Ошто «Чынар» кафесинен чыккан өрт өчүрүлдү
- 6 лет мурун
- Блог
14-февралда Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан «Чынар» кафесинин чатырынан чыккан өрт саат 11:00 дө өчүрүлдү.
Өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жалпы төрт бөлүм жана Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунан ыкчам топтун унаасы тартылды.
Өрт саат 10:10до чектөөгө алынган.
Өрттүн себептери такталууда.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматыныкы.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!