3,3 килограмм алтын куймасын мыйзамсыз ташып чыгуу фактысына бөгөт коюлду

  • 19 часов мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан 17-сентябрда Казакстанга бараткан «Кең-Булуң» көзөмөл-өткөрүү пунктунда «Лексус 470» үлгүсүндөгү автомашина кармалды. Текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгуу үчүн тиешелүү документтери жок жалпы салмагы 3,3 кг алтын куймалары жашырылган жай аныкталды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Алтын куймалары 30 миллион сомдон ашык суммада деп бааланды.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралардын алкагында республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо, ошондой эле курамында алтын бар металлдарды контрабандалоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер уюштурулууда.

3,3 килограмм алтын куймасын мыйзамсыз ташып чыгуу фактысына бөгөт коюлду

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты