​Маалыматты манипуляциялоо мыйзам долбооруна каршы акция уюштурулду

  • 4 года мурун

Бишкекте активисттер Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова демилгелеген «Маалыматты манипуляциялоо» мыйзам долбооруна каршы акция уюштурду.

«ПолитКлиника» медиасы «Фейсбук» баракчасында иш-чаранын жүрүшүн түз алып көрсөтүүдө.

Коомчулук, жарандык активисттер, медиа өкүлдөрү буга чейин мыйзам долбооруна каршы пикирлерин депутаттарга, бийликке байма-бай айтып жана кайрылып келе жатышат. Бирок ага эч кандай жооп, реакция боло элек.

Бүгүн, 25-майда, митингге чогулгандар аталган мыйзамдын эркиндикти чектей турганын, Жогорку Кеңештин регламентин бузуп, мыйзамсыз каралып жатканын белгилешүүдө.

Пикетте «Мен фейк эмесмин!», «Сөз эркиндиги үчүн!», «Бул мыйзам эмес, бул — плагиат!», «Элге каршы депутаттар кетсин!», «Бийликти узурпацияга жол бербейбиз!», «Эгер Гүлшат Асылбаеванын мыйзамы кабыл алынса, биз экинчи Түндүк Кореяга айланабыз!» деген сөздөрдү айтып жатышат.

Мыйзам долбоору Интернеттеги фейктер менен күрөшүүгө багытталган деп жаткан менен, иш жүзүндө ал Интернет сайттарга, колдонуучуларга жасалган чабуул болуп калаары айтылууда.

Чогулгандар мыйзам долбоорунун демилгечиси Гүлшат Асылбаева депутаттык мандатын тапшырышы керектигин билдиришүүдө.

Мыйзам долбоору бүгүн ЖК жыйынында каралмакчы.

Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан мыйзам долбоорунда Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.

Интерньюс — Кыргызстан аталган мыйзам долбоору интернет материалдарга көзөмөлдү күчөтөрүн баса белгиледи.

«Медиа Полиси Институту» уюму «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору «Кыргызстандын Конституциясына каршы келет» деген билдирүү тараткан.

Буга чейин «Медиа Полиси Институту» уюму «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам «Кыргызстандын Конституциясына каршы келет» деген билдирүү тараткан.

«Factcheck.kg» порталы сөз болуп жаткан документтин басымдуу бөлүгү Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөнүн аныктаган.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 22-июнда мыйзам долбоорун экинчи-үчүнчү окуудан катары менен карап, кабыл алган. Бүгүн бул маселе парламенттин жалпы жыйынында каралышы керек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты