Фотофейк: Каза болгон апасынын жанында ыйлап отурган кыздын сүрөтү Украинада тартылган эмес (Фактчекинг)

Акыркы убактарда социалдык тармактарда каза болгон аялдын жанында ыйлап отурган кыздын сүрөтү тарап жатат. Кээ бирлери бул орус-украин чырынан жабыркаган кыз экенин айтышып, жардам берүү керектигин билдиришкен. 

Бул интернет колдонуучулары арасында талкууга алынган. 

“ПолитКлиника” медиасы бул сүрөттүн Украинадагы согушка тиешеси бар же жоктугун текшерип көрдү. 

Сүрөт Украинадагы окуяга тиешеси жок 

Аталган сүрөт интернет тармагында популярдуулукка ээ. Өзгөчө активдүү түрдө 2015-жылы Россия пропагандалык сүрөт катары колдонула баштаган

Анда “Украина Донбасстагы орус улутундагы элдерди өлтүрүп, балдар жетим калып жатат” деген мааниде берилген.

Фотофейк: Каза болгон апасынын жанында ыйлап отурган кыздын сүрөтү Украинада тартылган эмес (Фактчекинг)

Бирок, бул сүрөттүн 2015-жылдагы жана 2022-жылдагы окуяларга тиешеси жок. Сүрөт 2010-жылы чыккан “Брестская крепость” фильминин кадры болуп саналат. 

Аталган фильмде 1941-жылдын 22-июнунда немецтик-фашисттик баскынчылардын биринчи соккусун алган Брест чебин баатырдык менен коргоо окуясы сүрөттөлөт. Фильмдин өзөгүн полктун командири Петр Гаврилов, комиссар Ефим Фомин жана 9-чек ара заставасынын начальниги Андрей Кижеватов жетектеген командирлердин күрөшү түзөт.

Фотофейк: Каза болгон апасынын жанында ыйлап отурган кыздын сүрөтү Украинада тартылган эмес (Фактчекинг)

Согуш учурундагы фотофейктер

Украина менен Россиянын ортосунда көп жылдан бери уланып келген чыр-чатактан улам эки өлкө ЖМКлар же социалдык тармактар аркылуу ар кандай маалыматтарды бөлүшүп турушат. Кээ бир учурларда бул маалыматтар чындыкка дал келбейт. 

Мисалы, Россиянын аскерлери Украинага басып киргенден кийин украиналык белгилүү журналист Дмитрий Гордон өзүнүн Twitter баракчасына бети канга боёлгон кичинекей баланын сүрөтүн коюп “Россиялык баскынчылар көрүп алгыла эмне кылып жатканыңарды”, — деген билдирүүнү тараткан. 

Фотофейк: Каза болгон апасынын жанында ыйлап отурган кыздын сүрөтү Украинада тартылган эмес (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул сүрөт Украинада эмес Сирияда тартылганын аныктап чыккан. 

Белгилей кетсек Россиянын президенти Владимир Путин 24-февралда Украинага карата аскердик операцияларды баштаганын жарыялады. Бул тууралуу ал “Россия 24” каналынын эфиринде жарандарга кайрылуу учурунда айткан. Россиянын бул кадамын дүйнөдөгү бир топ мамлекеттер “агрессия” деп баалап катуу саңкцияларды киргизе баштаган. Азыркы учурга чейин Украинанын бир топ шаарлары талкаланып, 197 бала каза болгону айтылууда. 

Жыйынтык: Каза болгон апасынын жанында ыйлап отурган кыздын сүрөтү  “Брестская крепость” фильминен алынган. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты