Пентагондун Украинадагы кырдаал боюнча видеоконференциясында Украинанын желектери тескери илинген (Фактчекинг)

25-май күнү “СМИ Россия-Украина” аттуу телеграм каналында “Пентагондун Украина боюнча байланыш тобунун видеоконференциясында Украинанын бардык желектери тескери илинген” деген маалымат жарыяланган. Аталган иш-чарага пентагондун башчысы да катышканы белгиленет. 

Пентагондун Украинадагы кырдаал боюнча видеоконференциясында Украинанын желектери тескери илинген (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Тескери илинген желектин таржымалы 

23-май күнү АКШнын коргоо министри Ллойд Остин, генерал Марк Милли жана Коргоо министринин Орусия, Украина жана Евразия иштери боюнча жардамчысынын орун басары Лаура Купер менен жолугушуу өткөрүлгөн. 

Жолугушууда Американын желеги менен катарлаш турган Украинанын желеги туура эмес илингени көрсөтүлгөн. 

Пентагондун Украинадагы кырдаал боюнча видеоконференциясында Украинанын желектери тескери илинген (Фактчекинг)

Аталган конференцияда Украинадагы согуштук кырдаал талкууланган. Жыйын Zoom платформасы аркылуу да өткөрүлүп, 

конференцияга Украинанын Коргоо министри Алексей Резников жана 44 өлкөнүн расмий өкүлдөрү катышкан. 

 АКШнын коргоо министри Ллойд Остин «Бүгүн биз бардыгыбыз Украинанын аскерлеринин жана жарандарынын өзгөчө эрдигинен жана туруктуулугунан улам ушул жердебиз», — деген ачылыш сөзү менен баштаган. 

Анын айтымында, үч ай бою Украина өзүнөн алда канча чоңураак коңшусунун эч кандай себепсиз баскынчылыгына каршы өжөрлүк жана тактикалык тапкычтык менен күрөшүп келе жатат. 

“Ушул жаңы этапта Украина катуу жана эрктүү күрөшүп жатат. Украинанын куралдуу күчтөрү эски жана жаңы системаларды билгичтик менен колдонууда. Алар чыгыштагы орустардын чабуулун басаңдатып, демилгени колго алууну улантып жатышат. Демократияны агрессиядан жана жырткычтыктан коргоо учун бириккен эркин адамдардын аскердик жана моралдык күчүн бүткүл дуйнөгө көрсөттүү керек”, — деп билдирген. 

Мындан сырткары жыйында, Украинага гуманитардык жана социалдык жактан колдоо көрсөтүү пландары да талкууланган. 

Жыйынтык: Пентагондун жыйынында Украинанын желеги тескери илингени чындык. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты