Көк дептер

Толкундар кайдан келет?..

Көк дептерКүндөлүк менен өзүңдү өзүң ачасың, анан аны менен сени ачышат… Жазмакерликтин бир бактысы ушунда. Жазуу менен турмуш улайсың, жазуу менен качандыр өзүңө эстелик тургузасың. Калемдин жолу ушундай. Мен атамдын эки дептер күндөлүгүн жоготуп жибердим. “Бекем катсаң оңой аласың” дешчү. Бирок мен бекем ката албай калдым. Өкүтү жаман экен. Жоготконумду экинчи ирет жоготконсудум. Ошол эки дептер менен атама сөз эстелик курсам дечүмүн. Эми сөздү башкадан, элден, ал баскан жерден издеп жүрүм… Күндөлүк. Кийин аны Көк дептерге айлантып жибердим. Ага баары батсакен деп, бата берсе деп ошенттим. Эмне көрүп не кааласаң бата берсин деп дүйнөсүн жазып жибердим. Жазбачуңду жаза берген, айтпачуңду ача берген жер болсо деп. Бирөө айтты, “Көк дептериңди китеп кылбайсыңбы?” деди. “Жок ой!” дедим. Ал китептен чоң, бүтпөйт, батпайт.

Эне жана көл

Апам Көлдүн кызы. Көлгө көп бардым. Апам жакшы сүзчү. Мен карап таңкалчумун. Апамды Көлдө төрөлгөн дебей, өзүм өскөн тоодо төрөлгөн деп билчүмүн. Көл. Анын көпкөк түсү менин түшүмө кирчү. Ошол көктү карап, бул суу дебей “бул эмне?” деп, сыйкырына түшүнбөй башым маң болчу. Бирде толкундар келчү. Арстандын жалындай жылса кошо арбашып мен аны кармап калсам дечүмүн. Мен толкунду карап олтуруп, алар кайдан келет дээр элем. Көлдүн ортосунанбы, ичиненби же аркы өйүздөнбү? Өз айлымда, Бычанда кой кайтарып жүрүп көлдү ойлочумун. Көл дегенде мага жомокко окшош түсү, тай атамдын арабасы, короодогу өрдөк, каздары, алма багы, самоор менен көңкө наны, анан апам менен тай эжемдердин кайсы бир окуяга көздөрүн улам аарчып, жашып олтургандары келчү…

Кумдагы сыйкырлар

Биринчи классты Чолпон-Ата шаарындагы балдар санаторийинде окудум. Эжем Жеңишгүл 5-класс. Кабылдамада орус аял документтерибизди кабыл алып атса, эжем мени карап күлүп койду. “Кантип, кантип күлүп атат, бир жылга калган атсак!” деп онтогонум эмгиче эсте. Апам кетип атса ыйлаган жокмун. Дулдуюп анын карааны үзүлгөнчө гана карап турдум. Көрсө, бүт азап-тозокту ичке ката бергеним ал кичинемден экен. Башкаларчылап ошондо бакырып ээрчип ыйлап алганымда, балким жеңилдеп калат белем? Ошентип көл кылаасында алгачкы окуучулук күндөрүм башталды. Көлгө ошондо өз болдум. Көзүм, өзүм да биротоло сиңишип кеттик. Санаторийдеги жүздөгөн балдар-кыздардын баарынын тең окшош көксөөлөрү бар эле. Ал – алыстагы ата-энесинин келишин күтмөй. Бирөөлөргө ата-энеси келсе баарыбыз жардап карачубуз. Анан үйдөгүлөр келет бекен-жок бекенин билген бир сыйкырдуу төлгө болор эле. Ал төлгөнү ал жердеги балдар-кыздардын бири калбай жасачу. Аны “секрет” дечүбүз. Ал мындай эле: кумду кол менен оюп туруп анын ичине ар түстүү айнектерди, кооз нерселерди майда талкалап туруп үстүн айнек менен жапчубуз. Ошондо айнекти карасаң алдындагылар кооз болуп көрүнүп турчу. Анан айнектин үстүн кум менен көөмп, оңой табыш үчүн белгилеп коесуң. Ар экинчи күн болгондо баягы кумду барып бетин ачасың. Эгерде айнектин ички бети тердеп калса анда өтө жакында үйүңдөн киши келет, а тердебесе келбейт… Ар жолу чыдамсыздык менен күтүп кумду аччубуз… Кумду ачсаң айнек, айнекти сүртсөң алдынан сен каткан кооздуктар… Жүздөгөн балдар-кыздар күдүңдөп “секреттерин” үмүт менен карап атышкан болор эле. Кум алдындагы жүздөгөн “секреттер” “ай курган балалык ай” деп кичинекей кожоюндарын күтүп жөн гана жаткан болчу… Жүздөгөн кенедей балдардын көлдөн чоң “Эне” деген үмүттөрү кум алдынан жанып турчу!

Камчы

Мусулман өлкөлөрүнүн биринен келген кошунабыз бар. Ара чоло бейбаштыгы күч тестиер баласына кол көтөрүп, уруп коет. Аны уккан кошуналар тынчтык бергиле деп, анан да баласына болушуп бир нече жолу эшигин кагып барышты. Өткөндө дагы бир жолу баласын уруп койсо кошуналар топтолду (алардын баарысы европалыктар). Ошондо атасы: “Баланы кордоп атасың дейсиңер, менин кол тийгизип тарбиялаганым кордоо эмес, өзүңөр чымын чакканча көрбөй ажырашып кетесиңер да, баланы атасыз же энесиз калтырасыңар. Мына ошону баланы кордоо дейт. Мага көп тийишпегиле!” деди. Бир нече ирмемге эч кими үндөбөй калды да наалыган болуп жолуна түшүштү. Үйгө кирип ойлондум. Күчтүү сөз айтты дедим.

Ак сүт

“Ата-энеси уулунун чайын эми ичерде кетип калды” дейбиз. Же “Эми ысык чайымды ичерде” дейбиз. Минтип бардык эле улут айта бербейт. Бул жөн гана жоготуунун, армандын сөзү эмес. Бул өкүт сөз менен кыргыз өз жашоо образын, кулк-мүнөзүн, салтын, бүтпөгөн тирилигин айтып турат. Анткени кыргыздын уул-кызы ата-эненин алдындагы милдетин, карызын актагысы келет. Ак сүтүн актасам деп тиленет. Өсүп, чоңоюп, окуп, иштеп, анан эне-атага өзгөчө жакшы нерселерди жасагысы келет. Албетте, мээрим менен жакшы мамилең ал өзүнчө маселе. Аңгыча өзүң да 30, 40 жашты кантип чулгаганыңды байкабайсың. Аңгыча капилет ата-энени оору жыгат же дагы башкасы. Аңгыча… анан боз үйдүн боорунда олтуруп ошол сөздү угасың. “Айла жок” деп үшкүрүшөт. Атамдын эмгегин, Энемдин ак сүтүн актайын деп, ысык чайымды ичсин деп бардык эле эл максат кылып жашабайт. Ошол мээрим, ошол сапат өчпөсүн кыргыз жаштардан.

Көздөгү энелер

Ынак жүргөн бир топ курсташ, курбуларымдын адабиятка болгон көрөңгө, ышкылары күчтүү эле. Жатаканада керебетте олтуруп же шыпты тиктеп жатып алып “кайсыл акындардын эне жөнүндөгү ырлары күчтүү” деп сүйлөшөр элек. Анан алыстагы ата-энелер айылына кирип кетчүбүз. Бир кезде акырын байкасам четинен билгизбей көздөрүн аарчып атканын байкачумун. Мен жалгыз ушул ирмемдер үчүн студентчилигим бекерге өткөн эмес деп эсептеймин.

25 рубль

Көк дептерАскерге кетеримде баласы мурда кызмат кылган тууганыбыз үйгө келип “Ай Сакен жеңе, акчаны алыңыз да иппичке кылып жылтыракка ороңуз. Жеңишбек аскерге жеткенде оозуна салып алып ары өтүп кетет” деди. Башында бир так секирип барып акыры ынандым. Анан апам байкушум 25 рублдык кагаз акчаны алып чыкты. Ушуну оройлу деди. Мына анан баягы акчаны болушунча кысып күдүңдөп ороп кирдик. Сыртына бир кат жылтырак кылып чыгып кетпеш үчүн үтүк менен күйгүзүп чаптадык. Бирок акыры айткандай эле 25 рубль кенедей тырмак башындай сүйрү жылтырак болуп жатып калды. Аны чөнтөгүмдүн түбүнө бекем каттым. Чогуу кетип аткан он бала баарысы ошондой амал кылышты. Акыры декабрдын чыкыроонунда сары автобустар менен жөнөп кеттик. Апам байкушум мына жөнөп атсак да “бекем кат балам, абайла балам” деп автобусту кошо утурлайт. Ошентип үч сутка поезд менен жол жүргөн соң Белоруссиянын Марьина-Горка деген шаарына жеттик. Ал жактын кары ого бетер калың экен. Вагондон түшүп атып карасам, бир состав толугу менен жоокерлер экенбиз. Аскер бөлүгүнө жеткенде азыр мончого түшөсүңөр деди. “Аа мына ушул жерден…”  деп айылдаштар көз кысышабыз. Ичке киргизди, кийимиңерди толук чечип бул жакка ыргыткыла деди. Ошол жерден “операцияны” ишке ашырдык. “Гражданка” кийимдер тоо болуп үйүлүп калды. Шарт эле отургузуп чачыбызды кырды. Бири-бирибизди карап күлөлү дейбиз, тиги ооздон ыргып кетпесин деп тымпыябыз. “Мончого!” деди. Мончодон чыгаарыбыз менен чулгоодон баштаган тумакка чейин аскердик кийим болуп жатып калдык. Баягы ичке жылтырак аман-эсен жаңы кийимдин чөнтөгүнө кирди. “Өөх” дедик. Ошо менен жаңы жашоо башталды. Бир күнү анан “Калашниковду” кучактап караулда жалгыз турганымда, баягы апам экөөлөп кечке алышып атып орогон жылтыракты ачтым. 25 рубль. Ага апамдын колдору, жыты калып калгандай сезилди. Аны колума алаарым менен көзүмөн жаш атып кетти. “Апакем!” деп белорустун уч-кыйырсыз токойлорун жаңыртып кыйкыргым келди. Эне деп, сенден ыйык эмне бар-оов деп!

Карыган булуттар

Көк дептерБулуттар карыбайт. Алар жылып кетет, тарап кетет, өзгөрүп кетет, анан алар токтобойт. Бирок мен көргөн эски альбомдо сүрөттөр бар, ошондогу булуттар карыды. Алар арстан болуп, төө өркөч болуп, ак куу болуп баратып катып калышкан. Аларды карап “булар атам бардагы булуттар” дечүмүн. Ошондогу булуттар ээ деп куйрук башын эринбей кечке карачумун. Атамды көргөн, аларды атам көргөн булуттар дечүмүн. Анын заманын ошолордон издечүмүн. Анан мезгилдер өттү. Арадан канча булуттар көчтү! Аңгыча апам да булуттарга кетти. Азыр кийинки эле сүрөттөрдү карайм. Анда да бир сонун булуттар бар. Төө өркөч болгон, ак куу болуп катып калган, анан да сен экөөбүз бирге көргөн булуттар бар. Ал булуттар да карып баратыптыр эй, бат эле, тез эле… Нөшөр болуп, тамчы болуп, жаш болуп ошол булуттар…
Эмесе көк дептердин бул бетин жабайын. “Өткөн күндөр өмүр эмес, өмүр – эсте калганы” дейт. Анда өмүрдүн көбү эсте калсын. Эсте калгандай кылалы, мээрими ашкан боорубуз менен, жылуу-жумшак кебибиз менен, кыйышпас көңүл, мамиле менен.

Жеңишбек Эдигеев

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты