“Россиянын жарандыгы бар кыргыз жарандарын Украинага жөнөтөт” деген маалымат талаштуу

Интернетте almaz.turan1 аттуу жаран “Россиянын жарандыгы бар Кыргызстандыктар мобилизацияланып Украинага согушка жөнөтүлүшү мүмкүн экен”, — деген маалыматты бөлүшкөн. Анда мындай жагдайга жашы 50гө чейинки эркектер туш болуп калышы мүмкүн экени айтылган. 

“Төртүнөн баштап чек аралар жабылып Россияда “согуштук абал” жарыяланышы мүмкүн деген маалыматтар келип жатат. Азыркы учурда көп эркектер Дубайга, Турцияга качып жатышыптыр. Себеби согуштук абалдан улам толук мобилизация болсо, 50гө чейинки эркектерди чогултуп Украинага жөнөтүп коюшу мүмкүн. Ошондуктан туугандар кимде Россиянын паспорту болсо чакырууну албагыла жана кол койбогула. Эгер келсе Кыргызстанга кеткени аракет кылыңыздар.”,- деп айтылат билдирүүдө. 

“Россиянын жарандыгы бар кыргыз жарандарын Украинага жөнөтөт” деген маалымат талаштуу

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү

Орус жана Украин кызматынын эки башка билдирүүсү 

Буга чейин Украинанын чалгындоо кызматы “4-мартта Кремлде “аскердик абал” киргизилет” деген маалыматты жарыялаган. Бул тууралуу Украинанын  Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Алексей Данилов билдирген:

“Биздин чалгын кызматынын маалыматтарына ылайык, 4-марттан тарта Россия Федерациясы өз өлкөсүндө аскердик абалды киргизүүсү керек. Мен Россия Федерациясынын аймагында эмне болуп жатканын түшүнгөн интеллигенция алда канча көп болгон Москва жана Санкт-Петербург шаарлары буга кандай мамиле кыларын көргүм келет. Бүгүн Путинге замбиректердин жеми жетпесе, ал аскерге чакыра турган башка балдарды биздин “эт туурагычка” түшүп калгыдай кылып бул жакка жөнөтөт. Эмнеге мындай кылганын түшүнбөйм”,- деп айткан Данилов.

Ал эми Россия тарап бул маалыматты четке каккан. Россиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украинанын бул маалыматын “өрдөк учуруу” деп баалаган. Ал ошондой эле 8-марттан кийин аскер курагындагы эркектерге Орусиядан чыгууга тыюу салынат деген маалыматты төгүндөп ушактардын курмандыгы болбоого чакырган. 

“Мунун баары социалдык тармактарда жайылтылып жаткан ушактар. Бул маалыматтарды жарандар бири-бирине жайылтып жатышат. Ошондуктан, бардык маалыматтарга өтө кылдаттык менен мамиле кылып, кадимки ушак-айыңдардын жана алдамчылыктын курмандыгы болуп калбоого чакырам”,- деп билдирген.

Башкача айтканда, Россияда “аскердик абал” 4-мартта киргизиле турганын Украин тарап билдирсе, Орус тарап бул маалыматты төгүндөгөн. 

“Согуштук абал” жарыяланса ким чакырылат? 

Украинадагы согуш бир жумадан ашык убакыттан бери уланууда. Россиянын чабуулунан кийин Украинада “согуштук абал” жарыяланган. Мындан сырткары Украин бийлиги  18 жаштан 60 жашка чейинки эркектерге өлкөдөн чыгууга тыюу салган. 

Бирок Россия азыркы убакта “аскердик абал” киргизүү жөнүндө чечим кабыл алган эмес. «Аскердик абал жөнүндө» мыйзам Россияда 2002-жылдан бери иштеп келет жана ал өлкөнүн согуш мезгилиндеги турмушун жөнгө салат. Андан тышкары Россия бийлиги согуштук кырдаал учурунда “Мобилизация жөнүндө”, “Байланыш жөнүндө”, “Аскердик милдет жана аскердик кызмат жөнүндө” жана “Коргоо жөнүндө” сыяктуу мыйзамдарды карайт .

Аталган мыйзамдарга ылайык, “согуштук абал” жарыяланса алгачкылардан болуп “резервдеги” жарандар чакырылат. Булар аскердик окуу жайларында же аскер бөлүктөрүндө такай даярдыктан өткөн “биринчи резервдеги адамдар”. Андан кийин запастын кийинки категориялары мобилизацияланат.

Россиянын жарандыгы бар Кыргызстандыктар жана “согуштук абал” 

Буга чейин укук коргоочу Валентина Чупик Россияда мигранттарды согушка тартуу аракети болуп жатканын билдирген. 

“Мага Россиянын жарандыгын алган кыргызстандык мигранттар Тюмень, Москва жана Санкт-Петербургдан кайрылышты. Аларды аскер комиссариатына окууга чакырып, ал жактан белгисиз адамдар контракттык кызматка жазылууну талап кылып, болбосо жарандыктан чыгарабыз деп коркутушкан. Санкт-Петербургда бир мигрант кол коюп, бирок дароо Кыргызстанга кетип калган. Башкалары кол койгон жок. Мен дагы аларга Кыргызстанга кетүүгө кеңеш бердим”, — деп билдирген.

Бирок Россиядагы Кыргызстандын диаспорасы бул маалыматты четке каккан. 

Россияда кош жарандуулукка мыйзам тарабынан жол берилет жана документтин жоболору менен жөнгө салынат. Ошондой эле, Россиянын жарандыгын алган адам ошол өлкөдөгү жагдайларга баш ийүүсү керек болот. 

Россиянын согуш убагында “резервдеги” жарандарды мобилизациялоо жөнүндөгү мыйзамында “кош жарандуу” адамдар жөнүндө сөз болгон эмес.  

“Россиянын жарандыгы бар кыргыз жарандарын Украинага жөнөтөт” деген маалымат талаштуу

Аталган мыйзамда оор кылмыш жасагандыгы үчүн жоюлбаган же өтө элек соттолгон адамдарды гана аскерге чакырууга тыюу салынган. Бул калгандардын бардыгын согуштун тигил же бул мезгилинде теориялык жактан армияга чакырууга болот дегенди билдирет.

Башкача айтканда, бул ошол учурда Россиянын аймагында болгон жана Россиянын жарандыгы бар 50 жашка чейинки адамдардын баарына тиешелүү. 

Бул боюнча Кыргызстандык укук коргоочу жана “Кылым шамы” уюмунун мүчөсү Гулшайыр Абдирасулова Россияда “кош жарандуулугу бар адамдарды согушка чакырууга болбойт” деп билдирген. 

“Россиянын жарандыгы бар кыргыз жарандарын Украинага жөнөтөт” деген маалымат талаштуу

Бирок бул азырынча талаш маселе боюнча турат. 

“Согушка катышсаң Россиянын жарандыгы берилет…” Мындай сунушту берген адамдар эркинен ажыратылышы мүмкүн 

Россия менен Украинадагы абал курчуй баштаганда Өзбекстандык “ozodlik.org” сайтында “Кээ бир Өзбекстандыктарга Россиянын жарандыгын берүү жана акча төлөп берүү убадасы менен согушка аралаштыруу аракети болуп жатабы?” деген маалымат жарыяланган. 

Анда Өзбекстандык айдоочу Россиянын жарандыгын алуу жана жакшы акча үчүн макулдашканын айткан. 

Акыркы убактарда Кыргызстандыктардын арасында да Украинадагы согушка катышкан адамдарга үч ай ичинде Россиянын жарандыгы берилет деген маалыматтар тарап жатат. 

Бирок, Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренесине ылайык, «жалданмачыны дайындоо, даярдоо, каржылоо же башка материалдык жактан камсыз кылуу, ошондой эле аны куралдуу кагылышта же аскердик операцияларда пайдалануу, — он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.” деп жазылган. Башкача айтканда, башка өлкөнүн жарандарын согушка тартууга аракет кылгандар, түздөн-түз Россиянын мыйзамын бузган болуп саналат. 

Мындан сырткары, Кыргызстандын жараны болуп саналгандарды согушка тартууга жана жөнөтүүгө башка өлкөнүн акысы жок. 

Жыйынтык:  “Россиянын жарандыгы бар кыргыз жарандарын Украинага жөнөтөт” деген маалымат талаштуу болуп саналат. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты