17 жашар баланын өлүмү: шектүүнүн атасы күнөөнү өзүнүн мойнуна алгысы келген

  • 4 недели мурун

17 жаштагы велосипед айдап бараткан баланы сүзүп кеткен шектүүнүн атасы күнөөнү өзүнүн мойнуна алгысы келген. Бул тууралуу Kaktus.media Бишкек шаардык ички иштер башкарлыгына (ШИИБ) шилтеме жасап, жазып чыкты.

19-августта Бишкектин четиндеги Чыгыш (Восток) айылында кечки саат 22:00дө велосипед тээп бара жаткан 2007-жылы туулган баланы Subaru Legacy үлгүсүндөгү машина сүзүп кетип, бала ошол жерден эсине келе албай каза тапкан. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгүн негизинде кылмыш иши колзголгон. Шектүү катары 1972-жылы туулган жаран кармалган. Бул тууралуу бир катар ЖМКлар жазып чыккан эле.

Бирок тергөө ишинин жүрүшүндө кырсык болгон учурда унаанын рулунда кармалган жарандын өзү эмес, анын 2006-жылы туулган баласы болгондугу белгилүү болгон.

«Милиция кызматкерлери тарабынан жашы жете элек баланын унаа сүзүп каза болгондугуна байланыштуу кылмышка шектүү катары 2006-жылы туулган А.А. кармалды. Ал эми тергөөнүн башында анын 1972-жылы туулган атасы күнөөнү мойнуна алган»,-деп билдиришкен аталган мекемеден.

Учурда 2006-жылы туулган шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгени айтылды.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты