2024-жылдын 8 айында өрт кырсыгынан 35 адам каза болгон

  • 4 дня мурун

Бүгүн, 2-октябрда, Жогорку Кеңеште “Дене тарбия жана спорт тууралуу” мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталды. Мыйзам долбоорунда өрт өчүрүү кызматында иштеген аскер кызматчыларына, жарандык кызматкерлерге, жалданып иштегендерге дене тарбия жагынан даярдыгын жогорулатуу экени белгиленди.    

Анда баяндама жасаган Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов буларга токтолду:  

“Бүгүнкү күндө республиканын аймагында бардыгы болуп 91 өрттөн куткаруу бөлүктөрү бар, алардын 36сы аскер кызматчылары жана 57 жарандык персонал менен толукталат. 2022-жылы 3337 өрт катталган, андан 29 адам каза болсо, 2023-жылы 3498 өрт кырсыгы катталып, 32 адам каза болгон, 2024-жылдын 8 ай ичинде эле 3497 өрт кырсыгы катталып, 35 адам каза болгон” деди ал.  

Жогорку Кеңештин жыйынында “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Иллюстрациялык сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты