Айылдын азыгын саткан дүкөн ачылды
- 6 лет мурун
- Маек
Бул дүкөндө чет жактардан келген, өнүккөн технологиялар менен жасалган, өзгөчө курамдагы эч кандай азык таба албайсыз. Бул түйүндө бардык азыктар айылдагы чоң энебиздин үйүндө жасалгандай, нукура, таза азыктар гана орун алган.
Бул дүкөндүн идеясы беш жыл жетилип бышкан. Бир үй-бүлөнүн табигый тамакты ылгап жегенинен башат алат. Дүкөндүн ээлери шартына жараша жеп жаткан ашын тандап, пайдалуу табигый тамактар менен азыктанууга аракет кылышчу. Алардын башка элдерди да, ошол табигый тамактарды жеп турушса, пайдалуу гана азыктар менен азыктанса деген ниети азыркы учурдагы дүкөнгө алып келген. Беш жыл ичинде ойлонуп, бир жыл уста багып өз үйүнүн жарымын бузуп, дал ушул сатуу түйүнүнө айлантышкан.
Эң биринчи иретте, ар бир кыргыздын алыста жүрсө , сагынганы – эт эмеспи. Эт ээн-–эркин жайытта оттоп жүргөн бордолбогон малдыкы. Ар бир эт кесими туура үч күн тургандан кийин сүрсүтүү үчүн жиберилет. Ал эми сүр чучук үчүн атайын дүкөн ээлери тарабынан машина иштелип чыккан.
Сүр чучук демекчи, “Айыл азыгы” дүкөнүнүн ээси Бейшенбек Бекешов чучук тууралуу мындай дейт
—Дүкөндүн алдына эл аягы суюлуп калган кеч күүгүмдө бараандуу унаа минген бир жигит келип токтоп, бир топ соода жасады. Анын ичинде үчпү-төртпү, айтор бир чоң коноктук жылкынын чучугун алды. «Мейман күтөсүң го?»- дедим анын азыкты маашырланып тандап жатканына ыраазы болуп. «Жок, айылга, атама алып барам», — деди жигит кадимки көндүм ишин аткарып жатканын билгизе.
Менин оозуман сөз кетти. Төбөгө келтек жегенсип оюм чачырап: «Ии, алып бар, мен окшоп ата-энеңди жутуп алсаң чокуңа алып барат белең?!» — дедим далдырап ичимен.
Өзүмдүн ата-энеме атайылап арнап чучук алып барбаганым дароо тык этти мээме. Башка белек-бечкек алып барсам, алып баргандырмын, бирок кыргыздын төл азыгы болгон чучук дегенди алып барганым дегеле эсимде жок.
Тетирисинче, өмүр бою ошолордукун жедим, барган сайын сүрсүтүп сактаган чучугун салып берээр эле. Бишкекке көтөртүп ийгени, бирөөлөр аркылуу берип жибергени канча?! Мен эле эмес, туш-тушка чачырап кеткен он баласынын ар бирине ошентишчү. Бирок ата-энебиз эң жакшы көргөн тамак ушул эле деп, ошол өздөрү эң жакшы көргөндү ичпей-жебей сактап, эң жакшы көргөн адамдарына берчү эле деп кимдир бирөөбүз эстеп, атайылап аларга деп чучук камдап жүргөнүбүз эсимде жок.
Тиги жигит менен андан ары сүйлөшүүгө жарабадым. Көздөрүмдөн кылгырган жашымды катып, тезирээк бурулуп басып кетүүгө шаштым. Менден акылдуу, менден жолдуу ал баатырга чын жүрөктөн ичим эзилип суктандым. Ушунчалык черим жазылып ыраазы болдум. Бирок өз арманым тынчытпай, Бейиши болгон ата-энемди эстеген сайын жаш кетет…,-” дейт Бейшен авам.
Сатыктагы азыктардын баары табигый
Карасам, айткандай, дүкөндө сатыктагы азыктардын баары табигый. Алсак, нан илгертеден калган “камыр туруш” табигый ачыткасы кошулуп жасалат. Сатуучулардын айтымында, мындай нан адаттан айырмаланып, көп убакытка дейре бузулбай тура берип, ден –соолукка да зыян алып келбейт. Колго кесилген кесме— убактысы аз болгон, бирок табигый тамакты сүйүүчүлөр үчүн табылга болот десек жаңылышпайбыз.
Жупкадан жасалган тез татым (кукси) тамагы. Ушул азыкты жеп, тез арада күч-кубаттанып алса болот. Муну менен бирге жасалыш тартиби бат эриген кофеге окшогон, курамында керектүү азыктардын баары кошулган даяр жарма.
Жупкадан жасалган тез татым.
Даяр жарма.
Чөптү улай, түн уйкуну ологон, эс алдыруучу чөп толтурулган жаздыктар жана унаага жыт берүүчү буюмдар.
Муну менен катар чоподон жасалган гүл өстүрүүчү идиштер да коюлган.
Гүл өстүрүүчү идиш
Мындан сырткары, ышталбаган жемиштердин түрүн, күрүчтүн он төрт түрүн, Ноокен алмасынын түз сыгылган ширесин, жети дубандан келген балдын түрү, европалык стандарт менен жасалган табигый таттуулар жана башка пайдалуу азыктарды сатып алсаңыз болот.
Ал эми бул дүкөндүн максаты, элди табигый тамак менен камсыз кылуу жана кыргыз тамактарын кайра калыпка келтирүү. Дүкөн ээлери өндүрүүчүлөр менен түз иштешип, кээ бирлерин өздөрү үгүттөшкөн. Сатылган азыктар базар баасынан арзан.
Белгилей кетчү нерсе, “Айыл азыгын” бир гана жерде ачпастан борборубузда түйүндөрдү ачабыз деген эр -азаматтарга кол кабыш кылганга даяр экендигин дүкөн ээлери айтты. Жакынкы жылдарда дүкөндүн үстүнкү кабатында кыргыз ресторанын ачуу максаттары бар.
Бул жактан унутта калган уй кымызды ичип кетсеңиз болот.
Камыр туруш менен жасалган нан.
Ышталбаган кургатылган жемиштер.
Колго жасалган самындар.
Химикатсыз жүз маска.
Мөөндө дайын сары май.
Кыргыз жыттанган таттуулар.
Жети дубандан келген ар түркүн бал.
Кыргыз барына келип: ысык курут, кымыз, жарма ж.б. суусундуктарды ичип өзөк жалгап кетсе болот.
Акгүл Омуракунова
Сүрөттөрү автордуку.