​Жашыл экономика: Керектөөчү гана болбой, сактоочу да бололу!

Быйыл жашыл экономика жумалыгын 11-17-ноябрда өткөрүү пландалууда. Аталган жумалык “Жашыл экономика – күчтүү аймактар – өлкөнүн туруктуу өнүгүшү” аттуу чакырык алдында өтмөкчү.

Бул багытта энергияны үнөмдүү пайдалана турган үй куруу, химиялык жер семирткич колдонулбаган органикалык жер-жемиш, жашылча өстүрүү менен андан көбүрөөк пайда көрүү, Кыргызстандын кайталангыс жаратылышын көрсөтүү менен гана экологиялык туризмди өнүктүрүүнү жайылтсак болот.

Өнүккөн өлкөлөр ондогон жылдар мурда эле жашыл экономикага өтө баштаган. Кыргызстан 2012-жылы БУУнун Туруктуу өнүгүү боюнча жыйынында жашыл экономиканы өнүктүрүү менен экономикалык өсүшкө бет алаарын билдирген.

Арадан жети жыл өттү. Бул багытта кандай иштер аткарылды?

Биринчиден, дүйнөдөгү жашыл экономиканын өнүгүшүнө колдоо көрсөтө турган эл аралык уюмдар, донорлор (PAGE, жашыл өсүмдүн Глобалдык институту ж.б.) менен эки тараптуу мамиле түзүлдү, бир катар министрликтер жана мамлекеттик мекемелер бул ишке тартылды, жергиликтүү ассоциациялар, жеке уюмдар, коммерциялык банктар менен иштешүү жолго коюлду.

Өнүктүрүү боюнча иш алып барган эл аралык өнөктөштөр түрдүү тармактардагы эксперттер Кыргызстандын жашыл экономикасын өнүктүрүүгө тартылып жатат.

Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясында жашыл экономиканы өнүктүрүү маселелери камтылган. Өлкөнүн бул багыттагвы концепциясы иштелип чыгып, ал Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген.

PAGE менен кызматташуунун аркасында жашыл экономика боюнча баяндама даярдалып, анда алгылыктуу багыттар аныкталган. Мындан тышкары 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын жашыл экономикасынын өнүгүшү боюнча программасы иштелип чыкты. Ал Өкмөттүн кабыл алуусу алдында турат.

Аталган программанын маңызына үңүлсөк, негизги жети багытты көрө алабыз: жашыл энергетика, жашыл айыл чарбасы, жашыл өнөр жайы, төмөнкү углероддуу жана экологиялык таза транспорт, туруктуу туризм, турмуш-тиричилик таштандыларын башкара билүү жана жашыл шаарлар боюнча анализдер жасалып, аларга өтүү жолдору сунуш кылынган.

Аталган программа кабыл алынса, бул багытта чоң кадам жасалган болор эле.

Жашыл экономикага өтүү боюнча жооптуу милдеттин башында экономика министрлиги турат.

Бир нече жылдан бери бул темада жылына форум өткөрүлүп келсе, былтыркы жылдан тарта жашыл экономика жумалыгы өтүп жатат. Быйылкы жылы 11-17-ноябрь күндөрү өткөрүү пландалууда.

Аталган жумалык “Жашыл экономика – күчтүү аймактар – өлкөнүн туруктуу өнүгүшү” аттуу чакырык алдында өтмөкчү.

Жөнөкөй сөз менен айтканда, буга чейин жаратылышка оңбогондой зыян келтирүү менен иштеп келген экономиканын бардык тармактарын, өнөр жайды жаратылышка зыян келтирбей өнүгө турган жолго буруу иштери башталды. Бир чети “жашыл революция” деп койсок ашыкча болбос.

Себеби буга чейинки өнүгүү иштеринин, эми башкача жол менен өнүгө турган жашыл экономикалык иштердин башында адам турат. Андыктан элге жашыл экономика тууралуу кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, буга чейин жасап келген иштерин кандайча жашыл экономика жолуна салса болоорун, андан кандай пайда табаары тууралуу моделдерди сунуш кылуу максатка ылайык.

Мисалы, энергияны үнөмдүү пайдалана турган үйлөрдү куруу, химиялык жер семирткичтер колдонулбаган органикалык жер-жемиш, жашылчаларды өстүрүү менен андан көбүрөөк пайда көрүү, Кыргызстандын кайталангыс кооз жаратылышын көрсөтүү менен гана экологиялык туризмди өнүктүрүүнү жайылтсак болот.

Айтмакчы, мындай мыкты иштерди небак колго алып, аны өнүктүрүүдөн пайда таап жаткан мекендештерибиз да бир топ.

Кыскасы, адамзат канча кылымдардан бери керектөөчү гана болуп, жаратылышка аеосуз мамиле кылып келди. Эми керектөөчүлүктөн сактоочулукка өтүү зарылдыгы чыкты.

Себеби табигый ресурстардын да түгөнө турган чеги бар экендиги көрүнүп, мезгил-мезгили менен жаратылыш тең салмагынын бузулгандыгынан улам ар кандай катаклизмдерди адамзат башынан кечирип жатат.

Демек, башка жол менен алдыга жылуу, так айтканда жашыл экономиканы өнүктүрүү менен гана адамзат өзүнүн жашоосун уланта алаары айдан ачык көрүнүп калды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты