1-класска электрондук каттоонун аякташына үч күн калды

  • 3 недели мурун

Билим берүү жана илим министрлиги 28-августка карата республика боюнча Балдарды мектепке кабыл алуунун бирдиктүү маалыматтык системасы аркылуу 126 миң 578 бала катталганын маалымдады.

1-класска Ош облусунда – 24 миң 459, Жалал-Абад облусунда – 24 миң 80, Чүй облусунда – 22 миң 107, Бишкек шаарында – 16 миң 738 жана Баткен облусунда – 12 миң 110 бала катталды.

Учурда 30-августка чейин жашаган жери боюнча mektep.edu.gov.kg платформасында мектеп жашына жеткен балдарды (6-7 жаш) онлайн каттоо жүрүүдө. Балдарды платформага ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр каттай алат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты