“Эң акылсыз фейк…” Белоруссиянын Коргоо министрлиги Украинаны жалган маалымат таратууга айыптады (Фактчекинг)

Акыркы убактарда интернет тармагында “Белоруссиянын Башкы штабынын башчысы Виктор Гулевич Украинада согушууну каалабаганы үчүн отставкага кетти” деген маалымат тарап жатат. 

“Эң акылсыз фейк…” Белоруссиянын  Коргоо министрлиги Украинаны жалган маалымат таратууга айыптады (Фактчекинг)

Сүрөттө Белоруссиянын Башкы штабынын жетекчиси Виктор Гулевич өлкөнүн Коргоо министри Виктор Геннадьевичке жазган каты көрсөтүлгөн. 

Анда аскерлер согушка катышуудан массалык түрдө баш тартып жатканы айтылган. 

“Согуштук топторду түзүү жөнүндө сиздин буйругуңузду аткаруу менен төмөндөгүлөрдү билдирүүгө милдеттүүмүн: Аскердик бөлүктөрдүн өздүк курамы согуштук аракеттерге катышуудан массалык түрдө баш тарткандыгына байланыштуу кандайдыр бир согуш тобун жабдуу мүмкүнчүлүгү болгон жок.

Аскердик бөлүктөрдүн командирлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү эч кандай жыйынтык берген эмес. Топтордун түзүлүшүн жер-жерлерде алмаштыруу талап кылынган натыйжаны бербейт деп айтууга менде негиз бар. Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, менин отставкамды кабыл алуу боюнча чечимиңизди сурайм”,— деп жазылган. 

Белгилей кетсек буга чейин Украинанын чек ара кызматынын башчысы Сергей Дейнеко Белоруссия Россия менен чогуу Украинага каршы согушуп жатканын билдирген. Ал бул нерсени чыккынчылык деп атаган. 

Белоруссиянын Коргоо министрлиги: “Акылсыз фейк…” 

Гулевичтин билдирүүсүнүн сүрөтүн украиналык журналист Андрей Цаплиенко өзүнүн Telegram каналына жарыялап, документтин чын экенин билдирген.

“Мага бул документти жөнөткөндөр анык экенин айтып жатышат. Беларустун Башкы штабынын башчысы кызматтан кетти. Ал Украина менен согушууну каалабайт. Бирок, менимче, согушту Путин менен бирге баштагандан кийин эмес, аны пландаштыруудан мурда ойлонуш керек болчу.”, — деп айтылат билдирүүдө.

 Андрей Цапленконун Телеграммда 150 миңге жакын катталуучулары болгондуктан сүрөт ошол замат интернетке тарап кеткен. 

Бирок, Белоруссиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты төгүндөгөн. Министрлик бул “Украиналык чалгынчылар тараткан акылсыз фейк экенин” билдиришкен. 

“Эң акылсыз фейк…” Белоруссиянын  Коргоо министрлиги Украинаны жалган маалымат таратууга айыптады (Фактчекинг)

“Беларусь Республикасынын мыйзамы боюнча Генералдык штабынын башчысы генерал-майор В.В Гулевичти БРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы гана кызматтан кетире алат. Экинчиден, Беларусь Республикасынын түзүмдөрү менен аскердик бөлүктөрүнүн штаттык саны 100% түзөт. Ал эми алар өз өлкөбүздө гана тапшырмаларды аткарып жатышат.

Дагы эки алдыңар, фейктер”, — деп айтылат. 

Сүрөткө фотошоп жасалып же жасалбаганын билүү үчүн fotoforensics.com сайтынан текшергенибизде фотошоп жасалбаганын көрүүгө болот.

“Эң акылсыз фейк…” Белоруссиянын  Коргоо министрлиги Украинаны жалган маалымат таратууга айыптады (Фактчекинг)

Белгилей кетсек буга чейин да “Украинанын Белоруссия жөнүндө айткан айыптоолорун белорус тарап четке каккан. Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко 24-февраль күнү “Белорус аскерлери Россиянын Украинадагы “аскердик операциясына” катышпайт”, — деп билдирген. Андан кийин да Белорус аскерлери Россияга кирди деген маалымат четке кагылган. 

Жыйынтык: Белоруссия Украинага аскерлерин жөнөтүп жатканын жана генерал-майор В.В Гулевичтин отставкасы тууралуу маалыматты расмий түрдө четке каккан. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты