#Детектор: Путиндин Украинадагы согушка байланыштуу айткан эң көрүнүктүү калптары
- 1 week мурун
- Баяндар, Фактчекинг
2022-жылы февраль айында Орусиянын президенти Владимир Путин “атайын аскердик операция” деген жүйө менен Украинага согуш жарыялап, эгемен өлкөнүн аймагына басып кирген. Бириккен Улуттар Уюмунун билдирүүсүнө ылайык, Украинада бир жыл ичинде 8 миңден ашуун жай тургун каза таап, жүз миңдеген адамдар өз үйүн таштап качууга аргасыз болгон.
“ПолитКлиника” медиасы “Детектор” долбоорунун алкагында Орусия президенти Владимир Путиндин Украинадагы согуш тууралуу айткан эң көрүнүктүү калптары тууралуу баяндайт.
- “Украина толук кандуу өлкө эмес”
Орусиянын президенти Владимир Путин орус-украин согушу башталганга чейин Украинаны бир канча ирет тарыхый факторлордун таасири менен түзүлгөн “жасалма өлкө” деп атаган.
Мындай билдирүүлөр Кремлге баш ийген орусиялык ЖМКлар тарабынан 2014-жылдан кийин массалык түрдө таратыла баштаган.
http://sevkrimrus.narod.ru/texstes/nedogosud.htm
http://prad-media.ru/ukraine-is-not-a-state/
Бул Владимир Путиндин эң көрүнүктүү фейктеринин бири.
Алгач, Украина БУУга мүчө 193 мамлекеттин бири экенинен баштайлы.
Бул орус лидери жана ЖМКлары тарабынан Украинанын “өлкө эмес” көрсөтүү аракетин жокко чыгаруу үчүн жетиштүү.
Украина Кыргызстан сыяктуу мурдагы СССРдин курамында болгону чындык. Бирок ал 1991-жылдын 24-августунда көз карандысыздыкка жетишкен.
Ошол эле учурда өлкөнүн БУУга мүчөлүгү үзгүлтүккө учураган жок жана бүгүнкү күнгө чейин уланууда.
- “Согушту Украина баштады!”
Владимир Путин бир жылдан бери согушту алгач Украина баштаганын, Орусия жөн гана бул согушту бүтүрүүнү көздөп жатканын айтып келет.
Путиндин бул багытта массаны ишендирүү сөздөрү 2014-жылга барып такалат.
Белгилүү болгондой, 2014-жылы Украинадагы бийлик алмашуу жана экономикалык каатчылык учурунда Орусия Крым аралын мыйзамсыз аннексиялап, Донбасс, Луганск аймактарына өз аскерлерин киргизген. Натыйжада, Орусия тарабынан каржыланган жикчилдердин тобу пайда болгон.
Бул окуядан кийин Украинанын Донбасс жана Луганск аймактарында украин бийлиги менен Орусияга ыктаган жикчилдердин ортосунда кагылышуулар байма-бай болуп турган. Башкача айтканда, Орусия Украинага биринчи ирет 2014-жылы басып кирген.
2022-жылы Орусиянын Украинага экинчи ирет кол сала турганы тууралуу маалыматтар 2021-жылдан баштап чыга баштаган. Батыш бул багытта Украинаны бир канча ирет эскерткен. Анткени Орусия 2021-жылдын күз айынан тарта Украина менен чек арасына жакын аймактарында 100 миңден ашуун аскерин жана аскердик техникаларын топтогону маалым болгон.
Бирок Орусиянын расмийлери бул күмөндөрдү четке кагып, “жөн гана аскердик машыгуу өткөрөбүз” деп айтышкан эле.
Көп өтпөй 2022-жылы 24-февралда Владимир Путин Украинада “атайын аскерлик операция” баштаганын жарыялаган.
Башкача айтканда, Орусия Украинадагы согушту баштоого системалуу түрдө даярданган. Орусия Украинага 2022-жылы экинчи ирет кол салган.
- Путиндин геноцид термининин бурмалоосу
Владимир Путин 2022-жылы 24-февралдагы билдирүүсүндө басып кирүүнүн негизги максаты “2014-жылдан бери Украинада геноцидге кабылган орус тектүү жарандарды коргоо” экенин айткан.
“Аскердик операциянын максаты – сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге жана басмырлоого туш болгон жарандарды коргоо. Бул үчүн биз Украинаны демилитаризациялоого, денацификациялоого, ошондой эле карапайым элге, анын ичинде Орусиянын жарандарына каршы көптөгөн кандуу кылмыштарды жасагандарды жоопкерчиликке тартабыз”, – деп билдирген Владимир Путин.
Путин өз кайрылуусунда “геноцид” деген сөздү эки жолу колдонгон. Буга чейин да 2015-2021-жылдары Украинанын Донбасс жана Лугансктагы аракеттерин “геноцид” деп баалаган.
Чынында, бул өтө чоң айыптоо. Анткени бир мамлекет өлкө ичиндеги азчылыкты геноцидге учуратса, ал өлкө дүйнө коомчулугунда “адам укугун сыйлабаган” мамлекет катары бааланат.
Геноцидге Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда фашисттик Германиянын “этникалык тазалоо” деген ат менен белгилүү саясаты мисал боло алат. Анда фашисттик жетекчилик еврей жана цыган улутунун, ошондой эле башка миллиондогон адамдардын өлүмүнө себеп болгон.
Ал эми 2014-жылы Украинадагы орус тилдүүлөр басымдуулук кылган Донецк жана Луганск аймактары өздөрүн “Республика” деп жарыялагандан кийин Украинада абал курчуган. Украинанын борбордук бийлигине баш ийбеген аймактар менен бийлик ортосундагы тирешүү курч маанайда болуп, адам өлүмү менен коштолгону чындык. Бирок Владимир Путиндин “Украина миллиондогон адамдарга каршы геноцид жасады” деген сөзү практика жүзүндө далилденген эмес.
Анткени Украинадагы кырдаал дүйнө коомчулугунун, анын ичинде изилдөө институттарынын да көңүлүн бурган. Журналисттерден жана социалдык тармактарда аккаунттары бар жөнөкөй жарандардан тышкары Донецк жана Луганск облустарында ЕККУнун атайын байкоочу миссиясынын 40тан ашык өлкөдөн, анын ичинде Орусиядан келген 600дөй байкоочусу көзөмөл жүргүзгөн.
Сегиз жылдан бери байкоочулар жана ЕККУнун өкүлдөрү Донбасста карапайым калктын системалуу түрдө өлтүрүлүшү боюнча эч кандай далил таба алышкан эмес.
БУУнун Украинадагы адам укуктарын көзөмөлдөө миссиясынын маалыматы боюнча, Украинанын чыгышында уланып жаткан кагылышууларда 2020-жылга чейин 3393 жай тургун набыт болгон.
Ошол эле учурда каза болгондордун арасында орустар менен украиндердин саны болжол менен бирдей болуп чыккан. Бул Путиндин “Украина Донбасс жана Лугансктагы орус тектүү жарандарын геноцид кылууда” деген билдирүүлөрүнө карама-каршы келет.
Башкача айтканда, Владимир Путиндин Украинага басып кирүүдөгү эң башкы жүйөсү калп, Украинаны “агрессор” катары көрсөтүү аракети манипуляция болуп саналат.
- “Бучадагы кыргын “фейк”
2022-жылы апрель айында Украинанын бир канча шаары Орусиянын аскерлеринен бошотулган.
Алар чыгып кеткенден кийин шаарларда жана кыштактарда жайкын тургундардын жансыз денелери табылган.
Бучанын өзүндө эле 400дөй жашоочу өлтүрүлгөнү такталган. Массалык маалымат каражаттарында бул кандуу окуя “Буча кыргыны” деген ат менен белгилүү болуп калды.
Орусиянын президенти Владимир Путин Буча шаарындагы кандуу окуяны “фейк” деп атаган.
Бирок спутниктен тартылган сүрөттөр жана көчөдөгү жансыз денелер Владимир Путиндин Бучадагы кыргынды фейк деп атаганынын таптакыр башка тарабын көрсөтүп турат.
Алдыңкы иликтөөлөрү менен белгилүү болгон “Билинкет” бул багытта иликтөөлөрдүн сериясын жарыялап, Буча шаарында Орусия тарабынан кандуу кыргын жасалганын далилдеп берген.
5) “Фашисттердин символикасын колдонгон Эдельвейс бригадасы”
Ушул жылдын 21-февралында Орусиянын президенти Владимир Путин Федералдык жыйынга 2023-жылдагы алгачкы кайрылуусун жасаган.
Анда Путин согуштун кесепеттерин ар кимге оодаруу менен бирге украин бийлиги “Эдельвейс” аттуу бригада түзгөнүн жана бул фашисттик Германиянын мурасы экенин айткан.
“Жакында эле Украинанын куралдуу күчтөрүнүн бригадаларынын бирине депортацияга катышкан фашисттик дивизия катары «Эдельвейс» деген ысым ыйгарылды. Бул биз үчүн уят, алар үчүн уят эмес”, – деп айткан Владимир Путин.
“Эдельвейс” аттуу бригада Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда болгону чындык. 2023-жылдын 14-февралында Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 10-бригадасына “Эдельвейс” деп ысым ыйгаргандан кийин Кремлге баш ийген маалымат каражаттары “Украина фашист экенин далилдеди” деген өндүү көптөгөн материалдарды чыгара башташкан.
Биринчиден, “Эдельвейс” бул бир гана Фашисттердин дивизиясына арналган ат эмес. Эдельвейс – бул тоодо өскөн гүлдүн аты. Жада калса швейцариялыктар бул гүлдү өлкөнүн символу деп эсептешет.
Экинчиден, азыр “Авангард” деп аталган Орусиянын Улуттук гвардиясынын бригадасынын аты 2016-жылга чейин “Эдельвейс” болгон.