Аскар Салымбеков — Бразилия мамлекеттик Рио Бранко ордени менен сыйланды
- 7 лет мурун
- Блог
Кыргызстандын Бразилиядагы Ардактуу консулу Аскар Салымбеков Бразилия Федеративдик Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы—Рио Бранко ордени менен сыйланды. Бул тууралуу “Дордой” ассоциациясынын басма сөз катчысы Нарынбек Султангазиев кабарлады.
Аскар Салымбековду сыйлоо тууралуу чечим Рио Бранко орденинин Кеңешинин жылдык жыйынында кабыл алынган.
Бул орден А. Салымбековго Кыргызстан менен Бразилиянын ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык өнүгүүгө, спортту, эки өлкөнүн эл аралык спорттук байланыштарын өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн ыйгарылды.
Рио Бранко ордени менен Чехиянын мурдагы президенти Вацлав Гавел, легендарлуу футболист Пеле, БУУнун экс башкы катчысы Пан Ги Мун ж.б. сыйланышкан.
Маалымат үчүн: Ордендин кылымдап келаткан тарыхы бар, ал ак ниет кызмат кылгандарга жана Бразилия менен дипломатиялык, жарандык кызматтарына байланыштуу ыйгарылат. Бразилия жарандары жана чет өлкөлүктөр сыйланат.
Бразилиянын президенти ордендин гроссмейстери жана ал чечим чыгарат, тышкы иштер министри-канцлер болуп саналат. Ордендин ишин Орден кеңеши башкарат, кеңеш жылына бир жолу чогулат.