110 миң сом пара алууга шектелип, милиция кызматкерлери кармалды

  • 3 недели мурун

Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы жана милиция кызматкери пара алууга шектелип, кармалышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ИИМдин Ички иликтөө кызматына Т.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Аламүдүн РИИБинин милиция кызматкерлерине чара көрүүнү суранган. Арызда аталган кызматкерлер арыз ээсинин пайдасына маселени оң жагына чечип беребиз деп 180 миң сом пара талап кылышканы, ошондой эле 110 миң сом акча алгандан кийин маселени чечпей же берилген каражатты кайтарып бербей жүргөндүгү жазылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Пара алуу) менен кылмыш иши козголгон. 

Кылмыш иши боюнча Аламүдүн РИИБдин кызматкери кармалып, сурак учурунда аталган акча каражатты анын жетекчиси, Аламүдүн РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы А.У. маселени чечип берүү үчүн алгандыгы белгилүү болгон.  

Анын негизинде Аламүдүн РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Кылмыш иши боюнча тергөө улантылып жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты