Кытай жарандарына Кыргызстанда иштөөгө канча квота берилген?
- 6 лет мурун
- Маек
Жогорку Кеӊеште 17-январда миграциялык саясат боюнча маалымат берип жатып, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова мындай сандарды айтты.
2017-2018-жылдары 7413 киши Кыргызстандын жарандыгын алган.
2017-жылы – 4793 киши; 2018-жылы – 2620 киши.
Акыркы 9 жыл аралыгында Кытайдын 352 жараны кыргыз жарандыгына ээ болгон; Анын ичинде: 171 адам этникалык кыргыздар, 72 уйгур, 9 өзбек, 6 кытай.
Ал эми акыркы 8 жылда 17669 кыргыз жараны чет өлкөлүктөр менен никеге турган.
Анын ичинде 60 кытай жараны бар, алар дагы ич ара кыргыз, казак, өзбек, уйгур, кытай, дунган сындуу улуттарга бөлүнөт”, — деди ал.
2017-жылы 236 киши; 2018-жылы 352 киши Кыргызстанда жашап турууга уруксат алган.
Быйыл кытай жарандарына иштөө үчүн 16490 квота каралган; анын ичинде 9 миӊ квота кытай улутундагыларга берилгенин вице премьер-министр Өмүрбекова билдирди.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз борбору маалымдады.
Сүрөт: ЖК басма сөз борборунуку.