​Дүйнөлүк банк пандемиядан кийин Борбор Азияда каатчылык өкүм сүрөөрүн божомолдоодо

  • 4 года мурун

Коронавирус пандемиясы Борбор Азия өлкөлөрүндө билим берүүгө, социалдык-экономикалык өнүгүүгө терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын билдирүүсүндө айтылат.

Билдирүүдө чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн калкынын дээрлик жарымын жаштар жана студенттер түзөрү белгиленген. Кризис жаңы муундун байгерчилигине коркунуч жаратууда. Иликтөөлөргө караганда, окуганды, жазганды, эсеп чыгарганды билбеген сабатсыз өспүрүмдөр көбөйүүдө.

Дүйнөлүк банктын адистери Борбор Азия өлкөлөрүндө пандемияга чейин эле жакырчылыктын айынан сапаттуу билим алууда көп көйгөйлөр болгон деп эсептешет.

Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча чөлкөмдөгү студенттер европалык курдаштарына салыштырмалуу 1,5 жылга артта калышкан.

Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун (PISA) маалыматына караганда, Казакстанда эң жакыр үй-бүлөдө чоңойгон бала билим берүүдө өзүнүн курдаштарынан бир жылга, Кыргызстанда болсо 2,5 жылга артта калган.

Баяндамада коронавирус пандемиясы билим берүү системасына кыйратуучу сокку уруп жатканы, анын кесепеттери көптөгөн жылдан кийин билинери айтылган.

Банктын өкүлдөрү коронавирус пандемиясынын кесепеттерин жоюу боюнча план иштеп чыгууда билим берүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилешет. Борбор Азия өлкөлөрү билим берүүгө бюджеттен көбүрөөк каражат бөлүп, аралыктан окутуунун сапатын жогорулатып, окууга гана эмес, потенциал жана компетенттүүлүккө басым жасоо менен билим берүү программаларынын ийкемдүүлүгүн камсыздашы зарыл.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты