2-сентябрда жалпы билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылынын биринчи сабагы башталат   

  • 2 недели мурун

Билим берүү жана илим министрлиги 2024-2025-окуу жылынын 2-сентябрында жалпы билим берүүчү мекемелердин 1-4-класстарына биринчи сабак “Билим – бул күч” темасында өтүлө тургандыгын билдирди.

Сабактын максаты – быйыл 100 жылдык мааракесин белгилеп жаткан Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнө жана билим берүүгө чоң салым кошкон улуу инсандар, билимдин маанилүүлүгү жөнүндө маалымат берүү.

Ал эми 5-11-класстын окуучуларына биринчи сабак “Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” темасында өткөрүлөт.

Билим берүү жана илим мнистрлигинин маалыматы боюнча, жалпы билим берүү уюмдарындагы окуучулардын саны 1 миллион 491 миң (1-11-класс). Бул 2023-жылга салыштырмалуу 43 миң балага көп.

Учурда Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окутуу беш тилде жүргүзүлөт: кыргыз, орус, өзбек, англис жана тажик.

1668 мектепте окутуу бир тилде жүргүзүлөт, тагыраагы, кыргыз тилинде – 1368 мектепте, орус тилинде – 274, өзбек тилинде – 18, тажик тилинде – 3,  англис тилинде – 5.

Мындан тышкары 709 мектепте аралаш тилде, анын ичинен 548 мектепте кыргыз жана орус тилдеринде жүрөт.

Бишкек шаары боюнча 121 мектептин 16сында кыргыз тилинде, 20сында орус тилинде, 85де аралаш тилде окутулат.

Ош шаарында 71 мектеп бар (администрациялык-аймактык реформадан соң), анын ичинен кыргыз тилинде – 10 мектепте, орус тилинде – 1, кыргыз-орус тилдеринде – 32, кыргыз-орус-өзбек тилдеринде – 28.

2024-2025-окуу жылына карата орус тилдүү билим берүү мекемелеринде 307 кыргыз класстарын ачуу пландалууда.

Сүрөт: edu.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты