​Ди Каприо фондунун каржылык колдоосу. Нарындан көчүрүлгөн бугулар. Фоторепортаж

2018-жылдын июнь айында Кыргызстанда биринчи жолу 9 баш Тянь-Шань бугусун Нарын мамлекеттик коругунан Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Балтыркан корукчасына көчүргөн. Ал бугулар байыр алып калышты.

Бул тууралуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маралды көчүрүүнүн каржылык колдоосу «Жамаат Алан-Тоо» коомдук бирикмесинин демилгеси жана Мамлекеттик агенттиктин, Кристенсен Фонду (TCF), Кремний өрөөнү Фондунун алдындагы Ди Каприонун Ак илбирсти сактоо боюнча Фондусунун (LDF) (SVCF) каржылык колдоосу менен жүргүзүлдү.

Көчүрүүнүн негизги максаты маралдын санын көбөйтүү, сактоо жана байыр алган жерлерин кеңейтүү болуп саналат.

Аксы районунун Балтыркан корукчасына көчүрүлгөн 9 баш Тянь-Шань бугусу байыр алып калды. Эки баш марал Сары-Челек мамлекеттик биосфералык жаратылыш коругунун аймагына өтүп кетти деп билдирди агенттиктин басма сөз кызматы.

Балтыркан корукчасы Авлетим токой чарбасынын аймагында орун алган, Сары-Челек биосфералык коругу менен чектешет. Калың токойлуу, деңиз денгээлинен 2 миң метр бийиктикте жайгашкан. Жалпы аянты 504 гектарды түзөт жана бугу-маралдардын жашап кетүүсүнө ыңгайлуу шарты бар.

Сүрөттөр: Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты