Кыргызстанда канча кытай жараны жашайт?
- 6 лет мурун
- Маек
Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда таркаган Кыргызстанда жүргөн Кытайдын жарандары тууралуу маалыматка карата Өкмөт төмөнкүлөрдү билдирди.
КР Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 2018-жылы Кыргыз Республикасына 35 215 (2017-жылы 41 307) Кытай жараны кирип, ошол эле мезгилде 34 436 (2017-жылы 40 690) Кытай жараны чыгып кеткен.
КР Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда Кыргыз Республикасынын визасын 21 017 Кытай жараны алган, мунун 14 492 электрондук виза. 2017-жылы 12 310 виза алынган, (анын ичинде 1013 электрондук виза), ошону менен бирге көп жолку виза алгандар Кыргыз Республикасынын аймагына бир календардык жылдын ичинде бир канча жолудан келип-кетишкен.
КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча убактылуу жашаганга уруксатты 11 966 (2017-жылы 18 312) Кытай жараны алып, алардын ичинен 9 498 (2017-жылы 11 593) Кытай жараны Кыргызстандын аймагында убактылуу иштегенге уруксаат алган.
Ошону менен бирге иш берүүчүлөр уруксатты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматынан жыл сайын кайрадан алып турганга милдеттүү.
2010-2018-жылдары бардыгы болуп Кыргызстандын 60 жараны Кытайдын жарандары менен расмий үй-бүлө курушкан (никелешүү тууралуу күбөлүктү алышкан).
2010-2018-жылдарда жалпысынан 268 Кытай жараны Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган. Алардын ичинде 171 кыргыз, 72 уйгур, 9 өзбек, 6 кытай, 9 дунган жана 1 казак улутундагылар бар.
Келтирилген маалыматтарды эске алуу менен туура эмес маалыматтарды камтыган чакырыктар кыргыз-кытай эки тараптуу стратегиялык кызматташтыгына оор залакасын тийгизе турганын билдиребиз деди КР Өкмөтү.
Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн маалыматтык бөлүмү кабарлады.
Сүрөт: Интернет булактарынан.