдин АКИпресске жарыяланган сын пикири өзгөчө кызык жагдайды жаратууда. Курманалиев макаласында “Сооронбай Жээнбеков мурунку президенттин тушундагы коррупцияга каршы жүргүзүлгөн иштерди жокко чыгаруу аракети бар, анын укук коргоо органдарын айыптаганы орунсуз, мунун артында саясий оюн бар” деген ойду айткан. Автор, ошондой эле, Атамбаев коррупция менен катуу күрөшкөнүн, жыйынтыктары жакшы болгонун кайра-кайра кайталап, президент өз аракеттери менен өлкөнү туруксуздукка түртүшү мүмкүндүгүн эскертет.

Алмазбек Курманалиев Коопсуздук кеңешинин катчылыгына 2017-жылы Алмазбек Атамбаев тарабынан дайындалган болчу. Катчылык кызматын 1,5 айдай аркалап, өткөн жылдын 18-декабрында “өз каалоосу” менен кеткен. Коомчулукта бул макала менен анын авторунун эски команданын Сооронбай Жээнбековго карата эскертүү милдетин өтөп жатканы айтылууда.

Эгерде Фарид Ниязовдун “кожоюн” которушу менен Алмазбек Курманалиевдин “талкалоочу” макаласынын кандайдыр бир байланышы бар болсо, анда президенттин кийинки кадамдары атамбаевдик команданы кабатырга салып жатты бекен? Мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев “Азаттыкка” берген маегинде А.Курманалиевдин макаласынын чыныгы авторлору башкалар болушу мүмкүн деп божомолдойт.

Жээнбеков VS Атамбаев: Мамиледе мандем барбы?— Курманалиев мындай материалды жазып чыкмак эмес. Менимче мунун артында мурдагы аппарат башчы Фарид Ниязов турат. Тексттин стили ошонукуна окшошуп турат. Мүмкүн жамааттык негизде чогулуп, отуруп жазышса керек. Президент өткөндө укук коргоо органдарынын жетекчилери жакшы иштебей жатканын, коррупцияга өздөрү малынып калганын айтып, акыйкат сындаган болчу. Бул материал ошого жооп катары даярдалып, эскертүү берилиптир. Анда ачык эле «эгерде ушундай жол менен кете турган болсоң, анда Кыргызстанда туруктуулук жоголот» деп коркутуу менен белги берилгени көрүнүп турат – дейт экс-Омбудсмен.

Кадрдык жүрүштөр

Дүйшөмбү күнү Өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиев кызматын тапшырды. Ал бир катар эл аралык документтерди даярдоодо алешемдиктерге жол бергени үчүн өз каалоосу менен кеткенин билдирди. Ал мыкты уюштургуч, тажрыйбалуу аппаратчы катары сыпатталат. Бирок, ошол эле учурда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүл баласы катары да белгилүү. Анын ташы 2010-жылдан кийин өр тартып, кадр кызматын эки жолу жетектеп, Өкмөттүн аппаратында жетекчи орун басары, жетекчиси кызматтарын аркалап келди.

Нурханбек Момуналиевге катар анын орун басары, аппараттын эки бөлүм башчысы кызматынан алынып, ондон ашуун министрлер менен статс-катчыларга сөгүштөр берилди. Алар: Саламаттык сактоо министри Т.Батыралиев, Экономика министри А.Новиков, Айыл-чарба министри Н.Мурашев, Билим берүү министри Г.Кудайбердиева, Каржы министри А.Касымалиев, Юстиция министри У.Ахмедов, Энергетика, өнөр-жай комитетинин башчысы У.Рыскулов, Айлана-чөйрөнү коргоо жана экология агенттигинин директору А.Рустамов, Курулуш, архитектура агенттигинин директору Б.Абдиев ж.б. Бул жагдайды Өкмөттүн кадрдык кризиске тушугушу катары сыпаттагандар да бар. Ал эми чет элдин билимине сугарылган жаш кадрларды жанына ченемсиз топтогонуна карабай Өкмөттүн ишин өдөлөй албаганы жана жемкордук, шылуундук, шалаакылык сыяктуу чуулуу иштерде аты такай аталып келаткан адам катары премьер-министр Сапар Исаковдун өзүнүн карьерасы жөнүндө маселе да жакынкы мезгилдерде көтөрүлүп калышы мүмкүн. Анын үстүнө ал да Алмазбек Атамбаевдин өстүргөн ишенимдүү кадрларынын бири жана азырга чейин эски “кожоюнунун” таасири астында иштеп жаткан чиновник экени көп айтылат.

Жаңы командадан өз ордун таба алышпаган кадрлардын акырындап сүрүлүп чыгып жатышы кантсе да Кыргызстандын саясий талаасында тектоникалык жылышуулар, олуттуу кыймылдар жүрүп жатканынан кабар берет. Бирок, социалдык тармактарда УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаев, Баш прокурор Индира Жолдубаева,  ИИМ башчысы Улан Исраилов сыяктуу Атамбаев тараптагы таасирдүү өкүлдөр эмне үчүн дале кыймылдабай отурушканына көп кызыгышат.

Кубатбек АЙБАШОВ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты