Хабиб Арзыкулов: “Кедей да, бай да эмес, орто жашаган үй-бүлөлөр кайрымдуу”

Хабиб Арзыкулов: “Кедей да, бай да эмес, орто жашаган үй-бүлөлөр кайрымдуу”“Элим, барсыңбы?” кайрымдуулук фондунун жетекчиси кайрымдуулук, мээримдүүлүк сапаттары тууралуу жана  каражатты кантип топтой тургандыгын айтып берди. 

—Хабиб агай, өзүңүз жөнүндө кыскача айтып берсеңиз?

—Мен Баткендин кулунумун. Атам — мамлекеттик кызматкер, кесиби — юрист. Апам болсо үй кожейкеси. Төрт бир тууганбыз, алар дагы үйлүү-жайлуу. Мен да ұй-бүлөлүүмүн, эки кызым бар. Кесибим — юрист, Баласагын атындагы университетти  бүтүрүп, магистратураны И.Арабаев университетинен аяктадым.

Кайрымдуулук ишине кантип аралашып калдыңыз? Бул багытта фонд ачуу демилгеси кайдан келди?

—Жаш ишкерлер ассоциациясында ишкерлер менен иштешип жүрүп, 2008-жылы кайрымдуулук фонд ачылган. Мен 2013-жылдын аягында төртүнчү аткаруучу жетекчи болуп шайланып келип, иштем жатам.

Кайрымдуулук фондунан башка да алектенген ишиңиз барбы?

—“Элим, барсыңбы” кайрымдуулук фондунан тышкары дагы бир “Куттуу багыт” коомдук фондду ачканбыз, мамлекет менен биргеликте мектеп интернат ачып, 200дөн ашык жетим балдарды тарбиялап келебиз.

Фондубуз 2008-жылы алгачкы иш-чараларын баштап, ошол карылар, майыптар, жакыр үй-бүлөлөр, жетим балдар жана оорукчан мекендештердин операциясына тыйын топтоо менен беш тармакта иш алып барып келет. Каражатты жалпы элден, көбүнчө акциялар аркылуу жергиликтүү ишкерлерден топтогонго аракет жасайбыз. Бул дагы ар кандай жолдор менен жүрөт.  Кыска номер аркылуу смс жөнөтүү жолу менен, дүкөндөрдө турган кутучалар аркылуу. Андан кийин ишкерлерге түздөн-түз кайрылуу менен.

—Чет өлкөдөн демөөрчүлөр барбы?

—Сырттан тыйын албай эле көбүнчө жергиликтүү мекендештер менен бирге иштейбиз. Биз кызматташкан экинчи тарап чет жактагы мекендештер. Ошол өлкөсүн сагынып, патриоттук сезим пайда болуп, байма-бай өздөрүнүн жардамын жиберип турушат. Андан тышкары жеке демөөрчүлөрүбүз бар. Эл-жерин сүйгөн, эч кандай саясатка аралашпаган жөнөкөй гана ишкерлер. Ал ишкерлер өз салымын кошуп, биздин маянабызды, офис ижарасын төлөп келишет. Бардык чыгашаларыбызды ишкерлер көтөрөт. Биздин башкаруу кеңешинде ишкерлер бар. Эл аралык компаниялар менен иштеше элекпиз. Буюрса максаттарыбыз бар. Бирок чет жердеги мекендештер Америка, Европа, Россия, Корея, Түркия мамлекеттериндеги мекендештер менен иштешебиз. Араб өлкөлөрүндөгү уюмдар менен жаңыдан кызматташалы деп атабыз.

Кандай акция кылып топтогон болсок, топтолгон каражаттын баары муктаждарга жумшалат. Эмнеге дегенде жеке өзүбүздү каржылаган кишилер бар.

—Жардамга муктаждарды кайдан табасыздар же өзүлөрү кайрылабы?Хабиб Арзыкулов: “Кедей да, бай да эмес, орто жашаган үй-бүлөлөр кайрымдуу”

—Жардамга муктаж кишилер бизге  өзүлөрү кайрылышат. Социалдык изилдөө жүргүзөбүз. Чыныгы муктаждарды карап чыгабыз. “Элим, барсыңбы?” кайрымдуулук фондунун Бишкекте онго жакын, жер-жерлерде онго жакын  кызматкер бар, жалпысынан жыйырмага жакын кызматкер иштейт. Аларга маяна төлөп берген туруктуу ишкерлерибиз бар. Кээ бирлери офистин ижарасын беришсе же  сатып алып белекке беришкен. Фонддун бир гана Баткенде өкүлчүлүгү жок, калган бардык областтарда бар. Мүмкүнчүлүккө жараша  социалдык көйгөйлөр боюнча жергиликтүү бийлик, Социалдык өнүктүрүү министрлиги менен кызматташканга аракет жасайбыз. Мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша көбүнчө Чүй аймагы жана Бишкек активдүү.  Калган областтарда социалдык маселелер боюнча ишкерлерди табуу бир аз кыйыныраак.

—Фонддун алкагындагы акциялар тууралуу айтып берсеңиз?

—Фонддун алкагында “Куттуу багыт” коомдук фонду бар. Анын карамагында 71 мектеп интернаты жана бир балдар үйү бар. Жалпысынан 304 бала карап атабыз.“Бир окуучу— бир демөөрчү” деген ураан “Куттуу багыт” коомдук фондуна тиешелүү. Бул фондго дагы өзүм жетекчимин. Жетим, жарым-жартылай жетим  жана ата-эне укугунан ажыраган балдарды 10-14 жашында кабыл алабыз.Дени сак, акылы толук балдарды кабыл алабыз. Буларды да соттун чечими менен жергиликтүү социалдык кызматкерлердин катышуусу менен камкордукка  алабыз. Ошол мектеп, интернат же балдар үйүнөн 18 жашка чейин кесиптик багытка үйрөтүп, чач тарач, ашпозчу, тигүүчүлүк дегендей,кесиптерге үйрөткөнгө аракет жасайбыз. Мамлекеттин 18 жаштан кийин мындай балдарга көбүнесе долбоору жок. Кыргызстан боюнча жетим балдардын саны сексен минден жогору деп айтылат. 15 000дей баланын жыл сайын ошол балдар үйлөрүнөн 700-800 бала бүтүрөт экен. Алардын 80 пайызы туура эмес жолго, криминалдык чөйрөгө, кыздарыбыз сойкулук менен алектенип кетишет экен. Ошолорду жоюу иретинде балдар менен иштешүүнү баштаганбыз. “Куттуу багыт” фонду 2013-жылы ачылып, 2014-жылы сентябрь айынан баштап иштей баштады. 71-мектеп-интернат президентибиз А. Атамбаевдин демилгеси менен ачылган. Азыр 200 бала тарбиялап атабыз. Жыл сайын 80дей бала кабыл алабыз. Андан кийин университетке окутабыз, жумуш таап беребиз, үйлөнтөбүз. Толук кандуу бир мамлекетке пайдалуу жаран катары.

—Кайрымдуулукту көбүнчө кимдер кылат?

—25-45 жаштар арасындагы адамдар жасашат. Көбүнчө орто үй-бүлөлөр кайрымдуу,  өтө бай дагы, кедей дагы эмес. Өтө байлар сараң болуп калабы, билбейм.  Ишкерлерди кайрымдуулук жасаганы боюнча үч түргө бөлөм: Бал аарысы сыяктуу, бал аарысынан сурабасаң деле келип берип, балын жасай берет, эл ала берет, аны  токтотуп койбойт. Экинчиси, кебез же губка сыяктуу. Канча барып түшүндүрөсүң, айтасың. Сыккан сайын чыгат. Үчүнчүсү, таш сыяктуу,  канча  сурасаң деле эч нерсе чыкпайт. Ишкерлер да ар түрдүү болушат. Кээ бирлерине жеке мамиле кыласың, аларды майрамдарда куттуктап  колдон келишинче. Анан  көбүнчө жашынан берип үйрөнгөн чоңойгондо дагы бере алат же болбосо аз кезде берип үйрөнгөн көп кезинде дагы бергенге март келет экен.  Адамды жаш кезинен мээримдүүлүккө, боорукерликке, кайрымдуу болууга үйрөтүш керек экен.

Маектешкен Жаркын Муратбекова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты