Италияда Украинадан келген качкындарды коронавируска каршы вакцина алууга мажбурлап жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт (Фактчекинг)

Акыркы убакта Телеграмм каналдарында “Италияда Украинадан келген качкындарды текшерип, андан кийин коронавируска каршы вакцина алууга мажбурлап жатышат.” деген маалыматтар чыгып жатат. 

Италияда Украинадан келген качкындарды коронавируска каршы вакцина алууга мажбурлап жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт (Фактчекинг)

Интернет айдыңына тарап жаткан маалыматтарда Италиянын “RAI NEWS 24” маалымат агенттигине шилтеме берилген. 

Италияда Украинадан келген качкындарды коронавируска каршы вакцина алууга мажбурлап жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт (Фактчекинг)

Анда Италиянын Неаполь шаарында Украинанын жарандары үчүн атайын медициналык бөлүм ачылганы айтылган.

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Италия Өкмөтү 28-февралда украиналык качкындарга жардам берүү үчүн 2022-жылдын 31-декабрына чейин өзгөчө кырдаал жарыялады. Алар кризис менен күрөшүү үчүн өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар фондуна кошумча 10 миллион евро бөлгөн. 

Ошондой эле качкындарды кабыл алуу борборлорунда кошумча орундуктар да түзүлүп жатканы белгиленген. Азыркы учурда 1000ден ашуун Украиналык качкындар Италиянын аймагына келишкен. Алардын көпчүлүгүн аялдар жана жаш балдар түзөт. 

Мындан сырткары 1-март күнү, Италияда 2020-2021-жылдары коронавирус менен ооруган бейтаптарды гана кабыл алган Неаполь шаарындагы «Деңиз ооруканасы» кайра ачылган. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары билдиришкен. Украиналык качкындарды кабыл алууда STP (чет элдик убактылуу жаран ) системасы менен ишке ашырылат. Ошондой эле алардын арасында коронавирус менен ооруп калгандарды госпиталдаштыруу каралган. Буга чейинки качкындардын тогузу Covid-19га позитивдүү чыгып, 60%дан ашыгы Европанын стандарттарына туура келген вакцина менен эмделбегени белгилүү болгон. 

Бирок коронавируска эмделбеген же тиешелүү вакцина албаган Украинанын жарандарын “мажбурлоо” менен эмделип жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени, Неаполь округунун администрациясы билдиргендей, Украинанын жарандары эң көп 2-3 күн ооруканада кармалышы мүмкүн. Мындан сырткары жасалып жаткан аракеттер качкындардын арасында коронавирустун бар же жок экенин аныктоо үчүн гана жүргүлүлөт.

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюмунун маалыматына ылайык, коронавируска каршы вакцина алуу “ыктыярдуу түрдө” жүргүзүлөт. 

Италияда Украинадан келген качкындарды коронавируска каршы вакцина алууга мажбурлап жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт (Фактчекинг)

Башкача айтканда вакцина алуудан баш тарткан адамды мажбурлап эмдөөгө болбойт. 

Белгилей кетсек, Украинадагы согуштук абалдан улам жай тургундар Европаны көздөй кача башташкан. Азыркы учурда Европа 7 миллиондон ашык качкын келе турганын болжолдоодо. 

Жыйынтык: “Украин качкындарына Италияда мажбурлап эмдөө жүргүзүлүп жатат” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени эмдөө мажбурлоо түрүндө жүргүзүлбөйт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты