Ишенбай Абдуразаков Иранда жыңайлак калганда

Вячеслав Гиззатов, Казакстан Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси 

Ишенбай Абдуразаков Иранда жыңайлак калганда1997-жылдын башында мен Казакстандын Ирандагы элчиси болуп дайындалдым. Ал жактагы Кыргызстандын элчилигинде Ишенбай менен Майрамдын уулу Авазбек Абдуразаков  да иштечү. Ошондо жубайлар  Тегеранга келишти. Алардын келиши биздин үй-бүлөбүз үчүн кубанычтуу окуя болду. Биз аларга кантип көңүл буруп, кантип сыйлаарыбызды билбей, жетине албай  калдык. Ишенбай баягыдай эле жаңы нерсеге умтулуп, башкаларга караганда өзүнүн адаттан тыш баасын берип, кыраакылыгын, өзүнө гана тиешелүү кайталангыс сапаттарын көрсөтүп жатты. Бай тарыхы, уникалдуу саясий түзүлүшү бар Иран аны кызыктырып гана тим болбостон көптөгөн суроолорду берип, ага биз жооп таба албай жаттык.

Айрыкча Ишенбайдын  ар нерсени билгиси келгени кээде айрым окуяларга да туш кылдырчу. Ал ирандык диний башчы, ислам революциясынын жетекчиси  улуу аятоллы Хомейнинин мекенине, Кум шаарына баргысы келип туруп алды.  Дем алыш күнү бармак болдук (Иранда дем алыш күн — жума).  Ал күнү зыяратчылар көп, ыйык жерге барчу, анын ичинде имамдын карындашы, 12 имамдын  бири — Резанын табытын көрүүгө кызыккандар көп. Эл көп экенине карабай, Ишенбай да ал мечитти көргүсү келди. Мечитке кирерде баары бут кийимин чечип киришет. Биз да бут кийимибизди чечип, мечиттин ичине киргенбиз. Чыксак эле Ишенбайдын бут кийими жок.    Бизден айырмаланып, анын бут кийими жаңы болсо керек. Анын бут кийими ал жактагы мечиттегилерге эле эмес, дагы бирөөнө жагып калыптыр. Ал күнү дем алыш, дүкөндүн баары жабык, башка бут кийим сатып берели десек, эч жерден таппайбыз. Ошентип, ал Тегеранга носкичен келди. Андан кийин биз аны «жылаңаяк чиновник» деп атап коюп, көпкө ошону айтып күлүп жүрдүк.

Жазып алган Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты