Америкада кыргыздын атын чыгарган Астра

Астра Рахматилла кызы  “Дүйнөдө тынчтык болсун!” деп кыргызча жаздырып, Американын окуу жайына илдирди

Америкада кыргыздын атын чыгарган АстраАйылдык кыздардын көбү мектепти бүткөндөн кийин бирдей жашоо ыргагына өтүшөт эмеспи. Бирок бул кыз айылдык кыздардын  турмушун башка нукка бургусу келип,  ал кыялын ишке ашырууда. Астра Рахматилла кызы Американын SMU-Southern Methodist University университетинде  жылына 48 миң доллар стипендия алып окуйт жана сабактан кийин ассистент болуп иштейт. Эмесе, башкача жашоону баштан өткөрүп жаткан кыздын баянына көңүл буруңуздар. 

Өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз?
—Мен 1993-жылы 22-мартта Баткен шаарында туулгам. 10 жашка чейин Кызыл Бел айылында чоңойгом. 10 жашымдан 14 жашка чейин Баткен шаарындагы орус мектепте окуп, таене-таятамдардын колунда чоңойдум. 6-классты бүтүп, Оштогу Кыргыз-Түрк “Себат” кыздар лицейине тапшырып, 11-классты ошол жактан бүтүрдүм. Окууну бүтүп, 19 жашымда Америкага колледжге тапшырып, 5 жылдан бери бул жакта билим алуудамын. Атам Максутов Рахматилла салык кызматында иштесе, апам Жамийла мектепте китепканачы. Баткенде турушат. Беш бир тууганбыз. Эки байкем, бир эжем, бир иним бар. Улуу байкем үй-бүлөсү менен Германияда, андан кийинки байкем — эки жылдан бери Америкада. Эжем Баткенде турат, үй-бүлөлүү, 3 баланын энеси. Иним быйыл 11-классты бүтүрөт.

— Америкада кандайча окуп калдыңыз?
—Оштогу лицейди бүтүргөндөн кийин Америкадагы коммунити колледжине тапшырып, 3 жыл окуп, орто билимге ээ болдум. Колледжге тапшыруумдун себеби, Америкадагы университеттер аябай кымбат, эң арзаны 25 миң доллар. Бирок билим берүү системасы биздикинен айырмаланып турат, колледж менен университеттин алгачкы 2-3 жылы окшош сабактар. Болгон айырмасы сабактардын — баасы. Колледждеги бир сабак 500-700 доллар болсо, университетте 3-5 миң доллар. Америкада бакалаврды бүтүрүш үчүн 120 кредит толтуруу керек. Мен азыр 60 кредит толтуруп, бааларымды жакшы кылып, университетке стипендиялык негизде окуу үчүн тапшырдым. Университеттер абдан көп, мамлекеттик окуу жайлар арзан, бирок стипендиясы аз. Колледжден университетке которулгандан кийин 3-курстан улантып кетсе болот. Менин азыркы окуп жаткан университеттин аты SMU-Southern Methodist University, жеке менчик университет, контракт жылына 48-50 миң доллар. Эгер окуу жайдын жатаканасында жашай турган болсоң, тамак-ашка кошумча 10 миң доллар беришиң керек. Мен 48 миң доллар өлчөмүндө стипендия алам, бул менин бир жылдык контрагымды жабууга кетет. Окууну бүткөнчө 230 миң доллар стипендия төлөшөт. Бирок бардык эле студенттерге бере беришпейт. Жакшы окуган 25 студенттин ичинен баарлашуу аркылуу 10 студентти тандап алышат. Анан дагы алардын бааларына, канча кредит толтурганына, айрыкча коомдук иштерге катышканыңа, ыктыярчы болгонуңа көңүл бурулат. Мен ошол 10 жеңүүчү студенттин бири болдум. Бул ийгиликке жакындарымдын колдоосу, өзүмдүн аракетимдин аркасында жетиштим. Окууга тапшырып жатканда “Кантип өтмөк элең, акчаң жетпейт, өтө бийик учпа, жыгылсаң катуу түшөсүң” дегендер да болду. Мен өзүмө ишеничим чоң болчу, Кудай буюрса баары жакшы болот деп колумдан келгенин жасадым. Ошентип, кичинемден берки кыялым ишке ашып, окууга өттүм. Албетте, бул оңой болгон жок, башкалар ойноп жүргєндө китептерди окучумун. Өткөн жылы университетиме 100 жыл толду. Джордж Буштун аялы, балдары ушул жерде окушкан. Джордж Буш бүтүрүү кечелерине келип сөз сүйлөп кетет.

— Кайсы багытта билим алып жатасыз?Америкада кыргыздын атын чыгарган Астра
— Бухгалтерия жагынан. Анткени бухгалтер болсоң бардык жакта жумуш таап кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Анан дагы атамдын кесиби да бухгалтер, ошондон улам да кызыгып калгам. Апам китепканачы болгондуктан, жомок китептерди көп окуп берер эле. Жомок угуп жатып каармандарды элестете берчүмүн. Менимче, жаш балдарга кичине кезинен жомок айтып берүү алардын ой-жүгүртүүсүн өрчүтүп, кыялдануусуна түрткү берет. Ойлоп көрсөм, менин кыялдарымдын баары ошол жомок уккандан кийинки кыялымдан башталыптыр. Кийин тамга тааныганымда өзүм ар кандай китептерди окуй баштадым. Ата-энем дагы китепти көп окушкандыктан, кээде бир китепти талашып кеткен учурлар болчу.

—Азыркы деңгээлге жетүүнүн сыры да ушундан уламдыр…
—Ооба, айрымдардын “кызыңды окутуп эмне кыласың” дегенине  карабай лицейге окутушту. Атам “силердин билим алып, жакшы адам болушуңарды каалайм” деп көп айтат. Кичинемден айланама карап ой-жүгүртүп, өзүмө суроо салчумун. Байкасам  кыздар 11-классты бүтүп, окуганы окуп, окубаганы турмушка чыгып, балалуу болуп, өмүр бою окшош турмушту баштан кечирип калат экен. Мен башкача жашагым келди. Жашоомдун маңыздуу өтүшү үчүн көп окудум. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов “Ааламга кетчү жол айылдан башталат” дегендей, мен дагы ааламга сапарымды айылдан баштадым. Башка адамдар кандай жашайт деп аябай кызыкчумун. Мына азыр ошонун баары ишке ашып, башка улуттар менен таанышып, салттары, маданияты, тили менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлүп отурат. Учурда Техас штатындагы Даллас шаарында жашайм. Ар күнү сабактан кийин кампуста студент-ассистент болуп иштейм. Дем алыш күндөрү кафеде иштейм. Америкага келгенден бери өзүм иштеп, ата-энемден акча сурабаганга аракет кылам.

—Башка мамлекеттеги жашоо сизди өзгөрттүбү?
—Америка мени өзгөрттү десем болот. Биринчиден, өз алдымча жашоого үйрөттү. 20 жашымдан бери бул жакта жалгыз болгонум үчүн жашоодо кандай гана кырдаалдар болбосун, өзүм чечүүгө аракет кылам. Экинчиден, өз алдымча бутума турууга үйрөндүм. Бул жакта унааң болбосо кыйын экен, келгенимден бир жылдан кийин айдоочулук күбөлүк алгам, ошондон бери унаа айдайм. Сабакка барып, иштеп, үй жумуштарын кылып, дүкөнгө барып, унааң бузулуп калса оңдотуп, тапшырмаңды аткарып – баарына жетишсең болот. Анан дагы патриоттук сезимиң ойгонот экен. Кыргызстанды таанытуу үчүн өтө чоң нерселерди кылдым деп айта албайм, бирок колумдан келишинче аракет кылып жүрөм. Эл аралык фестивалдарда кыргыз улуттук көйнөгүн кийип, комуз чертип катышам. Андан сырткары, колледжиме кыргыз тилинде “Дүйнөдө тынчтык болсун” деп жаздырып, илдирдим.

Америкада кыргыздын атын чыгарган Астра—Айтсаңыз, бир күнүңүз кантип өтөт?
—Эртең менен эрте туруп сабакка барам, андан кийин жумушка барып 2-4 саат иштейм. Анан китепканага барып сабак окуйм. Кээде чуркайм, кечинде үйгө келип тамак жасап, бир аз эс алып, кайра сабак окуйм. 1-2 жумада бир досторум менен чогулуп, эс алып келем.  Каникул узак болсо башка штаттарды кыдырам.

—Башка элдин маданиятына аралашуу кыйын болгон жокпу?
—Башында кыйын болду. Бирок америкалыктар кичипейил келишет экен. Ар дайым жылмайып жүрүшөт, жардам сурасаң тажабай кайра-кайра түшүндүрө беришет. Анан көчөдө бараткан адам сени тааныбаса да салам берип, кутман күн каалайт. Мени таң калтырган нерселердин бири —сабакта мугалим бир нерсе айтканда студенттер ал ойду туура эмес деп, оюн түз айта алганы. А бизде андай эмес го. Дагы бир нерсе, ал жакта адамдар 40-50 жашка чыкканына карабай, билим алганына таў калгам.

—Кыйын учурларда эмне кыласыз?
—Бул жакка эмне үчүн келгенимди элестетем. Анан ушунча жолду басып өтүп, баарын таштап коюуга болбойт деп, өзүмдү өзүм сооротом, өзүмө күч топтойм.

Гүлшайыр Сабырбекова

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты