Украиналык эне баласынын аркасына маанилүү маалыматтарды жазганы чындык (Фактчекинг)

 Акыркы убактарда социалдык тармактарда артына ата-жөнү жана башка маалыматтар жазылган кичинекей кыздын сүрөтү кызуу талкууга түштү.

Сүрөттү жарыялаган колдонуучунун маалыматына ылайык, Украинада согуштан каза болуп калсак деп, ата-энелер балдарынын аркасына алар жөнүндө маалыматтарды жазып башташкан. 

Сүрөт социалдык тармактардын колдонуучулары арасында талкууга алынган. 

“ПолитКлиника” медиасы бул сүрөттүн Украинадагы согушка тиешеси бар же жоктугун текшерип көрдү. 

Сүрөттү алгач кыздын апасы Александра Макова тартып, өзүнүн Instagram баракчасына жарыялаган.  Ошондой эле ал бул боюнча The New York Times гезитине да интервью да берген.  

Александра Макова өз маегинде бул кадамга ал аргасыздыктан барганын айткан. 

“Эгер согуштун айынан күйөөм экөөбүз каза болуп калсак, кызыбыз Вера ал ким экенин билсин деп ойлогом”, — деп билдирген Макова гезитке.

Мындан кийин аталган сүрөт Украиндагы ырайымсыз согуштун карапайым калкка алып келген оор кесепеттеринин символуна айланып калган.

Белгилей кетсек, Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Украинада миңдеген жайкын тургундардын, аскерлердин өмүрү кыйылды. Украинанын Башкы прокуратурасынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 205 жаш бала каза болду. Ошондой 600гө жакын кичинекей балдар жабыр тартышты.

Аны менен катар бул согуштан улам чет өлкөгө качкан украин жарандарынын саны 5 миллионго жетти.

Жыйынтык: Сүрөт Украинадагы согушка тиешеси бар. Маалымат чындык экени далилденди.  

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр