«Тигүүчү керек» деген жарнакка толгон Бишкек же тигүү цехин ачуу өзүн актайбы?
- 7 лет мурун
- Маек
Кай жакты караба «тигүүчү керек» деген жарнак толтура, «маянасы жогору, ар ишемби сайын берилет» деп чакырып турат. Андыктан биз тигүүчүлүк бизнеси канчалык кирешелүү экенин, ал бизнести ачуу үчүн канча каражат керек болорун аныктап көрдүк.
«Тигүү цехин ачууга тигүүчүлүк менен алектенген адам гана умтулат» дейт чакан тигүү цехинин жетекчиси Таалай Стамов.
Ал мындан 12 жыл мурун Россияда иштеп жүрүп, бала-чака чоңойгону бул жактан чакан иш баштаган,«Дордойдон» орун алып, алгач өзлөрү өздөрүнө кардар болгон. Биринчи капитал–250 миң сом эле. Бул каражатка тигүүчү машиналарын, кездеменин четин тиге турган— оверлок машина, топчу кадагыч, кайчы, жип, үлгү-лекало столун, үтүктөө столун, маркер, төөнөгүч ж.б. буюмдарды сатып алган. Бир мекемени ижарага алып, тигүүчүлөргө бардык шарттарын түзүп, 50дөй жумуш орунун камсыз кылган.
—Биз баштаган мезгилде атаандаштык аз болчу, продукциябыз Россиянын бардык шаарларына, Казакстан, Өзбекстанга чейин кетчү. Тигүүчүлөрдүн көптүгүнөн кезекке туруп иштешчү. Азыр цехте 20 эле машина иштейт, тигүүчүлөр абдан аз, анткени көбү чет жакка иштеп кетишти. Атаандаштыкка туруштук бере албай, көп ишканалар жабылды. Бирок тигүүчүлөрдүн маянасы жакшы, бир күндө орточо эсеп менен 1200 сом табышы керек, ал ар бир тигүүчүнүн ылдамдыгына жараша болот, андан да көп алгандар бар. Жуманын аягында ар ишемби сайын акчасын алышат, демалыш күнү эс алышат. Орточо эсеп менен айына 28-30 миң сом алышат.
Тигүү бизнесин кантип баштоо керек?
—Бизнес ачам дегендер патент алышы керек, бажы кызматына жана өрт өчүрүүчүлөргө, электр жарыгына, анан ижарага кеткен чыгым. «Мен ачып аткан убакта корогон 250 миң сомду үч айдан кийин актап алгам” деди Т. Стамов.
—Тигүүчүлүк базары абдан кенен, ал дарамети бар жана тиккенди билгендерге дайыма ачык. Эң алгач эмне тигериңизди чечип алышыңыз керек. Кыргызстанда гана эмес, башка жактарда да даярдалган буюмдардын көптүгүнө карабай, эгер сиз тиккен буюм эксклюзивдүү, оригиналдуу болсо, анда аны сатып алуучулар табыларына ишенишиңиз керек. Эгер сиз тажрыйбалуу тигүүчү болсоңуз, анда бардык нерселерди тиккенге кызыгасыз, бирок бизнес ачарда бир тармакты тандап алсаңыз жеңилирээк болот. Эгер сиз бир тармакта кетсеңиз, сизди адис катары кабыл алышат.
Тигүүчүлөрдүн жумуш оруну
—Тигүүчүлүктүн кайсы бир тармагын тандабаңыз, ал терезе парда же үлпөт кийимин тигүү болобу, кесипкөй катары саркеч кийинки тенденция, стиль, кездеменин түрлөрүн билишиңиз керек. Тигүүчүлүк шыгыңыз, сезимиңиз жакшы болушу керек. Тигүүчүнүн эң негизги шайманы болуп тигүү машина эсептелет. Аны сатып алууда баасына карабай сапаттуусун алсаңыз, ал буюм сизге көпкө чыдайт жана иштегенге ыңгайлуу да болот. Тигүүчү машиналар 10 миң сомдон жогору баада. Мындан сырткары кийимдин четин тигүүчү—оверлок машина да керек, ал 17 миң сомдон жогору турат. Булардан башка да топчу кадагыч, үлгү-лекало столу, үтүктөөчү стол, кайчы, маркер, төөнөгүч, ийне, жип, метраждык кездеме, метр, күзгү керек болот.
Кардарды издөө
—Эң башында интернет, ММК аркылуу жарнамалап кардар чогултсаңыз болот. Кийин сапаты жакшы болсо, тааныштын таанышы болуп көбөйүп калат. Чет жактан буйрутмачыларга да интернет аркылуу байланышып, келишим түзсөңөр өтө ыңгайлуу.
Тигүүчүлөр эмне дейт?
Кайырса Бекбоева, тигүүчү, Бишкек:
—Ыгын тапкандар иштетип жатышат. Эгер өзүңдүн менчик жериң болсо, анда кичине жеңилирээк, анткени мекеме издеп убара болбойсуң, ижара да төлөбөйсүң. Тигүү машиналардын сырын билиш керек, моторунан баштап ийне-жибине чейин көзөмөлдөп туруп сатып алуу керек. Жумушка ишин мыкты билген механикти жана технологду алсаң, күйбөйсүң деп ойлойм. Менин оюмча, кол алдыңда иштегендерге шартты жакшы түзүп берсе, бардыгы жайында болот.
Гүлбарчын Чотукеева, тигүүчү, Бишкек
—Мен убагында жакшы эле иштеткем, азыр айта албайм, жаап салганбыз. Анткени бардык жакта кризис. Азыр катардагы тикмечи болуп иштеп жатам. Мен бул иштин терс жактарын айта кетсем, машинанын дарылдап иштегени мээни жейт, ал жетишпей жаткансып, кээ бири музыка да коюп алышат. 12 саат иштейбиз ошондой ызы-чууда. Кээ бир буйрутмачылар ишин толук бүтүрүп алгандан кийин акчасын кечиктирип берет.
Асел Кумусбекова, тигүүчү, Ысык-Көл облусу:
—Азыр шаардын чет жагында бардык шарттары менен тигүү цехтери жатаканасы менен курулуп жатканы кубандырат. Мен ошондой цехте иштейм. Айылдан келип иштегендиктен, ыңгайлуу. Чарчап келгенде бирөөгө тоскоол болбой уктап каласың өз бөлмөңдө, жолго да убактың коробойт.
Тигүүчү болууну каалагандар үчүн шаарда кыска убакта окутуп-үйрөтө турган курстар ачылган. Ал жактан 3000 сом төлөп, эки жуманын ичинде «Тигүүчү» деген сертификатка ээ болосуз. Ал эми шаарда каттоосу барлар үчүн бул курс акысыз да окутулат, аны билүү үчүн ар бир райондук акимчиликке барып тактасаныз болот.
Эльвира Какиева