Дача СУдагы курмандыкка эки жыл толду
- 6 лет мурун
- Маек
Дача СУ айылына самолет кулап, андан кишилер курман болгон кырсыкка бүгүн, 16-январда, эки жыл толду.
2017-жылдын 16- январында Бишкектин чет жагындагы аэродромго жакын Дача СУ айылында самолет кулаган, анын кесепетинен 39 киши курман болгон, анын ичинен 35 киши кыргызстандык жана түркиялык 4 экипаж эле. Жергиликтүү тургундардан бир адам жабыркагандарга жардам берип жүрүп каза тапкан.
“Боинг-747” самолету Гонконгдон Стамбулга учуп жара жаткан.
2018-жылдын 13-январында Дача СУнун самолет кулаган жеринде курман болгондорго арналып, эстелик тургузулду.
Кечээ, 15-январда, Президент Дача-СУдагы кырсыктан улам жакындарынан айрылган балдарды жана алардын туугандарын кабыл алып, көңүл айтты.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!