10 тоннадан ашык алтын запасы бар жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия жокко чыгарылды

  • 3 недели мурун

Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды берүүдө жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде коррупциялык схема аныкталды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, аталган министрликтин айрым кызмат адамдары “П.А.Т.” ЖЧКсынын жетекчилери менен макулдашып, алтын, күмүш, жез, коргошун, цинк жана висмутка боюнча геологиялык издөө иштерин жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны мыйзамсыз трансформациялашкан.

Аталган факт боюнча жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Кыргыз геологиялык кызматынын жер казынасын иштетүү башкармалыгынын башчысы К.Р.К. жана “П.А.Т.” ЖЧКсынын мурдагы жетекчиси К.А.Ж. кармалып, Талас шаарык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кабыл алынган чаралардын натыйжасында жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын чечими менен алтындын 10 тоннадан ашык запасы бар жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия жокко чыгарылды жана мамлекетке кайтарылды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты