Соц. өнүктүрүү башкармалыгы Реабилитация борборуна неге кысым көрсөтүүдө?

Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун кызматкерлери Бишкек шаардык мэриясына караштуу Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан кысым көрсөтүлүп  жаткандыгын бүгүнкү, 31-январдагы, пресс-конференцияда билдиришти.

Соц. өнүктүрүү башкармалыгы Реабилитация борборуна неге кысым көрсөтүүдө?

Аталган борбордун психологу Оксана Шувалованын айтымында,учурда жосунсуз текшерүүлөр жүргүзүлүп жатат.

“Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борбору Бишкек шаардык мэриянын токтому менен 2003-жылы негизделген. Борбордун негизги иши-калктын аялуу катмарындагы мүмкүнчүлүгү чектелүү үй-бүлөлөрдөн чыккан балдар менен жана балдар үйлөрүнүн бүтүтрүүчүлөрүн реабилитациялооболуп саналат.

Борбор негизделгенден бери жетекчиси Алексей Петрушевский болуп келген.  Эч кандай мыйзам бузуулар катталган эмес. 2018-жылдын жай айынан тартып Бишкек шаардык мэриясына караштуу Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси болуп Нурбек Курманбеков дайындалгандан тартып көйгөйлөрүбүз башталды. Курманбеков ЖМКлар аркылуу Петрушевкийди педофилия, бала сатууга күнөөлөйбаштады. Пресс-конференцияларга борбордун атынан эч ким чакырылган жок. Азыр себепсизтекшерүүлөр жүргүзүлүп жатат”,-деп билдирди  Шувалова.

Галина Бибикова,

Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун директорунун орун басары:

“Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы чындыкка дал келбейт”

Соц. өнүктүрүү башкармалыгы Реабилитация борборуна неге кысым көрсөтүүдө?

“Текшерүүлөр финансы полициясынан башталды. Алар биринчи келип борбордон эт, буюмдарды чыгарып жаткандагы видео бар экендигин айтышты. Анда, эгерде ошондой далилиңер болсо, азыр алып кетсеңер болот дедим.

Албетте, эч кандай далили жок болгондуктан, алар эч нерсе алып кете алышкан жок. Ошондрй эле, мени бюджеттен бөлүнгөн акчаны негизсиз коротту деп күнөөлөштү. Күнөөсүз экенимди далилдегенен кийин, текшерүүлөрүн токтотушту.

Текшерүүнүн аркасынан теншерүүлөр башталды. Бирок, акыркысы баарыбызды таң калтырды. Бишкек шаардык мэриясынын аппаратынын ички аудит бөлүмүнүн башкы адиси Темир Дубанаев жумуш күнү аяктап калганда, ага чейин мага бир дагы жолу кирбестен, үч-төрт күндө борбордон жоголгон буюмдардын тизмеси менен келди. Бирок, кийин иликтөө жүргүзүлгөндө ал буюмдардынбаары борбордо бар экендиги далилденген. Ал көргөн нерселерин деле жок деп жаза берген”,-дейт Бибикова.

Аталган конфликттин келип чыгуу себептерин Оксана Шувалова төмөндөгүчө түшүндүрдү:

Соц. өнүктүрүү башкармалыгы Реабилитация борборуна неге кысым көрсөтүүдө?

“Петрушевский социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын баланы асыроого берүүдө кетирген каталарын айтып чыга баштаган. Андан кийин башкармалык Петрушевскийди күнөөлөйбаштады. Бирок, алардын эч бири далилденген жок”,- деп билдирди психолог.

Ушул учурда залда отургандардын арасынан белгисиз аял айтылып жаткандардын баары калп экенин жана учурда соттук териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын, ага байланыштуу мыйзам бузуудалилденген жокдеп айтууга болоорун айтты. Спикерлер менен урушуп жатып ал Лариса Ситрова экенин, борбордо бир жарым жаштагы баланы жашырып, ачыкка чыгарбай коюшканын билдирди. Анын айтымында, оор абалда жаткан баланы ал борбордон асырап алып, аны айыктырган. Борбордо ага эч кандай медициналык жардам көргөзүлгөн эмес.

Лариса Ситрова, бала асырап алган аял:

“Бир жарым жашар баланы эмнеге жашырышкан?”

Соц. өнүктүрүү башкармалыгы Реабилитация борборуна неге кысым көрсөтүүдө?

Ызы-чуудан кийин Лариса Ситрова менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болду. “ПолитКлиника” медиасынаберген маегинде ал борбордун кызматкерлери жумуш убагында келип, конференция уюштурганы аз келгенсип, калп айтып жатышкандыгын айтты:

“Менин барганымдын себеби, суроолорду берүүгө болот дешкен.  Менин бир эле суроом бар эле: Эмне үчүн алар бир жарым жашар баланы каттоого албай, борбордо жашырып отурушкан? Отурган жеримде инсульт болуп каламбы деп ойлодум. Айткандарынын бардыгы жалган”,-деди Ситрова.

Мындан сырткары Ситрова борбордон асыроого алган бала аябай оор абалда болуп, керек болсо, анын медициналык маалымкаты болбогонун айтты:

“Кичинекей баланы көргөндөн кийин чуркап келип сурадым, ал эмне болгон бала? Бала жашырып отурасынарбы?»- деп. Ошондо мага «эч кандай бала жок» деп жооп беришти. Анан мен баланы кайда алып бара жатышкандарын аңдып билдим. Кийин комиссия аркылуу баланы асыроого алдым. Баланын абалы аябай оор болчу. Ооруканага алып барганыбызда, «Эмне үчүн мындай абалга жеткирдиңер?» деп дарыгерлер урушту.  Бутуна тура алчу эмес, бир-эки кадамдан кийин эле кулап калчу. Тамактануусу начар болгон, нандан башка эч нерсе жеген эмес. Текшерүүдөн кийин тубаса жүрөк оорусу жана баш мээ, кан басымы бар экени аныкталды. Албетте, алар дарылоого милдеттүү эмес болчу. Бирок жок дегенде медициналык текшерүүдөн өткөрүшү керек эле”,- дейт Ситрова.

Аталган борбор негизделгенден бери 1700 бала реабилитациядан өткөн.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты