Мектепте ата-энелерден акча чогултуу тыйылбай келет

Канча айтып, сындаган менен мектептерде ата-энелерден акча чогултуу дагы эле тыйылбай келет. Мектептерде мурдагыдай эле мектептин фондуна деп өзүнчө, класстык “копилкага” өзүнчө акча чогултулат.

Атын атагысы келбеген №5 гимназияда баласы окуган ата-энелердин бири акча чогултуу мыйзамсыз экенин уккандан бери акча бербей күтүп турушканын, бирок мектептен дагы деле сурап жатышканын айтты. (Белгилүү себептер менен ата-энелер аты-жөнүн ачыктагысы келген жок).

“Бизде мектепке берилчү каражатты айына бөлүп койгон, айына 500 сомдон туура келет. Бул мектептик фонд экен, ошондуктан аны ар ким ар кандай берип жатат, бербегендер да бар. Биз бербей турабыз. Класстык фонддун акчасы самын, кагаз, даарат кагаз,б пол жууган чүпүрөк ж.б.кетет. Мектептин фондуна жылына 2000-3000 сомдон төлөп койчубуз. Ал акча күзөт кызматына, пол жуугандардын айлыгы үчүн жумшалат дечү”, -деди ал.

Шаар мектептеринин биринде кызы окуган дагы бир ата-эне мектептик фонддор жоюлат деген маалыматты укканын, бирок ал иш жүзүндө аткарылбай келатканын айтты.

“Быйыл ал фонд жоюлат деген. Бирок жоюлган жок, 3000-3500 дөн бергендер болду. Бул боюнча бир чечимге келе албай койдук. Мектепте акча чогултууга тыюу салды деген менен тыюу салынбай эле чогултуп жатабыз. Башында айына 500 дөн, бир жылга 5000 сом деди эле. Ата-энелер чурулдап,азыр айына 350 сомдон берип жатабыз. Андан тышкары класска 500 сом берсек жетпей калып, 200 сом коштук, ошентип, 700 сомдон чогултуп бердик. Мындан тышкары класстык фондго өзүнчө чогултулат” дейт ал.

Чыңгыз Айтматов атындагы окуу-билим берүү комплексинде да ата-энелерден акча чогултуу бар. “Класска 500 сомдон, дагы тамаккка 200 сом, баары биригип, айына 700 сомдон төлөйбүз”, -деди ата-энелердин бири.

Кайсы учурда ата-энелерден акча чогултулат?

Алгач кайсы учурда ата-энелерден акча чогултуу мыйзамдуу болорун аныктап алсак.

Булан институту кайсы учурда мектепте ата-энелерден акча чогултуу мыйзамдуу, ал эми кайсы учурда мыйзамсыз болорун аныктаган.

Алсак, ата-энелерден кошумча билим берүү үчүн төлөнгөн акы мыйзамдуу экенин белгилейт.

Кошумча билим берүү тууралуу жобо Кыргызстандын Өкмөтүнүн №563 токтому менен бекитилген.КР “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесинде “Акы төлөп билим алуу мамлекеттик билим берүү мекемелерде да мүмкүн” деп жазылгандыгын мисал келтирет.

“Бирок ар бир ата-эне кошумча сабакты баласы үчүн зарыл деп эсептесе, аны өзү тандап жана ошол акыны өз эрки менен төлөшү керек, эч кандай мажбурлоого жол берилбеши абзел” деп жазылат институттун иликтөөсүндө.

КР “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 43-беренесинде “Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелеринин камкордук кеңештери өз эрки менен финансылык жана башка материалдык каражаттарды тарта алары жазылган.

“Ал каражаттар өз эрки менен кирүү взносу же кайрымдуулук түрүндө физикалык жана юридикалык тараптардан алынышы ыктымал” деп жазылган.

Камкордук фонд билим берүү мекеменин материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө жана толук кандуу ишмердигин камсыз кылуу үчүн сырттан каражат издеп, донорлорду жана меценаттарды тартышы керек.

Мыйзам боюнча майып ата-энелерден, майып баласы бар ата-энелерден, жетимдерден жана ата-эне камкордугунан ар кандай шартта ажырап калган окуучулардан каражат топтоого тыюу салынат.

Ошондой эле өтө маанилүү маселе, мыйзамдын 17-беренеси минтип бекитет: “Камкордук фонд финансылык жардам сураган кайрылуулар, чогулган каражат жана ал каражаттардын кандай сарпталышы тууралуу маалыматтар билим берүү мекеменин ичинде көрүнөө жерде бардык ата-энелерге маалымат үчүн илинип турушу керек”.

Мыйзамга ылайык, Камкордук кеңешке деп директор же мугалимдер өз колдору менен акча чогултууга болбойт.

Жогоруда аталган мыйзамдын 43-беренесине ылайык, каражаттар казначейлик атайын эсепке же банк эсепке гана которулушу керек.

Дагы бир маанилүү жагдай, КР Билим берүү жөнүндө мыйзамында минтип жазылган “Билим берүү мекеменин жетекчилиги же педагог кызматкерлери окуучулардан жана ата-энелерден жардам катары акча берүүнү талап кылууга укуктары жок” .

Демек, камкордук кеңештер ата-энелерди мажбурлай албайт, акча талап кылганга мыйзам боюнча акысы жок.

Ар бир ата-эне камкордук фондго өз каалоосу менен гана, мектепке жардам бергиси келгенде колунан келишинче каалаган суммада каражат бере алат.

Булан институту мына ушундай түшүндүрмө берет.

Мектептерди өнүктүрүү үчүн түзүлгөн коомдук фонддор 20 жыл мурда эле түзүлө баштаган. Бул соңку жылдары эле пайда боло калган көрүнүш эмес. Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова айткандай, эгемендиктин алгачкы жылдары мындай фонддор мектептерди оор кризистен сактап калган.

Класстык куржун деп акча чогултуу мыйзамсыз

“Мектептерде ата-энелерден акча чогултуунун дагы бир түрү — класстык куржун. Ар бир класс жетекчи өзү каалаган сумманы коюп, бир жылга 600 сомдон 1500 сомго чейин чогултат. Бул мыйзамсыз” дейт Булан институту.

Эч бир мыйзамда класстык куржунга акча чогултуу тууралуу айтылган эмес.

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманованын Булан институтуна билдиргенине караганда, ата-энелер камкордук кеңеши менен класстык куржунду чаташтырбашы керек.

“Мектептердеги класстык куржундар такыр башка маселе. Дал ушул класстык куржундар көп талаш-тартышты жаратат.

Ата-энелерден түшкөн даттанууларда класстык куржун тууралуу көп айтылат. Бирок териштире баштасак, башка ата-энелер «Бизге кийлигишүүгө укугуңар жок, класстык куржун биздики, өзүбүз түзгөнбүз, мүмкүн биз балдардын туулган күндөрүнө белек беребиз, мүмкүн балдарыбызды жаратылышка чыгарып, эс алдырабыз, аны өзүбүз билебиз» деп чыгышат, — дейт Мейрманова.

Класс жетекчилер кайрадан акча чогултпай, камкордук кеңеш астындагы ата-энелердин фондуна чогулган каражаттын эсебинен класстын чыгымдарын жабышы керек.

Класстык куржун деп балдарды кыйнап, кайрадан ата-энелерден акча чогултуу мыйзамсыз.

Айжан Айтышева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты