11 журналисттин иши: Орун жок деген шылтоо менен чагылдырууга барган журналисттерди сот отурумуна киргизбей коюшту

Бүгүн, 3-октябрда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунда иштеп жаткан жана мурда иштеп кеткен 11 журналисттин иши боюнча соттук отурумга орун жок деген шылтоо менен журналисттерди киргизбей коюшту.

Бул тууралуу Ленин райондук сот отурумуна барган «ПолитКлиника» медиасынын журналисттери билдиришти.

«Орун жок болуп жатат, чыгып тургула деп чыгарышкан, андан кийин эшикти жаап салышты» деди сот отурумун чагылдырууга барган журналисттерибиз.

Бүгүн сотто айып коюлуп жаткан журналисттерге соңку сөз берилери, райондук соттун чечими чыгарылары күтүлүп жаткан.

26-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда 11 журналисттин иши боюнча өтүп жаткан соттук отурумда камактагы төрт журналисттин баш коргоо чарасы каралып, алар кайрадан камакта калтырылды.

Сотто мамлекеттик айыптоочу 11 журналисттин ар бирин 6 жылдан абакка кесүүнү жана үй камагына чыгарылган журналисттерди сот залынан камакка алууну суранган.

4-сентябрда Бишкек шаардык сотунда 11 журналисттин иши боюнча Ленин райондук сотунун чечимине каршы апелляциялык даттануусу каралган. Бишкек шаардык соту апелляциялык даттанууну канаттандырган эмес. Төрт журналистке карата Ленин райондук сотунун чечими өзгөрүүсүз калтырылган.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан 11 журналисттин иши Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жиберилген.

Сүрөт: Бектур Оргубаев/»ПолитКлиника». 3-октябрь, 2024-жыл.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты