Казакстан БУУда Борбордук Азиянын кызыкчылыгын коргойт

Казакстан БУУда Борбордук Азиянын кызыкчылыгын коргойт

Өткөн жумада “БУУнун Коопсуздук Кеңешинде бул жакка мүчө болгон Казакстандын аракети менен көтөрүлө турган Борбордук Азия аймагындагы актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулоо. Ислам дүйнөсүндөгү, анын ичинде Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугу боюнча Казакстандын кадамдары” аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Бул жыйынга кыргыз-казак серепчилери, дипломаттары катышты. 

2017-жылдын 1-январынан тартып Казакстан БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө болуп кирди. Буга байланыштуу Казакстандын президенти “Гүлдөгөн жана адилеттүү, коопсуз дүйнөнү куруу үчүн глобалдуу өнөктөштүктү бекемдөө боюнча Казакстандын концептуалдык көз карашы” деп аталган кайрылуу жасап, анда жети жасала турган өзгөчө мааниге ээ маселелер белгиленген. Алардын бири —  Борбордук Азияны тынчтык аймагына айлантуу моделин калыптандыруу, коопсуздук, кызматташуу жана өнүгүү маселелери.

Тегерек столдо Борбордук Азияга глобалдык кызыгуу күчөп турган учурда Казакстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө болушу аймактагы көйгөйлөрдү көтөрүп чыгып, дүйнө жүзүнүн көңүлүн бурууга чоң мүмкүнчүлүк экени белгиленди.

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов Казакстандын  БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги негизги максаты Борбордук Азиянын кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу экенин айткан эле. “Биз боордош мамлекеттер менен макулдашып алып, аймакта эң маанилүү болуп жаткан коопсуздук маселелерин көтөргөнү жатабыз. Бул аймакты тынчтык, кызматташтык жана коопсуздук өкүм сүргөн аймакка айландыруу максатында иш алып барабыз” деп билдирген казак министри.

Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин биринчи катчысы Нурлан Ешкеевдин айтымында, Казакстан Борбордук Азиянын ар бир өлкөсү, анын ичинде эң жакын тууган Кыргызстан өнүгүп-өсүшүн каалай турганын айтты. Андан сырткары, Казакстан климаттын өзгөрүшү, энергетика жана суу ресурстары боюнча аймактык талкууларды жандантары белгилүү болду.

Кыргыз саясат таануучусу Марс Сариев мындай бирдиктүү аймакты түзүүдө Өзбекстан менен дагы биргеликте иш алып баруу зарыл деген оюн айтты. “Казакстан менен Орусиянын чек арасы бир. Эгер Казакстан кырдаалдын түзүүчүсү болсо, Орусиянын таасири менен күнтартибиндеги маселени унутуп коюшу мүмкүн. Ошондуктан, эгерде Казакстан ошондой бирдиктүү аймакты түзөлү деп жаткан болсо, Өзбекстан менен дагы бирдикте иш алып барышы керек. Казакстан менен Өзбекстан бул аймактагы өлкөлөрдү бириктирип, бир аймак кылып жасап чыгышы керек, же болбосо муну Орусия жасайт. Ошондуктан ким эртерээк аракет кылса, ошол жасайт. Мисалы, эмнеге Орусия ШКУга же Улуу Жибек жолу долбооруна этияттык менен мамиле кылып жатат? Анткени бул Кытайлардын долбоору. Алар канчалык бирдей өнөктөшпүз дебесин, баары бир бул жакта Кытай доминанттык кылат. Ошондуктан азыркы замандын, келечектин салгылашуулары мурдагыдай танктар менен эмес, ой-жүгүртүүлөрдүн салгылашуусу болот” деди Сариев.

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев башка Борбордук Азиядагы өлкөлөр, анын ичинде Казакстан дагы артыкчылык берилген багыттарды тандап алышы керек деген пикирин ортого салды. “Коопсуздук маселеси боюнча, албетте, биринчи маселе Афганистан болуп турат. Афганистан боюнча КККУ (ОДКБ) жана ШКУ сыяктуу эле Борбордук Азиянын так, бирдиктүү позициясы жок. Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан булар Афганистан менен чектешкен өлкөлөр катарында үч элементтен турган негизги багыттары бар. Бул этностук маселе. Афганистанда бул өлкөлөрдүн абдан чоң диаспоралары бар. Тажикстандыкы кыйыныраак. Тажикстандын өзүндө жашагандан дагы көп тажиктер Афганистанда жашайт. Экинчиден, экономикалык маселелер. Үчүнчүдөн, суу маселеси. Ушул өңүттөн алганда, Казакстан БУУда терроризмге каршы иш алып барууда бул маселелерде активдүү болушу керек деген ойдомун” дейт Иманалиев.

Тегерек столдо бул сунуштардан сырткары, энергетика, суу ресурстары, азык-түлүк коопсуздугу жана башка маселелер талкууланды. Жыйынтыгында катышуучуларынын баары Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн биригүүсү менен көптөгөн көйгөйлөргө чекит коюп, экономикалык, коопсуздук сыяктуу маселелерди чогуу чечкенге мүмкүн экенин белгилешти. Ошондой бирдиктүү иш алып баруу гана Борбордук Азиянын дүйнөдөгү негизги “оюнчулардын” бири болуусуна шарт түзөт. Бул үчүн, албетте, аймактагы өлкөлөр узак мөөнөтүү өнөктөш болуп, тыгыз иштешип, биргеликте багыттарды тандап алуусу зарыл.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты