2022-жылы дүйнөдө глобалдык ачарчылык болот деген божомол бар. Бирок Россиянын өкүлү бул маселеге жалгыз Американы күнөөлөп, маалыматты бурмалаган (Фактчекинг)

20-май күнү “Zobolo.kg” сайтында “2022-жылдын этегинде глобалдуу ачарчылык башталабы?” деген маалымат жарыяланган. Анда бул билдирүүнү Россия президенти Владимир Путиндин жардамчымсы айтканы жана ага Батыштын “жоопкерчиликсиз саясаты” себеп боло тураганы белгиленет. 

2022-жылы дүйнөдө глобалдык ачарчылык болот деген божомол бар. Бирок Россиянын өкүлү бул маселеге жалгыз Американы күнөөлөп, маалыматты бурмалаган (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

19-май күнү Россиянын президенти Владимир Путиндин жардамчысы Максим Орешкин “Новый горизонт” билим берүү марафонунда экономикалык маселелерге токтолгон. Анын айтымында, көптөгөн экономикалык санкцияларга карабастан Россия жумушсуздук жана инфляция маселелерин ийгиликтүү жөнгө салып жатканын айткан. 

Мындан сырткары Максим Орешкин 2022-жылда боло турган глобалдуу ачарчылык жөнүндө да сөз кылган. Анын айтымында глобалдык ачарчылыктын негизги себеби АКШ менен Евробиримдиктин шашылыш саясий чечимдери болот.

“Быйыл боло турган глобалдык ачарчылыктын негизги себеби — бул АКШнын, Евробиримдиктин шашылыш экономикалык аракеттеринин натыйжасында болот. Белгилүү болгондой, болжол менен 2020-жылдын орто ченине чейин дүйнөлүк рынокто буудайдын баасы бир топ туруктуу болуп, керектөөчүлөргө да, өндүрүүчүлөргө да ылайыктуу болгон. Бирок долларлардын туруксуздугунан улам, 2020-жылдын июлунан баштап, кыйла кескин өсүш мезгили башталды. Баалардын өсүшүнүн болжол менен 60% Американын экономикасында күрөөсүз долларды жөнөкөй басып чыгаруунун натыйжасы болгон. Акчанын чоң массасы европалык рынокто газдын жетишсиздигине алып келди. Газдын кымбатташы, жер семирткичтерди өндүрүүнүн азайышы, жер семирткичтердин жетишсиздиги, бул кийинки мезгилдеги буудайдын түшүмдүүлүктүн төмөндөшүнө алып барууда”,- деп айтылган. 

Башкача айтканда Максим Орешкин глобалдык ачарчылыкка Батыштын саясатын жана экономикалык санкцияларын күнөөлөгөн.  

Глобалдык ачарчылыктын башка себептери

Бириккен Улуттар уюмунун “Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын” алкагында жарыялаган билдирүүсүнө ылайык, орто эсеп менен дүйнөдө 957 миллион адам ачарчылыкта жашайт. Толук тамактанбагандардын саны 2019-жылдан 2020-жылга чейин 161 миллионго көбөйгөн. Бул кризис, негизинен, чыр-чатактар, климаттын өзгөрүшү жана COVID-19 пандемиясынан улам келип чыкканы белгиленет.

“Welt Hunger Hilfe” ачарчылыкты изилдеген уюму билдиргендей, дүйнөдөгү 31 мамлекетте ачарчылык жогорку деңгээлде турат. Аларга Сирия, Чад, Судан, Сомали сыяктуу мамлекеттер кирет.

2022-жылы дүйнөдө глобалдык ачарчылык болот деген божомол бар. Бирок Россиянын өкүлү бул маселеге жалгыз Американы күнөөлөп, маалыматты бурмалаган (Фактчекинг)

Башкача айтканда дүйнөлүк ачарчылыкка себебп болгон башка дагы факторлор бар. 

Батыштын Россияга карата санкциялары жана дүйнөлүк ачарчылык 

Россия 24-февраль күнү Украинага басып киргенден кийин, дүйнө жүзүндөгү бир топ өлкөлөр катуу экономикалык санкцияларды киргизе баштады. Алар биринчи иретте Россиянын банк секторуна, жогорку технологиялуу продукцияларга, товар жүгүртүүгө жана башка көптөгөн багыттарга салынган.

Россияга санкция киргизген өлкөлөрдүн сап башында Батыш өлкөлөрү жана Америка турат. Маалыматтарга ылайык, Россия буга чейин нефть сатуудан айына 20 миллиард тапса, эми ушул сыяктуу тармактардан бир кыйла зыянга учуроодо. 

ЮНИСЕФ уюмунун изилдөөсүнө ылайык, Россия-Украин жаңжалынан кийин дүйнөдөгү ачарчылыктын курчуганы байкалган. Анткени, согуштан улам импорттун үзгүлтүккө учурап, негизги товарлар анын ичинде буудай май жана күйүүчү май кымбаттап азык-түлүк тартыштыгын жараткан. 

2019-жылы Россия менен Украина дүйнөлүк буудайдын төрттөн биринен көбүн экспорттогон өлкөлөр болгондуктан, эки өлкөдөгү жаңжал олуттуу түрдө башка мамлекеттерге да таасир эте баштаган. Бул 80%дан ашык буудайды Россиядан жана Украинадан экспорттогон Йемен, Судан сыяктуу ачарчылыктын очогу аталган башка мамлекеттерге да таасир этет деп божомолдонууда. 

2022-жылы дүйнөдө глобалдык ачарчылык болот деген божомол бар. Бирок Россиянын өкүлү бул маселеге жалгыз Американы күнөөлөп, маалыматты бурмалаган (Фактчекинг)

Бул тууралуу Save the Children уюмунун Йемендеги директору Рама Хансраж: «Украинада болуп жаткан кризис дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү балдарга катуу таасир этүүдө. Биздин жүрөгүбүз Украинадагы балдар үчүн сыздап турат, бирок мен кошумча үрөй учурган окуяларды эстегим келбейт. Эгер бул чыр-чатактар ​​токтоосуз токтобосо, ачарчылык көбөйө бериши мүмкүн.”, -деп айткан. 

Бириккен Улуттар уюмунун маалыматына ылайык, орус-украин согушунан Украинанын жарандары да ачарчылыкка туш болушкан. 

Башкача айтканда, коронавирус пандемиясынан кийин жана орус-украин жаңжалынын фонунда 2022-жылы дүйнөдө буудай тартыштыгы жаралышы мүмкүн деген кооптонуу бар. 

Бирок, Россиянын президентинин жардамчысы Максим Орешкин глобалдык ачарчылык тууралуу бир гана “Американын экономикалык санкцияларын” күнөөлөө менен маалыматты бурмалаган. Анткени дүйнө өлкөлөрүнүн Россияга карата санкция салуусуна, Россиянын Украинага басып кириши себеп болгон. 

Жыйынтык: 2022-жылы “Глобалдык ачарчылык болот” деген божомол бар. Бирок Максим Орешкин ага себеп болчу жагдайларды бурмалаган. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты