Украинага айдалган кыргыздар тууралуу тасма жараткан Григорий Пырликтин баяны
- 2 ай мурун
- Баяндар, Фактчекинг
Григорий Пырлик — журналист. Ал Кыргызстанда төрөлүп, өскөн. 17 жашында Украинага окууга кетип, ошол жакта жашап калган. Бирок орус-украин согушу башталгандан бери Чехияге жер которуп, иштеп жатканын айтты.
Мен Кыргызстанда төрөлгөнмүн. 34 жаштамын. Эгерде согуш болбосо, Украинага менин жарым жашым туура келмек. Анткени мен 2006-жылы Харьковго окуу үчүн келгем. Ал убакта ата-теги украин болгондор үчүн алмашуу программасы бар эле. Ошентип мен Харьков улуттук университетине бюджеттик орунда журналистика бөлүмүндө окуп калдым. Беш жылдык окуумду бүтүргөндөн кийин дагы үч жыл Харьковдо жашадым. Андан кийин Киевге көчүп кетип, ал жерде 2022-жылдын февраль айына чейин жашадым. Толук кандуу басып кирүү коркунучу сезиле баштаганда жетекчилик жумушчу топтун бир бөлүгүн бир жарым айга Прагадагы борбордук кеңсеге жөнөтүүнү чечти. Алардын катарында мен да бар элем. Бир жарым айга деп келген сапарыбыз узап, азыркы күнгө чейин Прагада иштеп жатам.
Пырлик учурда “Настоящее время” телеканалында иштейт. Ал таңкы маалыматтык-аналитикалык берүүлөрдү алып барат.
“Эркин Европа” үналгысында, же тагыраак айтканда, “Настоящее время” телеканалында журналист болуп эмгектенем. Бул каналды 2016-жылы “Эркин Европа” үналгысы менен “Америка добушу” биргелешип негиздешкен. Бул орус тилдүү дүйнөнүн жыйырмадан ашуун өлкөсүндө окурман, көрөрмандары бар телеканал. Албетте, аудиториянын басымдуу бөлүгү постсоветтик өлкөлөрдөн. Мен таңкы берүүлөр менен иштеген команданын мүчөсүмүн. “Утро” деген аталыштагы таңкы маалыматтык-аналитикалык берүү. Биз кабарларды топтоп, аларды талдай турган эксперттерди чакырабыз. Азыр берүүбүздүн басымдуу бөлүгү орус-украин согушуна, анын эки өлкө үчүн, же кененирээк алсак, дүйнө үчүн согуштун кесепеттеринин кандай болоруна арналган.
Пырлик 1930-жылдардагы кыргыздардын Украинанын Херсон облусуна сүргүнгө айдалышы, алардын аймактагы жашоосу тууралуу “Повести гор и степей” аталышындагы аудиофильмдин автору. Кыргызстан тууралуу көп материалдарды жазган, «Репрессияны эскерүү: Кыргызстан менен Украинанын тажрыйбасы» аттуу талкуунун модератору болгон.
Беш жыл мурун мен мындай көрүнүш советтер союзунун тарыхында болгондугун билдим. Анда Кыргыз ССРи болуп турганда кыргыздарды Украинанын аймагындагы Херсон облусуна сүргүнгө айдашкан экен. Ага чейин Украинанын тарыхынан көпчүлүк адамдарды, көбүнчө крым татарларын, украиналыктарды Борбор Азиянын аймагына сүргүнгө айдашканынан кабарым бар эле. Өзбекстан, Казакстан, кээ бирлери Кыргызстанга айдалышкан. Ал эми Кыргызстандан Украинага сүргүнгө айдалып келгендер болгонун билген эмесмин. Бирок бул жөнүндө башка материалдар бар эле. 2011-жылы Кыргызстан элчилигинин делегациясы Херсон облусуна барып, ал жерде качандыр бир кезде кыргыздардын сөөктөрү көмүлгөн деген жерге эстелик белгисин орнотушкан. Анткени ал жер каралбай калып, көрүстөндөр көрүнбөй деле калган болчу. Бирок алар жашаган айылга баруу мүмкунчүлүгү болгон. Депортациянын өзү 1930-жылдары, эгер адашпасам 1932-жылы болгон. Демек, бул Украинадагы массалык ачкачылыкка чейин болгон. Ал убакта Советтер Союзунун бүтүндөй территориясында Борбор Азиянын аймактарына сүргүнгө айдоо иштери болуп жаткан. Колунда бир аз байлыгы бар, жакшы жашаган, СССРдин бийлигине каршы чыгып, же аны менен макул болбогон, өтө жакшы жашаган кыргыздарды вагондорго салып, Херсон облусуна жөнөтүп жиберишкен. Жергиликтүүлөрдү Сибирге, же ошол Борбор Азияга жиберип, алардын ордуна кыргыздар жайгаштырылган. Алар Херсондо 10 жылдан ашуун убакыт жашашкан. Кийин Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда совет бийлиги аларга мекенине кайтууга уруксат берген. Эч кандай коркунуч жаратпай калды деп эсептешип, аларды мекенине жөнөтүшкөн.
Журналист материалын даярдап жатып, ошол жылдары кыргыздар менен бир айылда жашаган, учурда жашы бир топко барып калган кемпир менен сүйлөшүп, баалуу маалыматтарга ээ болгон.
Азыр Херсон облусунда ал учурдун адамдары менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү жок. Бирок бул айылда азыр жашы 90дорго барып калган аял жашайт. Ал жогорудагы окуялар болуп жатканда кичинекей бөбөк болчу, бирок айылдагы кыргыздарды, алардын кыргызча ырларды ырдаганын, аны менен бала бакчага баргандарын, ынтымакта жашашканын эскерет. Башка көп нерсени эстебесе да, андан маанилүү маалыматтарды алса болот. Андан башка чоң атасы менен атасы Херсонго сүргүнгө айдалгандардын катарында болгон кыргыз киши да көп нерсени айтып бергендерин кошуп мен өзүм бир тарых жаздым. Анткени мындан башка окуянын күбөлөрү, айтып бере тургандар өтө аз же дээрлик жок.
Ал эми Херсондун өзүндө жергиликтүү калктын кээ бир эсептик китепчелери сакталып калган. Алардын арасында кыргыз фамилиялары да бар. 2011-жылы сүргүнгө айдалган кыргыздардын сөөгү коюлгандыгы тууралуу атайын белги коюлган мемориалдык көрүстөн дагы бар. Бул эки улуттун бир аймакта мажбурланган жашоосу жөнүндө айтып турган тарыхтын барактары. Мен бул тема боюнча радио үчүн аудио материал даярдадым. Бул материал орус жана украин тилдеринде. Кийин орус тилиндегисин “Настоящее время” телеканалы сайтына жарыялады.
Мага Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин маалымат өкүлдөрү жардам беришкен. Анткени бул алардын дагы тирүү эскерүүсү. Элчиликтен бул айым менен байланышта болуп, белектерди алып келишкен. Мен алардын атынан белектерди берип жүрдүм, арасында улуттук баш кийим да бар эле. Ал болсо менден элчиликке өзү жасаган кыямды алып барып берүүмдү суранган. Мен анын айтканындай кылдым. Бул окуя мен үчүн абдан баалуу. Албетте, бул сүргүнгө айдалган адамдардын башынан өткөргөн кыйын күндөрү. Бирок бир тарабынан бул бир өлкөнүн аймагында жашап калган, репрессиянын курмандыктары болгон эки улутту дагы да жакындата ала турган окуя. Чындыгында азыр Кыргызстан менен Украинанын окшоштуктары аз. Биз Кыргызстандын президентинин 9-майда Москвада өткөн парадга келгенин көрүп жатабыз. Акыркы күндөрү Кыргызстанда жергиликтүү коопсуздук кызматы орусиялык оппозициячыл маанайдагы активисттерди кармап жатат деген маалыматтар келип жатат. Алар согушка же куугунтук көрүү коркунучуна байланыштуу жашаган жерин алмаштырууга мажбур болушкан. Ал эми Кыргызстан атайын паспорт жок кире ала турчу саналуу мамлекеттердин бири болчу. Азыр болсо аларды кармап жатышат. Ошондуктан азыр, айрыкча, толук кандуу кол салуу башталгандан кийин Кыргызстандын бийлиги Орусиянын тарабындагы позицияны карманып алды. Расмий түрдө Крымды же башка Орусия басып алган жерлерди таануу болгон жок. Анткени менен биз кыргыз президенти кайсы жакка барып жатканын көрүп жатабыз. Башында элдер Бишкекте Украинаны колдогон акцияларга чыгууга, Орусиянын элчилигинин алдына топтолууга аракет кылышты. Бирок сот алардын аракеттерине тыюу салды. Негизи расмий түрдө Орусияны да, Украинаны да колдогон акцияларга тыюу салынган, бирок баары бир Украинаны колдогусу келгендерге көп көңүл бурулуп жатат. Ошондуктан азыр эки өлкөнүн ортосундагы мамиле жөнүндө кеп кылуу кыйын.
Аудиофильмдин аталышы да жөн жерден тандалган эмес. Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун повесттер жыйнагынын аталышынан алынган.
Кыргыздын чыгаан жазуучусу бар. Ал Чынгыз Айтматов. Анын биринчи жыйнактарынын арасында повесттерден турган “Тоо жана талаалардын повести” деген жыйнагы бар. Мен ошол аталышты алдым. Анткени Кыргызстанда тоолор, Украинада талаалар болгондуктан бул аталыш туура келди. Бул материал кыргыздардын буга чейин көрбөгөн бир чөйрөдөгү жашоосун чагылдырат.
Мен бала кезде досум бар эле. Биз Бишкекте бир короодо чоңойдук. Түрдүү оюндарды ойночубуз, баарлашчубуз. Кийин байланышты үзбөй жазышып жүрдүк. Ал он жыл мурда Орусияга көчүп кетти. Социалдык тармактарда бири-бирибизге катталып, мамилебизди уланттык. Мен анын Орусиянын күч структураларында кызмат өтөп, иштеп жүргөнүн билем. Акыркы жолу Росгвардияда болчу, адашпасам. Анан 2022-жылы март же апрель айында, так эсимде жок, мен ага “сени Украинада эмес деп үмүт кылам” деп жаздым. Анткени ал мага акылдуу, кылган кадамдары кандай нерсеге алып келерин билген адамдай сезилчү. Ал кеч “мен Украинага баскынчылардын тобунда эбак эле келгем” деп жазды. Мен ага “сен бул жакка кантип келип калдың? Эмнеге сен башка өлкөнү жок кылганы келдиң? Сенин максатың эмне?” деп сүйлөшкөнү аракет кылдым. Ал мага “фашисттер, нацисттер” деп, боштондук орнотуу үчүн келгенин айтып баштады. Кимди боштондукка чыгаргысы келгенин түшүнгөн жокмун. “Анда биз сени менен душман болуп калдык” деп жаздым. Ал “сен кантип мени минтип атап жатасың, биз кичинебизден дос элек” деди. Акырында мени бардык соцтармактардан кара тизмеге киргизип койду. Мамилебиз андан ары уланган жок. Бул окуя согуш, согушка болгон мамиле адамдарды эки тарапка бөлүп койгонун көрсөтөт.
Мен согушка катышпай, азыр жагдайга байланыштуу башка өлкөдө жашап жатам. Бирок биздин радиодон бир журналист кыз Киевде каза болду. Орусиянын ракетасы анын үйүн талкалап, өзүн болсо өлтүрдү. Андан башка “Утро” берүүсүндө эмгектенип, бирок кийин жумуштан кеткен кесиптешим 2022-жылы июлда Бахмутта каза болду. Ал мобилизацияга кабылып, согушка кеткен. Тагыраак айтканда, ал азыркы күнгө чейин дайынсыз жоголгондордун катарында, анткени сөөгүн таап, өткөрүп берише элек. Бирок туугандарына анын өлүмү тууралуу кабар айтылган.
Бул адамдар өзүнүн тынч жашоосун жашап жүрө беришмек. Алар менин бала кезимдеги досумдун Украинага кол салып, жай тургундарды өлтүрө берсе болот дегенинен улам каза болушту. Албетте, досум менен мындан ары мамиле кылышым мүмкүн эмес. Анткени бул согушта мен Украина тараптамын.
Мисалы, бизди бала чагыбыздан “башканыкын алба, өлтүрбө” деп үйрөтүшөт. А бул жерде башка өлкөнүн бир бөлүгүн тартып алса боло берет экен да. Биринчи кичинекей бөлүгүн, сегиз жылдан кийин дагы чоңураак жерди. Биз азыр “Настоящее времяда” постсоветтик аймактарда түшүнүктүү болгон орус тилинде согуш тууралуу, анын алып келчү кесепеттери тууралуу дайыма айтып келебиз.
Мен Украинага кайтып баргым келет. Азыр согушка байланыштуу чет өлкөдө жүрөм, бирок мунун мобилизация менен байланышы жок. Анткени мен Кыргызстандын жаранымын.
Мен азыр Украинада эмесмин. Биздин ал жакта кеңсебиз бар. Өлкөдөгү кырдаал турукташканда, Украина согуштан жеңип чыкканда биз кайтып баргыбыз келет. Жубайым Украинадан болот, ал жакта анын ата-энеси жашайт. Мен өзүмдү көбүрөөк Украина менен байланыштырам. Кунүмдүк турмушта менин негизги байланыш тилим украин тили. Орус тили жумушчу тил катары калды.
Мен азыр Украинага бир нече күнгө келдим. Жубайым Львовдон болот. Биз анын жакындарынан кабар алганы келдик. Жакында кайра кетебиз. Бизди толук кандуу кол салуу башталгандан бир аз мурда өлкөдөн алып кетишкендиктен мен бардык кесепеттерди билбейм. Мен аларды теледен, тааныштарымдын айтып берүүсүнөн, кабарчылардын сөзүнөн гана билем.