Москва шаардык думасынын депутаты дагы 6 өлкөнү Украина сыяктуу “денацификациялоо” керектиги тууралуу айтканбы? Текшеребиз

26-март күнү Алмаз Тажыбай аттуу интернет колдонуучусу “Москва шаардык думасынын депутаты дагы 6 мамлекетти – Казакстан, Молдова, Польша, Литва, Латвия жана Эстонияны “денацификациялоону”  сунуштады”, — деген маалыматты бөлүшкөн. 

Москва шаардык думасынын депутаты дагы 6 өлкөнү Украина сыяктуу “денацификациялоо” керектиги тууралуу айтканбы? Текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

“Денацификациялоо” термини 

“Денацификация” термини 24-февралда Владимир Путиндин Украинага басып кирүү жөнүндөгү кайрылуусунда айтылган. 

Анда Владимир Путин Россия 24” каналынын эфиринде Россия Украинага карата “аскердик операция” баштаганын, анын максаты сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан зомбулукка кабылган жарандарды коргоо экенин билдирген.

“Аскердик операциянын максаты сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге жана басмырлоого туш болгон жарандарды коргоо. Бул үчүн биз Украинаны “демилитаризациялоо”  “денацификациялоого” ошондой эле карапайым элге анын ичинде Россиянын жарандарына каршы көптөгөн кандуу кылмыштарды жасагандарды жоопкерчиликке тартабыз”, — деп айткан.

“Демилитаризациялоо” менен “денацификациялоо”  терминдери эл аралык деңгээлде экинчи дүйнөлүк согуштан кийин колдонула баштаган. 

“Денацификациялоо”  — тигил же бул мамлекетти куралсыздандыруу, нацисттик идеология менен башкарган өлкөнү тазалоого багытталган чаралардын жыйындысы катары аныкталат. 

Аталган термин экинчи дүйнөлүк согуштан кийин фашисттик Германияны жеңген “Антигитлердик коалициядагы” союздаштардын демилгеси боюнча жүргүзүлүп, Потсдам конференциясынын чечимдеринин негизинде ишке ашырылган.

Максаты — Германияны национал-социалисттик партиясынын (NSDAP) таасиринен куткаруу, анын бийлигин, инфраструктрасын, фашисттик куралдуу күчтөрдү биротоло талкалоо, фашизмдин аскерий, саясий жана идеологиялык төбөлдөрүн, согуш кылмышкерлерин жазалоо болгон.

Ошондой эле нацисттик идеологияны жана пропаганданы кайра жаралгыс кылуу ниетинде нацисттик ЖМКларды жабуу, нацисттик экономиканы тынчтык максаттарга кайра багыттоо, сот жана полиция системасын люстрациялоо иштери жүргүзүлгөн. Башкача айтканда  Германиянын чыгышында да, батышында да “денацификациялоо” процесси жүргөн.

Ошондуктан бир топ эксперттер Владимир Путиндин “денацификациялоо” терминин бурмалаганын айтышкан. Анткени Украинанын Донбасста жана башка аймактарда жай тургундарды “геноцидге” учуратып, массалык өлтүргөнү жана фашисттик идеология менен аракет кылганы далилденген эмес. 

Сергей Савостьяновдун кайрылуусу 

Казакстан, Молдова, Польша, Литва, Латвия жана Эстониянын Россия тарабынан  “демилитаризация жана денацификациялоодон “ өтүшү керектиги тууралуу маалыматты 25-март күнү  “Яблоко”  партиясынын федералдык бюросунун мүчөсү  Кирилл Гончаров жарыялаган. 

Ал бул документти Москва шаардык думасынын депутаты Сергей Савостьянов жазганын билдирген. 

Москва шаардык думасынын депутаты дагы 6 өлкөнү Украина сыяктуу “денацификациялоо” керектиги тууралуу айтканбы? Текшеребиз

Кайрылууда “Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо, Россия жана бүткүл Европанын элдери үчүн туруктуу коопсуздукту камсыздайт. Россия Федерациясынын коопсуздугун камсыздоо процессинин толук болушу үчүн Украинадан тышкары Балтика өлкөлөрүн Литва, Латвия, Эстония, Польша, Молдова жана Казакстанды демилитаризациялоо жана денацификациялоо зонасына кошуу максатка ылайыктуу деп эсептейм”, — деп жазылган. 

Документтин акыркы барагында Сергей Савостьяновдун аты жөнү жазылып колу коюлганын көрүүгө болот. 

Кайрылууда жазылгандар Москва шаардык думасынын депутаты Сергей Савостьяновдун сайтында жана социалдык баракчаларында жарыяланган эмес. Бирок бул маалыматты да официалдуу түрдө төгүндөгөн эмес. 

Белгилей кетсек, Сергей Севостьянов 2019-жылы Москва шаардык Думасынын депутаты болуп шайланган. Фейсбуктагы баракчасында Россиянын Украинага карата жасап жаткан кадамдарын туура деп эсептеген жана жарандарды “позитивдүү ойлонууга” чакырган билдирүүлөрдү бөлүшкөн. 

Жыйынтык: Москва шаардык думасынын депутатынын Сергей Савостьяновдун Украинадан башка дагы алты мамлекетти денацификациялоо керектиги тууралуу кайрылуусу өзүнүн баракчасында жана Москва шаардык думасынын сайтында жарыяланган эмес. Бирок өзү бул маалыматты четке каккан эмес.  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты