86 жашында жеке сүрөт көргөзмөсүн уюштурууну самаган байбиче

86 жашында жеке сүрөт көргөзмөсүн уюштурууну самаган байбичеМындан бир нече жыл мурда бишкектик Людмила Титова өлкөнүн эң кары студенти эле. Көркөм сүрөт өнөрүн өздөштүрүү максатында 77 жашында жогорку окуу жайга тапшырып, аны артыкчылык диплому менен аяктаган.  86 жаштагы пенсионер  убактысын искусствого арноо менен сүрөт көргөзмөлөрүнө катышып келет.

“Курсташтарым менден 60 жаш кичүү эле”

Майбоектор эбак кургаган. Акыркы холст мындан бир жыл мурда колдонулган. Буга карабастан, 86 жаштагы сүрөтчү Людмила Титова учу саргайып эскирген кистини колго алып сүрөт тартуусун кайрадан баштайт. Бул өнөргө Людмила бала чагынан бери эле кызыкчу. Бирок аны кесип катары өздөштүрүүгө сексенге таяп белсенди.

—Сүрөт өнөрү жүрөгүмө жакын экендигин өспүрүм кезимде эле түшүнгөм. Бирок союз учурунда сүрөтчүлөр азыркыдай баркталчу эмес. Атам менин келечегимди ойлоп, экономикалык факультетке тапшыртып койду. Ошентип отуз жыл бул кесипте эмгектенген соң, ардактуу эс алууга чыктым. Сүрөт курстарына бир аз барып, жөндөмүмдү тереңдетүүгө аракеттендим. Кантсе да, сабак берүүгө билимим жок эле. Бир тааныш сүрөтчү жогорку окууга тапшыруумду сунуштады. Жолдошумду жоготуп жоктоп турганымда көкүрөгүмдөгү муңдан алаксыйын деген ой менен И. Арабаев атындагы мамлекеттик университетке бюджеттик бөлүмгө өттүм.

Людмиланын айрым тааныштары анын бул куракта окууга өтүүсүнө каршы болуп, аяп жатышты. Бирок ал каалаганына бекем туруп, курсунун эң мыкты студенттеринин бири болду. Буту ооруганына карабастан, төрт жыл ичинде бир да жолу сабакка кечикпей, окуу жайды кызыл диплом менен бүтүргөнгө жетишкен.

—Чечимиме бекем туруп, боенуп, жакшынакай кийинип алып окуу жайдын кабыл алуу бөлүмүнө бардым. Алар мага таң кала карап: “Сиздин жаш курагыңызда окуган болбойт го” дешти. Мен да аларга эч сыр бербей бийик үн менен: “Силер барып билип келгиле” дедим. Ошентип, бир аз талашып-тартышкан соң документтеримди тапшырып, студент болуп калдым. Группалаштарым менден алтымыш жаш кичүү, шамдагай жандар эле. Менин компьютерим жок же аны колдонгонду билбейм. Үй тапшырма берилгенде көп убакыт китепканада отуруп, кол менен жазып чыкчумун. Кантсе да, берилген тапшырмаларды аткарчумун.

Жоготуу ызасын пейзаж тартуу менен жеңет86 жашында жеке сүрөт көргөзмөсүн уюштурууну самаган байбиче

Людмила байбиче мындан үч жыл мурун жалгыз уулунан, ага чейин жолдошунан ажырап калган. Жакында майып небересин да жерге берип, өксөп турган чагы. Азыр үйдө келини бар. Бирде келини ооруса, бирде өзү ооруп, алган алты миң пенсиясы дары-дармек менен тамак-ашка гана араң жетет. Турмуштун ар кандай кыйынчылыктарын, жоготуунун жарасын Людмила пейзаж тартуу, кол эмгегинен жаралган жасалгалардан ырахат алуу менен жеңет.

Сүрөтчүнүн колунан жаралган ондогон пейзаж, натюрморттору, живопистери жана балыктын сөөгүнөн, жыгачтан жасалган кооз кол эмгектери, буюм-тайымдары сарайда чаң басып турат. Мүмкүн болушунча алар ар кандай көргөзмөлөргө коюлуп, кээде сатылып калат. Людмила Титованын сүрөттөрү, кол эмгектери өзгөчө табит менен жасалган. Мисалы, сынып калган карапага жан берип, аквариум жасап койгон. Ал эми кооз идиште турган мына бул гүл азыр гана тоодон үзүлүп келгендей. Бирок бул балыктын сөөгүнөн жасалган гүл.

Людмила Титова биринчи сүрөтүн 1942-жылы Константин Маковскийдин «Чагылгандан качкан балдар» сүрөтүн көчүрүп тарткан жана Сталин менен Лениндин портреттерин тартуу менен баштаган.

—Ишсиз тура албайм. Туздуу камырдан, баткактан бир нерсе жасай коем. Ишимди ушунчалык сүйгөндүктөн түн кандай өтүп кеткенин деле билбейм. Иштеримдин көчүрмөсүн жасабайм, саткым да келбейт. Өтө чанда гана сатылат.

Жогорку окуу жайга өткөнгө чейин Людмила Титова балдар окуу борборунда сүрөт сабагынан берип калды. Бул жумушка орношуу үчүн ал тарткан бардык сүрөттөрүн чогултуп алып, Ленин районунда жайгашкан балдар окуу борборуна көрсөтүп, мугалим болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Балдар менен иштөөдөн ырахат алган сүрөтчүнүн, окуучуларынын бир нече сынактардан алган диплом, сыйлыктары бар. Мугалим катары эмгектенгени менен, жогорку билими жок Людмила өтө аз маяна алчу. Бул да университетке барууга себеп болгон. Тилекке каршы, окуу жайды аяктагандан кийин аталган жумуштан кыскарып калган.

Учурда сүрөтчү байбиче колуна тийген боек, эски барактарга гана сүрөт тарта алат. Атайы боек, холст, майлуу боекторго пенсиясы жетпейт. Бир эле кисть 100 сом турат. Бирок азыр таланттуу сүрөтчүнүн бир гана кыялы бар — ал өзүнүн жеке көргөзмөсүн чоң масштабда өткөрүүнү самайт.

—Кооз буюм-тайымдарды жакшы көрөм. Базардан, дүкөндөрдөн көргөн буюмдарды көрүп эстеп калам да, үйгө келип карандаш менен болсо да тартып алам. Ал кооз буюмдарды сатып ала албасам дагы, сүрөтүмдө көрүп жыргап алам, — дейт Людмила Титова.

Мээрим Самиева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты