“Саат 6:00дө ойгонуу, 9:00дө Украинага кол салуу, кечинде салют атуу” Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу берди деген тапшырма 2017-жылы тамаша иретинде чыккан (Фактчекинг)

1-март күнү коомдук активист Умай Арыкова “Псковдук десанттардын күндөлүк тартиби” деп аталган сүрөттү бөлүшкөн. Анда Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун “Украинаны басып алуу” боюнча тапшырмасы көрсөтүлүп, ага президент Владимир Путиндин да колу коюлганын көрүүгө болот. 

“Саат 6:00дө ойгонуу, 9:00дө Украинага кол салуу, кечинде салют атуу” Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу берди деген тапшырма 2017-жылы тамаша иретинде чыккан (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

2017-жылы тараган тамашалуу “мэм”

2017-жылы “drive2ru” сайтында Россия Федерациясынын коргоо министри Сергей Шойгунун жасалма буйругу бар сүрөт интернетке тараган. Бул маалыматты тараткан “mishbelaya” аттуу профильдеги адам маалыматтын тамаша экенин айтса да сүрөт интернетте вирустук тездик менен жайылып кеткен. 

Чынында бул тамашалуу сүрөт «Дал ошол Мюнхаузен» тасмасынын сюжетине жараша жасалган. Фильмде баш каармандын күнүмдүк кыла турган иштери тизмеленип, “эртең мененки 8:00дөн 10:00гө чейин “эрдик” жасоо керектиги белгиленген.

“Саат 6:00дө ойгонуу, 9:00дө Украинага кол салуу, кечинде салют атуу” Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу берди деген тапшырма 2017-жылы тамаша иретинде чыккан (Фактчекинг)

Сүрөт 2017-жылдан бери социалдык тармактарда жарыяланып турган. 2021-жылы сүрөттүн тексти Россия-1 телеканалынын эфиринде да окулган. Сүрөттөгү жазууну белгилүү Россиялык теле алып баруучу Ольга Скабеева “60 мүнөт” деп аталган шоу программада окуган. 

“Саат 6:00дө ойгонуу, 9:00дө Украинага кол салуу, кечинде салют атуу” Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу берди деген тапшырма 2017-жылы тамаша иретинде чыккан (Фактчекинг)

Белгилей кетсек, Ольга Скабеева Россиянын белгилүү “пропагандисти” катары таанылган. Буга чейин Россиянын Украинага болгон чабуулун актаган билдирүүлөрү үчүн да бир топ сынга кабылган. 

2022-жылы видеодогу  Ольга Скабееванын үнү TikTok’то трендге айланган. Ал Россия менен Украинанын ортосундагы чыр-чатактын курчушу менен популярдуулуктун туу чокусуна жеткен.

Белгилей кетсек, Россиялык ырчы Олег Газманов мамлекеттик пропаганданы жактаган ырларды ырдап келет. Ошонуктан ал “Украинаны жеңүүнүн символу” катары колдонулган. 

Жыйынтык: Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун Псковдук десанттарга берген тапшырмасы 2017-жылдан бери  тарап келе жаткан тамашалуу мэм болуп саналат.  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты