“Украиналыктардын 93%ы согушта Россияны жеңип чыгаарына ишенет” деген изилдөө жүргүзүлгөнү чындык (Фактчекинг)

20-март күнү активист Урмат Насыкулов Фейсбуктагы баракчасына Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин видеосун бөлүшкөн. Ал билдирүүсүндө Украинанын аракетине баа берип, акыркы жүргүзүлгөн сурамжылоо жөнүндө сөз кылган. 

“Украиналыктардын 93%ы согушта Россияны жеңип чыгаарына ишенет” деген изилдөө жүргүзүлгөнү чындык (Фактчекинг)

Сурамжылоого ылайык, Украиналыктардын 93%ы азыркы болуп жаткан согушта Украина жеңе турганына ишинээри айтылат. 

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Бешинчи социологиялык сурамжылоо 

18-март күнү «Рейтинг» социологиялык изилдөө тобу Украинадагы бешинчи жалпы улуттук сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялады. Сурамжылоо согуштук кырдаал учурунда калктын оюн билүү үчүн жүргүзүлүп жатканы белгиленген. 

Ага Крым менен Донбасстын убактылуу оккупацияланган аймактарынан башка бардык аймактардагы Украинанын 18 жаштан жогорку 1000 жараны катышкан. Респонденттер жынысы жана жашына жараша тандалып алынган. 

«Рейтинг» социологиялык тобу жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, респонденттердин 77% Украинада иштер туура багытта баратат деп эсептеген. Ал эми 14%ы Украинанын саясатын туура эмес деп бааласа ,10%ы жооп бере алган эмес. 

Ошондой эле “Украинанын согушта жеңип чыгат” жана Россиянын  чабуулун кайтара алат деп сурамжылоого катышкандардын 93%ы эсептеген. 

“Украиналыктардын 93%ы согушта Россияны жеңип чыгаарына ишенет” деген изилдөө жүргүзүлгөнү чындык (Фактчекинг)

Сурамжылоого катышкандардын 74%ы Владимир Зеленскийдин Владимир Путин менен согушту токтотуу боюнча түз сүйлөшүүсүн колдосо, төрттөн бири колдогон эмес. 

“Украиналыктардын 93%ы согушта Россияны жеңип чыгаарына ишенет” деген изилдөө жүргүзүлгөнү чындык (Фактчекинг)

Ошондой эле НАТОго мүчө болууну колдогон Украиналыктардын саны өскөн. Тактап ай тканда респонденттердин 44%ы НАТОго мүчө болушу керек деп эсептесе, 42%ы  НАТО менен кызматташууну улантыш керек, бирок альянска мүчө болбошу керек деп айтышкан. 

Бул көрсөткүч мурда НАТО менен такыр кызматташуунун зарылдыгы жок деп айткандардын эсебинен өскөн. Азыркы учурда алардын саны 7%ды гана түзгөн. Калган 7%ы жооп берүү кыйын экенин билдиришкен. 

“Украиналыктардын 93%ы согушта Россияны жеңип чыгаарына ишенет” деген изилдөө жүргүзүлгөнү чындык (Фактчекинг)

Мындан сырткары сурамжылоого катышкан Украиналыктардын көпчүлүгү бүгүнкү күндө Украинага эң жакын мамлекет катары Польша, Литва, Улуу Британия жана АКШны айтышкан. 

Сурамжылоого ишенүүгө болобу? 

 Стандарттык сурамжылоолордо респонденттердин саны 400гө жакын киши болуп саналат. 

Статистикалык жактан маанилүү натыйжаларды алуу үчүн ар бир суроого жооп бериши керек болгон респонденттердин саны бир нече миңден бир нече миңге чейин өзгөрүшү мүмкүн.

Негизинен сурамжылоодо респонденттердин санына чектөө жок. Болгону, жаш, жыныс жана курагы боюнча тең салмактуулугу сакталышы керек. 

Бирок сурамжылоодо канча эркек же аял катышканы жана жаш курактары тууралуу маалымат берилген эмес. Негизинен эл аралык изилдөө институттарды бул маалыматтарды социалогиялык сурамжылоонун эң башында көрсөтүлүүгө тийиш. 

Жыйынтык: Изилдөөгө ылайык, Россия менен Украинанын ортосундагы согушта Украиналыктардын 93%ы жеңишке жете турганы айтылганы чындык. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты