“Зеленский украин аскерлери кол салат деп сакчыларын күчөттү” деген маалымат далилсиз (Фактчекинг)

6-июнь күнү “Элдик медиа” сайтында “Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн аскерлери кол салат деп коркуп коопсуздук чараларын күчөттү” деген билдирүү жарыяланган. Анда бул маалыматты Раданын экс депутаты Илья Кива жазып чыкканы белгиленген. 

“Зеленский украин аскерлери кол салат деп сакчыларын күчөттү” деген маалымат далилсиз (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Илья Киванын билдирүүсү 

5-июнь күнү Раданын экс-депутаты Илья Кива Телеграм каналында Владимир Зеленский өз аскерлеринен коркуп коргонууну күчөтүп жатканын билдирген. 

“Зеленский украин аскерлери кол салат деп сакчыларын күчөттү” деген маалымат далилсиз (Фактчекинг)

«Кечээ Зеленский Орусиянын ракеталык соккуларынан эмес, украин аскерлеринин өлтүрүү аракеттеринен коркуп, жеке коопсуздукту бекемдөө милдетин койду. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгынын ичинде азыр барган сайын көп адамдар Зеленскийдин бүтүндөй Украинанын өлүмүнө алып келген чечимдери жана жиндилиги жөнүндө айтып жатышат. Бул согуш бүтүшү керек. Согушту бүтүрүүнүн эң ылдам жолу Зеленскийдин өлүмү менен болушу мүмкүн”, — деп жазган ал.

Бирок, Илья Кива бул маалыматты кайдан алганы тууралуу ачык айткан эмес. 

Белгилей кетсек, Телеграмда “Илья Кива” деген бир канча канал бар. Бирок бул маалымат чыккан канал Илья Кивага тиешелүү экени айтылып келет. Анткени каналдын түптөлгөнүнө бир канча жыл болуп, 76 миңге жакын катталуучусу бар. 

Буга чейин, 2021-жылы Украинанын мурдагы башкы прокурору Юрий Луценко Владимир Зеленскийди Украинанын Мамлекеттик коопсуздук департаментинин 70тен ашуун кызматкери коштоп жүргөнү тууралуу айткан. Бирок 24-февраль күнү Орусия Украинага чабуул койгондон кийин, Владимир Зеленскийдин жан сакчылары туурасында украиналык жана англис тилдүү сегменттерде  маалыматтар чыккан эмес. 

Зеленский согуш талааларына барып, жеринде маалымат берип жүргөн убакта жанында бир топ адамдын коштоосунда жүрөт. 

“Зеленский украин аскерлери кол салат деп сакчыларын күчөттү” деген маалымат далилсиз (Фактчекинг)

Бирок бул “Владимир Зеленский украин аскерлеринен корккону үчүн жан сакчыларын көбөйтүүдө” деген маалыматты далилдебейт. Анткени бул тууралуу чыккан бир да официалдуу маалымат жок. 

Илья Кива деген ким? 

Илья Кива Украинанын саясий, мамлекеттик жана коомдук ишмери. Буга чейин Борбордук Раданын 9-чакырылышынын депутаты болгон. 

“Зеленский украин аскерлери кол салат деп сакчыларын күчөттү” деген маалымат далилсиз (Фактчекинг)

Маалыматтарга ылайык 2011-жылы Илья Кива, Полтава облусунун Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо департаментинин жетекчисинин орун басары болуп иштеп турганда пара алып жаткан жеринен кармалган. 2013-жылы ал пара алган деп соттолгон.

Мындан сырткары да Кива бир канча чуулгандуу иштерде аты аталган. Мисалы 2016-жылы күч түзүидөрү Киваны Донбасстагы аткезчиликке тиешеси бар деп айыпташкан.

2019-жылы Украинада өткөн президенттик шайлоонун биринчи айлампасында Илья Кива 0,03% добуш алган. Аталган шайлоодо Владимир Зеленский жеңишке жетишкен болчу.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына ылайык, 2022-жылдын февралында Илья Кива Украинадан чыгып, алгач Испанияга, ал жактан Москвага көчүп кеткен. 2022-жылдын март айында Кива Украинанын Башкы прокуратурасынын назарына да түшкөн. Эл өкүлү мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип, Жогорку Рададагы мандатынан ажыратылган.

Башкача айтканда, Илья Кива Украинада пара алууга шектелген жана башка чуулгандуу окуяларга аралашкан бозгундагы экс чиновниги. 

Мындан сырткары ал, Украинанын азыркы президенти Владимир Зеленскийдин дагы шайлоодогу атаандашы болгон. 

Жыйынтык: “Владимир Зеленский украин аскерлери кол салат деп сакчыларын күчөттү” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Маалыматты тараткан Илья Кива Зелескийдин шайлоодогу атаандашы жана азыр бозгунда жүргөн адам. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты