Таабалдынын “ат токуру” болуп чоңойгонума абдан сыймыктанчумун!

Таабалдынын “ат токуру” болуп чоңойгонума абдан сыймыктанчумун!Чехия. Прага шаары. 25-май,  2017 жыл

Көз ачып жумганча 25 жыл өтүп кетиптир! Адам баласынын жашоосу менен ченесек, бул үчтөн бир бөлүгү болуп эсептелет эмеспи. Бирок  «Шоро» компаниясы канча жыл жашаш керек деген суроого кайрылсак, жеке адамдын өмүрү менен салыштырсак, туура болбостур. Адам өзү өтүп кетиши мүмкүн бул дүйнөдөн. А адам жасаган иш канчалык жашайт, эмне үчүн жашайт, мына ошондо кеп.

“Шорону” жасайбыз деп Таабалды байкем экөөбүз беш жыл жүргөнбүз, даярданып, баштай албай. Ал кезде бизнес деген эмне экенин түшүнгөн киши болсочу? Союз таркап, приватташтыруу башталып, ошол кезде бир эски бала бакчаны сатып алганыбыз абийир болду, чоң жардамы тийди. Кийинчерээк сүт заводунун эски, тарпы чыккан имаратын сатып алып, бүгүн ошону менен жан сактап келатабыз. Өткөн жолубузду жана “Шоро” жаны башталганда көргөн кордугубузду жаза турган кез келээр.

Таабалды байкем убагында көптөгөн, саясат жана жашоо жөнүндө курч макалаларды жаратканы коомчулукка белгилүү. Бизнес жана “Шоро” жөнүндө жазам деген көп ой максаттары бар эле. Эртең-бүрсүгүнү деп отуруп, о дүйнөгө сапар салып кеткени өкүнүчтүү! Өзү өтсө да, өлбөс-өчпөс, өзү түптөп кеткен, мурасы бул, эл сүйүп ичкен «Шоро» калды! Компаниянын миссиясы— бул ата-бабадан калган, унутулуп бараткан, улуттук маданиятты сактап калуу жана даңазалоо, ошондой эле ден-соолукту сактай турган тамак-аш чыгаруу болуп эсептелет. Биз бүгүнкү күнгө чейин ушул философиядан танбай келе жатканыбыз, биз үчүн чоң сыймык!
Ошондуктан, биринчиден, жалпы кыргыз элиме чоң ыраазычылыгымды айткым келет. Себеби сиздер, ата мекендик өндүрүш деп колдоп бербесеңер, биз кайдан өнүгөт элек.

Ошондой эле “Шоро” башталгандан бүгүнкүгө чейин көптөгөн адамдар кызмат кылып жатышат. Арасында башынан бери иштеп келе жаткан адамдар бар, аларга миң мертебе таазим кылам! Көп жаштар ар кайсы себептер менен башка жумушка өтүп кетишти. Аларга дагы ырахматымды айткым келет.
“Шорону” түптөп кеткен адамдардын аты, жана биринен-бирине, эстафета катары жүз жылдарга жашоо берген, патриот адамдардын аты жашай берет эмеспи.
27-июнь, 2017-жыл.  Сеул шаары

Таабалдынын “ат токуру” болуп чоңойгонума абдан сыймыктанчумун!Бул—Корея жергесине экинчи жолу келишим. Биринчи жолу, мындан бир топ жыл мурун, өкмөттүк делегация менен, бизнестин бир топ өкүлдөрү Сеул шаарына келип кеткенибиз али эсимден кете элек. Анда жакшы программа болгон. Корейлик бизнестин өкүлдөрү менен жолугуп, андан тышкары, “Хюндай” машинеси чыгарылган заводго барып, машиненин жөнөкөй эле темир баракчасынан баштап, конвейер аркылуу, кандай болуп даяр машине чыгаарын көрүп алып, мен аябай суктангам.

Ал кезде бул сезимдер жөнүндө оюмду ачык жазмак турмай, сөз сүйлөгөндөн да тартынчу элем. Себеби ал кезде мен короодон чыкпай, Шоро бышырып сатканыма эле сүйүнүп, ошого эле кыйын болуп жүрө бериптирмин. Көрсө бул дүйнөдө Шородон башка да жашоо бар экенин билбей жүргөнүмө ошондо көзүм жетти. Дагы бир себеп— ал кезде, Таабалды байкем, «Кытайды жарма менен багындырам» деп, команда топтоп алып, Кытай мамлекетинин, Кызыл-Суу деген аймагына завод куруп жүргөн кези болчу. Болбосо, мындай деңгээлдеги иш-чараларга дайыма ал өзү барып жүрчү.

Муну менен мен эмнени айткым келет? Бул “Шоронун” эмне болуп “Шоро” болгонуна, эки бир туугандын, кичинекей кезибизден бери, акыркы күнгө чейин “ким эмнеге жооп берет” деген бала кезден бери, жазылбаган, ыйык мамилесинин негизинде түптөлгөнү, сокур кишилерге да маалым. Чынын айтсам мен Таабалдынын ат токуру болуп чонойгонума аябай сыймыктанчумун! Бул сезим жана бул бир туугандык мамиле, компаниянын түзүлүшүнө чоң салым кошту десем жаңылбайм. Бул ачуу чындыкты кээ бир адамдар билбей калбаса, “Шоро” түптөлгөндөн баштап, чогуу иштеген адамдар (бүгүн да алар иштеп келет) баасын берип жаткандыр.

«Аганы көрүп, ини өсөт», «Иниси бардын ырысы бар» деген философиялык баалуулуктар бизге идеология катары иштеп келген. Бирок барган сайын ал маанисин жоготуп баратканы мени өкүндүрбөй койбойт! Азыркы заманда, иниси агасын эмес, баласы атасын укпай калган учурларды баарыбыз көрүп-билип эле жүрөбүз. Айла жок, «заманга жараша» деген кур шылтоо менен өзүбүздү өзүбүз сооротуп келебиз!
Адамдын жашоосу кыска болот турбайбы?! Бири кетсе, бири келет. Мындай учурда көп суроолор пайда болчу болду менде. Жакшы ишти жасап—жасап, анан анын үзүрүн көрөр кезде агамдын бул дүйнөдөн өтүп кетиши эң эле өкүнүчтүү.  «Ийлеп-ийлеп, итке салып берди» деген макал ойго түшпөй койбойт экен. «Өрдөк жокто чулдук бий»  демекчи, мен дагы киши катарына кичине кошулганыма сүйүнүп, сүйлөмөк тургай, кичинеден минтип өз оюмду жаза баштадым. Кантсе да байкем— Таабалды да. Каныбыз бир, бир жатындан жаралганбыз. Бул жөнүндө апабыз бүгүнкү күнгө чейин айтып, ыраазычылыгын билдирип келет. Чын эле бүгүнкү заманда кыйшайып жатып калсаң эле, «талап кетейин» деген иттер да жок эмес. Ал иттерге талатпаш үчүн тиешелүү чаралар иштелип чыккан.
Эми бул жолку сапарым жөнүндө айта кетейин. Ден соолук эң негизги байлык экенин картайганда түшүнсөм да, али да кеч эмес экенин мойнума алып, акчамды аябай, алдын ала диагностикадан өтөйүн деген максат менен келгенимди баса белгилегим келет.

Өзгөчө кыргыздар иши бүтүп калганда, догдурга келип “мени айыктыр” деп, мусапыр болгон окуялар четинен чыгаары, бүт коомчулукка белгилүү.
Бул өтө өкүнүчтүү! Менин ден соолугум жана тагдырым менин гана колумда экенин кеч түшүнсөм да айткым келет жаштарга. Андан тышкары, бизнес тармагында, ар кандай деңгээлде, маанилүү жолугушуулар күтүлүүдө. Ал жөнүндө жаза турган убакыт алдыда деп ойлойм.
«Алтымыштан аштың, эми калжаңдабай эле үйдө тынч отурбайсыңбы, жылуу чайды ичип” деп апамдын акыркы күндөрү айтканына жооп таба албай, кыйналчу болдум. А менин 65ке чыкканда акылыма келгенимдин себептерин апама айтайын десем, кулагы да жакшы укпай калды. Ошондон улам “макул, апа” деп көңүлүн оорутпай, алдап койчу болдум. Кудай өзү кечирсин!
Аз жумуш кылсам да, үзүрүн көрүп өткүм келет! Ушинтип, бизнестин артынан, элден артта калбай, бүт дүйнө жүзүн кыдыргым келет!
Аз болсо да мен жасаган жумушту, иттерге талатпай, бала-бакырама татыктуу өткөрүп берсем, алар андан ары эстафета катары улантканга, жүздөгөн жылдарга, жалпы коомчулук үчүн кызмат кылганга пайдубал түзөйүн деген оюм бар. Көптөгөн бизнес идеялар бар. Ал—убакыттын иши.

Аман-эсен Кореядан кайтып келсем, Пекинден окуган кызым каникулга келсе, кемпиримди жана неберелеримди ээрчитип алып, Грузияга эс алып келейин деген тилегим бар. Менин неберелерим кийин чонойгондо депутат болуп калабы, же чиновник болуп калабы, ал буйруктан деңизчи, ошондо Грузиядагы көргөн жашоо эсине түшсө, реформаны жасайбыз деп, жаңы жашоого салым кошобу деген ой келет мага.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты