11 журналисттин иши: Бириккен улуттар уюму кыргыз бийлигине кайрылуу жасады

  • 2 дня мурун

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча башкармалыгы түрмөгө кесилген кыргыз журналисттеринин иши боюнча тынчсыздануусун билдирип, Кыргызстандын бийлигине кайрылуу жасады. Кайрылуу БУУнун расмий сайтына жарыяланды.

Кайрылууда БУУнун Адам укуктары боюнча башкармалыгы тийиштүү укуктук процедурадагы жана адилеттүү соттук териштирүүдөгү көйгөйлөр менен коштолгон “массалык баш аламандыкка чакырган” деген айып менен эки кыргызстандык журналист — Азамат Ишенбеков менен Махабат Тажибек кызынын соттолуп, беш жана алты жылга эркинен ажыратылганына тынчсызданып жатканын билдирген.

БУУ «ушул эле иш боюнча үч жылга шарттуу кесилген дагы эки журналистин шарттуу түрдө боштондукка чыгарылышы керектигин айтып: «Биз бийликти алардын иштерин адам укуктарынын эл аралык стандарттарына ылайык толук карап чыгууну камсыз кылууга чакырабыз»,- деген.

«Биз бийликти журналисттерди жана башка адамдарды алардын негизги укуктарын, анын ичинде сөз эркиндигин ишке ашырууда жоопко тартылууга дуушар кылган Кылмыш-жаза кодексиндеги бүдөмүк нормаларды кайра карап чыгууга чакырабыз»,- деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 10-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунда иштеп жаткан жана мурда иштеп кеткен 11 журналисттин иши боюнча чечим чыгарган. 

Анда Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга, журналист Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратып, Актилек Капаров менен Айке Бейшекееваны үч жылдык мөөнөт менен пробацияга чыгарган. Калган журналисттер — Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Максат Тажыбек уулу жана “ПолитКлиникадан” Тыныстан Асыпбеков соттун чечими менен акталышкан.     

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты