17-ноябрь жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленди

  • 1 неделя мурун

Президент Садыр Жапаров  “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыкка 6-сентябрда кол койду.

Ага ылайык, кайра уюштурууга алып келген тиешелүү аймактык бирдиктердин чек араларынын өзгөрүшүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде административдик-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу:

1. Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештери таркатылат.

2. Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2-тиркемеге ылайык 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалсын деген жарлык кабыл алынды.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты