11 журналисттин иши: Жактоочу айыптоочу тараптан атайын сотту создуктуруу аракеттери байкалганын билдирди (Видео)

Бүгүн, 12-сентябрда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда 11 журналисттин иши боюнча соттук процесс улантылды. Кийинки соттук процесс 19-сентябрга белгиленди.

Соттун процесстен кийин адвокат Нурсултан Жаныбеков журналисттерге буларды билдирди:

-Сот негизи бүгүн аякташы керек болчу. Тилекке каршы мамлекеттик айыптоочулар соттук отурумду кийинкиге чейин создуктуруп, эмнегедир даярдыксыз келгендери байкалды. Андан тышкары эксперт Жанышбек уулу Азамат прокурорлорго чакырык (массалык баш аламандыкка-ред) бар деп, жактоочуларга чакырык жок деп, айтор түшүнүксүз сөздөрдү айтып, сот отурумуна катышуучуларды адаштырууга аракет кылды. Мындан тышкары биз сотко өтүнүч келтирдик, жарыш сөздөргө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн киргизүү боюнча. Тилекке каршы, ал дагы канаттандыруусуз калтырылды. Кийинки, 19-сентябрь, саат 9:30 да жарыш сөзгө келип, баарыбыз акыркы, процессуалдык пикирлерибизди билдирели десек, прокурорлор ал күнү кайрадан айыпталуучуларга сурак берип,  аларды кайра сурайлы деген өтүнүчтөрдү келтирди. Бирок кандайдыр бир негиздүү же өздөрүнүн эмне себептен, кандай максат менен аларды сурарын билдире алышкан жок. Болгону мамлекеттик айыптоочулардан биз атайын убакытты создуктуруу аракеттерин байкап жатабыз,-деди адвокат Нурсултан Жаныбеков.

Бүгүн, 12-сентябрда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда 11 журналисттин иши боюнча соттук отурум өттү.  

Бүгүнкү отурумда Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, эксперт Жанышбек уулу Азамат мурдагы процесстерге келбегенине байланыштуу, сот аткаруучулар тарабынан күч менен Ысык-Көлдөн алынып келинди.

Сүрөт: 4-сентябрь, 2024-жыл. Бектур Оргубаев/»ПолитКлиника»

Видео: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты