Кытай розасы

Кытай розасы(Сандан-санга)

Оорукана палатасынын терезесинде идиште өсүп турган каз-катар гүлдөр бар эле. Бир күнү алардын арасынан кытай розасы бажырайып, кыпкызыл гүлүн ачты. “Кытай розасы гүлдөптүр! Ушул гүлдөсө, мен айыгам дегем. Карачы эми, гүлдөгөнүн!” деди ал.  

19-январь, 2017-жыл

Мындан үч күн мурун Дача СУ айылына самолет кулап, 39 киши каза болуп, каран күн түшкөн окуяны коомчулук кызуу талкуулап жатканын интернеттен үзүл-кесил окуп жаттым.  Бөөдө кырсык, капилет кайгы жакындарынан айрылып  жабыркагандарды мүңкүрөтүп,  элдин кабыргасын кайыштырып турат.  Онкологиялык ооруканада болсо жашоо үчүн эки тараптуу күрөш, оорулуулар,  дарыгерлер күрөшү.  Турмуш адаттагыдай эле, өз ырааты менен өтүп жатат.

Таң эрте эшикке,  аптекага чыккам. Айлана кыш күнүнө чөмүлүп, мемиреп ак бешикте жаткандай болуп туруптур.  Жан киши жок, жымжырт, жалгыз аяк жол менен токтобой кете бергим келди. Бирок  аптекадан “Альбумин” деген дары алышым керек.  “Чайкабай алып кел, акырын бас, колуңду ысытып тердетпе, болбосо көбүктөнүп учуп кетет” деп айткан дарыгерлер.  Белок жетишпегенден бут шишимик тартып калыптыр, ошон үчүн куюш керек дешти. Анын бир эле кичине бөтөлкөсү 3700 сом экен. Дарыны сатып алып, таптакыр эле ташбакадай кыбырап келатам. Бөтөлкө кармаган колумду да тердетпешим, чайкабашым керек. Канчалык этият алып келбейин, баары бир анын кичирээк бөлүгү көбүктөнүп кетиптир. Палатага алып киргенден кийин аны ысыгыча кармап турушум керек экен. Бир аздан соң медсестра көбүгүнөн калганын укол катары сайып берди.

Оорукананын палатасынын терезесинде идиштерде өсүп турган каз-катар гүлдөр бар.  Бүгүн алардын арасынан кытай розасы бажырайып, кыпкызыл гүлүн ачыптыр. Аны Осмон байкап “Кытай розасы гүлдөптүр, карасаң! Ушул гүлдөсө, мен айыгам дегем. Карачы эми, гүлдөгөнүн!” деди кубанычы койнуна батпай. Ооруканага жаткан 16 күндөн бери, балким биринчи жолу анын маңдай жарыла кубанганы болчу бул!

Терезе жакка баш баксам, ырас эле идиштеги гүл кыпкызыл болуп гүлдөп, бажырайган гүлүн ачып туруптур. “Телефонуң барбы, муну сүрөткө тартып алчы” деди. Шаша-буша телефонду алып, кыпкызыл гүлдү жана Осмондун өзүн сүрөткө тартып,  кудуңдап турдум. Терезедеги гүл салынган идишти улам бир жакка жылдырып, гүлдөгөнүн суктанып карап, кудуңдап жаттык.  Палатага кирип-чыккан кишилер “Бу гүлдү өзүңөр үйүңөрдөн алып келдиңерби?” деп сурап жатышты. “Жок, гүл бул палатада эле турган, бул жактыкы” дейбиз. “Кандай сонун, бир ажайып гүл экен” дешет. Ооба, көркөмүнө көз тойбойт!

Операция болгон күндөн бери, 8 күндөн бери биринчи жолу сорпо ичүүгө уруксат беришти. Дарыгерлердин өздөрү түзгөн мүнөз тамактарга четинен уруксат берип келе жатышат. Тооктун майсыз сорпосунун биринчи кайнатымын төгүп салып, экинчи кайнатымын кашыктап ичет эзилген картошка-пюре менен. Ошого да шүгүрчүлүк дейбиз! Жок дегенде ушинтип иче баштаса экен.

20-январь, 2017-жыл

Кытай роза эми палатадагы тумбанын үстүнөн орун алып калды. Коридордон өткөн кишинин баарына көрүнүп турат. “Бул эмне деген гүл экен?”-дешет өткөн-кеткендер. “Кытай розасы!” “Аа, ушундай гүл өстүрүш керек экен үйгө” дешет көргөндөр.

Коридорго чыксаң, бир түрдүү эле көрүнүш. Чымын-куюн болуп чуркаган дарыгерлер, купкуу болгон, маңдайы салыңкы келген оорулуулар.  Бүгүн жума,   операция жасалчу күн. Кимди алып кетишээр экен деп акмалап турушат. “Мага дагы эле операция жасабай жатышат! Жүрөгүмдүн согушу жакпай атат”  дейт балдакчан орус. “Улам-улам эле акча төлөп, кардиограммадан өтөм, улам эле жүрөгүңдүн согушу ылдам болуп жатат дешет” деп кейип алган. “Сизге деле бир күнү операция жасалат, кичине сабыр кылып коюңуз”. “Сабыр кылбаганда каякка барат элем? Сабыр кылам да” дейт аргасы түгөнүп.

Коридордо өңү-башы купкуу оорулуу аял ары-бери басып жүрөт. Анын кызы да таң эрте аптекага жөнөп калганын көрөсүң. Анын дарты, операциясы так эле Осмондукуна окшош дешти.

Кечээки кубанган боюнча маанайыбыз жакшы. Бир туугандарыбыз, айылдагы жакын туугандарыбыз бүгүн сүйлөшүп алгансып, биринен кийин экинчиси чууруп келишти. Баары эле тамакты бир баштык толтура алып алышкан. Эки литрден пельмен,  тооктун сорпосун үч литрден. Бир бүтүн тооктун этин бышырып, бирин чийки. Булардын баарын каякка батырабыз?  Кечинде операциядан чарчап-чаалыгып келген врачтарга бердик бышканын. Чийки тоогун үйгө алып барып койдум, кээ бир азыктарды дагы. Үйдөгү муздаткычка салып, кайра алып келип турам.

21-январь, 2017-жыл 

Ишемби күн эле. Таңкы саат 5те туруп, үйгө барып, саат 7де келип калдым. Анчалык деле алыс жол эмес. Баягы күндөр болсо, эртең менен араң жетиде ойгонуп, чоюлуп-керилип тургуча бир топ убакыт өтөөр эле. Эми жок дегенде көз ирмеп калганың же кеч жатсаң да, эрте ойгонгонуң  өзүнчө бир бакыт болуп калды. Андан дагы онкологиялык ооруканада иштеген дарыгерлер уктабайт окшойт, жумушка саат жетиде келишет. Түн күзөткөндөрү да бар.

Колум бошой калганда модем менен ноутбуктан интернетке кирип, рак илдети алдын-алуунун жолдорун, дарыгерлердин, окумуштуулардын жазгандарын окуй баштадым.  Эдвард Гриффиндин “Рак илдетисиз жашоо” аттуу китебинин негизинде жазылган ой-пикирлерге көңүлүм түштү.  Алардын ою боюнча рак илдети негизинен организмге В 17 витамини жетишпегенинен  болот. Ал эми В17 витамини негизинен өрүктүн данегинде көп болот экен. Бизде, айрыкча Баткенде өрүктүн Мекени да! Бул жактагы онкологдор да  өрүктүн кагынан компот, тундурма ичип тургула дейт. Рак дартынын алдын-алыш үчүн ар бир киши ар күнү өрүктү, өрүктүн данегин жеш керек экен.  Күнүгө өрүктүн данегин жеп турган кишиде рак клеткалары такыр өспөйт дешет. 35 жыл мурда эле рак дартына кабылгандарга өрүктүн данеги сунушталчу экен. Өрүктүн данеги химия терапиядан да артык таасир берип, оорулуунун өмүрүн узартаарын жазышыптыр. Өрүктүн данегин жана табигый азыктарды пайдаланган индеецтерде рак оорусу дегеле болбоптур.

В17 витамини өрүктүн данегинен тышкары  алманын, шабдалынын, алча, жүзүмдүн данегинде,  буурчакта бар деп жазышыптыр.  Бирок  В17 витамини баарынан өрүктүн данегинде көп экен.  Эгер күнүгө жети өрүктүн данегине бал кошуп жеген киши дегеле рак менен оорубайт турбайбы! Муну В17  витаминин ачкан Кребс деген окумуштуу айтыптыр.

(Уландысы кийинки санда)

Айгүл Бакеева  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты