Украинаны колдоо митингинин катышуучуларын милиция кармап кетти (Фоторепортаж)

Бүгүн, 2-апрелде, активисттер Бишкек шаарындагы Горький атындагы сейил бакта Орусиянын Украинага жасап жаткан аскердик чабуулдарына каршы тынчтык митингине чыгышты. 

Катышуучулар “Согуш токтосун” деген плакаттар жана Владимир Путиндин сүрөтүн көтөрүп чыгышкан.  

Украинаны колдоо митингинин катышуучуларын милиция кармап кетти (Фоторепортаж)
Украинаны колдоо митингинин катышуучуларын милиция кармап кетти (Фоторепортаж)
Украинаны колдоо митингинин катышуучуларын милиция кармап кетти (Фоторепортаж)
Украинаны колдоо митингинин катышуучуларын милиция кармап кетти (Фоторепортаж)
Украинаны колдоо митингинин катышуучуларын милиция кармап кетти (Фоторепортаж)
Украинаны колдоо митингинин катышуучуларын милиция кармап кетти (Фоторепортаж)

Көп өтпөй Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын өкүлү, Бишкек шаарынын “Ала-Тоо” аянтында Украинаны же Орусияны колдоо акцияларын өткөрүүгө 1-апрелден тарта тыюу салынганын билдирди. Аталган чечим Биринчи май, Ленин, Свердлов жана Октябрь райондорунун соттору тарабынан мыйзамдуу деп табылып, 2022-жылдын 1-апрелинен 1-июлга чейин тынч жыйын, митинг жана акцияларды уюштурууга болбой турганы тууралуу эскертүү жасады.

Украинаны колдоо митингинин катышуучуларын милиция кармап кетти (Фоторепортаж)

Активисттер бул чечим туура эмес экенин билдиришип, Президент Садыр Жапаров сөз эркиндигине эч ким тоскоолдук жаратпай турганын өзү жазып чыкканын айтып, “тарап кетүү” тууралуу эскертүү негизсиз экенин билдиришти. 

Анткени, Президент Садыр Жапаров Горький атындагы сейил бакта өлкө демократия багытынан кайтпай турганын, митингдер сөзсүз болушу керектигин Фейсбук баракчасы аркылуу билдирген.  

Украинаны колдоо митингинин катышуучуларын милиция кармап кетти (Фоторепортаж)
Украинаны колдоо митингинин катышуучуларын милиция кармап кетти (Фоторепортаж)

Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгы орус-украин чырына байланыштуу митингдерди өткөрүү чечими боюнча соттун чечимине баш ийе турганын билдирип, катышуучуларды массалык түрдө кармап кетти. 

Белгилей кетсек, Россиянын президенти Владимир Путин 24-февралда, Украинага карата аскердик операцияларды баштаганын жарыялаган. Бул тууралуу ал “Россия 24” каналынын эфиринде жарандарга кайрылуу учурунда айткан. Азыркы учурда Украинанын бир канча шаары жана жай тургундардын үйү аткыланууда. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты