#Детектор: Путиндин Кызыл аянттагы төрт манипуляциясы

9-майда Москванын Кызыл аянтында Жеңиш күнүнө арналган аскердик парад өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Армения, Беларус жана Түркмөнстандын лидерлери катышты. Иш-чарада Орусиянын президенти Путин куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып, Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгын Украинада болгон согуш менен байланыштырды. 

“ПолитКлиника” медиасы Путиндин аскер парадында сүйлөгөн сөзүн анализдеп, бир катар бурмалоолор болгонун аныктады. 

“Батыш эли Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгын жокко чыгаргысы келет”

#Детектор: Путиндин Кызыл аянттагы төрт манипуляциясы

Путин өз сөзүндө бир катар өлкөлөрдө советтик жоокерлердин эстеликтери аёосуз талкаланып, Батыш өлкөлөрү Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгын жокко чыгаргысы келгенин айткан.

“Биз кээ бир өлкөлөрдө советтик жоокерлердин эстеликтери мыкаачылык менен  талкаланганын көрүп жатабыз, Батыш өлкөлөрү Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгын жокко чыгаргысы келет”, – деп айткан Путин.

Ооба, кээ бир Европа өлкөлөрү Экинчи дүйнөлүк согушка байланыштуу болгон, бирок орус аскерлери чагылдырылган эстеликтерди алып салган учурлар бар. 

Мисалы, 2022-жылы Латвиянын Рига шаарында Советтик армиянын аскерлеринин эстеликтери алынып салынган. Латвиянын укук коргоо министри Артис Пабрикс “Associated Press” агенттигине берген маегинде Ригадагы совет аскерлеринин эстеликтери идеологиялык символ болуп саналарын, согуш ардагерлерин эскерүүнү каалагандар башка жерде да эскере алышарын айткан.

Бул эстеликтер Орусиянын идеологиялык символу болуп эсептелет. Эстеликтерди алып салуу согуш ардагерлерин сыйлабоону билдирбейт. Согуш ардагерлерин жана алардын курмандыктарын эскерүүнү каалагандар башка жерлерде да эскере алышат. Мындай эстеликтин болушун колдогондордун көбү Путинди колдогон адамдар, анткени бул эстелик курман болгон жоокерлердин эстелиги эмес“, – деп билдирген Пабрикс. 

Пабрикс түшүндүрмөсүндө алар мындай чечимди Украинада согуш башталгандан кийин кабыл алышканын белгилеген: 

Орусия коңшуларына каршы агрессивдүү согуш жүргүзүп жаткан азыркы кырдаалда эмне үчүн биз өз өлкөбүздө оккупациялык мезгилдин кандайдыр бир идеологиялык эстеликтерин сакташыбыз керек? “,- деп айткан Пабрикс.

Бирок бул бардык Европа өлкөлөрүндө Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган күндү майрам катары кароону токтотту дегенди түшүндүрбөйт. 

Euronews’тун  маалыматына ылайык, Экинчи дүйнөлүк согуштун жеңиш күнү Европанын 10дон ашык өлкөсүндө  бүгүнкү күнгө чейин белгиленет.

Дания менен Нидерландия өлкөлөрүндө  5-май  боштондук күнү катары белгиленет. Норвегия 8-майды боштондук күнү катары майрамдашат. Балтика өлкөлөрү 8-майды эскерүү күнү катары белгилейт.

Ал эми Франция жана Улуу Британияда 8-май Европадагы жеңиш күнү жана улуттук майрам катары белгилешет. Польшада Улуу Жеңиш күнү 2015-жылдан тарта 8-майда белгиленип келет.

Европа өлкөлөрү менен Орусиянын Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташын эки башка күндө белгилөөсүнүн себеби – убакыт айырмачылыгында. Фашисттик Германия жеңилгендигин мойнуна алган документ Борбордук Европанын убактысы боюнча 8-май түнкү саат 23:01де күчүнө кирген. Ал эми Москва убактысы боюнча бул 9-майдын түнү болгон. Ошентип СССР жеңиш күнүн 9-майда белгилеп калган.

Батыш өлкөлөрү Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгын тааныбайбыз деп эч жерде билдирген эмес. Тескерисинче, Германия эли Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгын диктатуралык бийликтен куткарылган күн катары белгилешет.

Латвия болсо СССРдин курамына кирип, кийин эгемендүүлүктү алган мамлекет катары, Экинчи дүйнөлүк согуштун символдору азыркы согуштун фонунда агрессиянын бир бөлүгү катары каралып жатканын айткан. Анткени, дүйнө коомчулугунда 9-май бир гана ата бабаларды эскерүү эмес “Орусиянын өз күчүн дүйнөгө көрсөтүүчү күнү катары белгиленип калды” деген пикирлер да арбын. 

Себеби, 9-майда Москвада өткөрүлгөн аскердик парадда оор аскердик техникалар жана таңкалар аянтка чыгарылып? Орусиянын аскердик кубаты  көрсөтүлүп келет. 

Жыйынтык: Путиндин “Батыш эли Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгын жокко чыгаргысы келет” деген билдирүүсү манипуляция. 

“Батыш эли “русофобияны” жаратууда” 

Орус президенти Кызыл Аянттагы сөзүндө Батыш эли Орусияны бүткүл дүйнөгө агрессивдүү таанытып, “русофобияны” жаратып жатканын айтты.

Батыштын глобалисттик элитасы дагы эле өздөрүнүн өзгөчө экенин айтып, “русофобияны” жаратууда”, – деп айткан Путин.

Швейцариялык журналист Гай Меттан “русофобия” термининин келип чыгыш тарыхы жана бүгүнкү күндөгү мааниси тууралуу изилдеп “Орусия жана Батыш: миң жылдык согуш. Улуу Карлдан Украина согушуна чейин русофобия” аттуу китеп жазган. Анда ал русофобия термини Украинадагы согушка чейин 11-кылымда эле пайда болгонун жазган.

Гай Меттандын изилдөөсүнө ылайык “Русофобия –  термини орус элине, Орусияга, орус тилине, белгилүү бир багытка карата бир жактуу, шектүү, кастык мамилени билдирет. Орусиядан коркуу же орус тышкы саясатынын жүрүшүн  мүнөздөйт”, – деп жазган.

Гай Меттандын китебинде Русофобия 11-кылымда, христианчылык православдык жана католиктик чиркөөлөргө бөлүнүп кеткенде пайда болгон деп божомолдонот:

“Рим кулагандан үч кылым өткөндөн кийин Улуу Карл Византияга каршы Батыш Империясын курган жана динде Чыгыш чиркөөлөрүнүн үстүнөн Рим папанын үстөмдүгү камсыз кылынышы керек болчу.  Бирок  анын мураскери Орусияга тарап, ал үчүнчү Римдин ролун өзүнө алган. Ошол мезгилде Византиялыктарга болгон жек көрүүчүлүк пайда болгон. Ал кезде дин идеологиялык ролду ойногон геостратегиялык милдеттерди ишке ашыруу үчүн колдонулган “курал” болгонун унутпайлы. Ошол келишпестиктердин натыйжасында кийинчерээк  русофобиялык терс түшүнүктөр келип чыкты”,- деп жазган Меттан.

Ал эми БУУ Орусиянын Украинага жасаган агрессиясы туура эмес экенин жана анын кесепеттерин айткан. 

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрк БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин сессиясында сүйлөп жатып, Орусиянын Украинага жасаган агрессиясын Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин БУУда түзүлгөн адамзатка берилген «убадаларга чыккынчылык» деп айткан. Согуштун кесепети карапайым калктын курмандыктарына жана кыйроолоруна алып келгенин, азыркы жана келечек муундун укуктары бузулуп жатканын белгилеген. 

Ошондой эле, согуш күйүүчү майдын жана продукциялардын баасына терс таасирин тийгизип, дүйнөнүн бардык аймактарында геосаясий тирешүүнүн күчөшүнө алып келгенин билдирген.

Евробиримдик жана ага мүчө мамлекеттер Орусиянын Украинага каршы ырайымсыз баскынчылык согушун жана Украинанын Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарын мыйзамсыз аннексиялап алуусун кескин айыптайт. Алар ошондой эле Беларустун Орусиянын аскерий агрессиясына кийлигишүүсүн айыпташат. 2022-жылдын февраль айынан бери Европа Кеңеши жана Евробиримдик Кеңеши Украинадагы кырдаалды түрдүү көз караштардан талкуулоо үчүн үзгүлтүксүз чогулуп келет.

Бириккен Улуттар Уюмунун лидерлери бир нече жолу Орусиядан аскердик аракеттерин тез арада токтотууну, Украинадан бардык күчтөрдү жана аскердик техниканы алып чыгууну жана Украинанын аймактык бүтүндүгүн, эгемендигин жана көз карандысыздыгын толук урматтоону талап кылышкан. 

Башкача айтканда, Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери Россиянын Украинага болгон агрессиясын кескин сындагандыгы – бул русофобия эмес.  

Жыйынтык: Путиндин “Батыш эли русофобияны жаратты” деген билдирүүсү да манипуляция. 

“Биз Донбасстын элин коргойбуз”

Путин сөзүндө Донбасстын элин коргоо максатында Украинага кол салганын айтты.

“Биз эл аралык терроризмге каршы турабыз. Донбасстын элин коргойбуз жана коопсуздугубузду камсыз кылабыз. Жер шаарындагы адамдардын басымдуу көпчүлүгү сыяктуу эле, биз тынчтыктын, эркиндиктин жана стабилдүүлүктүн келечегин көргүбүз келет”,– деп айткан.

Владимир Путин буга чейин да Украинага болгон чабуулду “нацизмге каршы”, “геноцид” сыяктуу терминдер менен өзүн актап келет. 

Бул боюнча украиналык “Детектор медианын” фактчекери Ольга Беца-Билоусенко бизге берген маегинде кенен айтып берген эле.  

“Бул согушту актоочу билдирүүлөр кооптуу. Анткени Орусиянын бул жерде кылганы кайра эле түшүнүктөрдү алмаштырып жатат. Ал эми Украинаны агрессор катары көрсөтүүгө аракет кылып жатат. Көпчүлүк актоочу билдирүүлөрдө муну байкоого болот. Мисалы, «Биз кол салып жатабыз, анткени Украина православдык чиркөөнү каалабайт, аны бузгусу келет”, же “украиндер нацисттер болгондуктан”, “украиндер балдарды өлтүргөндүктөн кол салабыз” жана башка. Же дагы бир мисал, “алар русофобдор, Пушкинди жана орус тилин жек көрүшөт” дешет. Бул жерде алыстагы адамдар “Аа, жакшы, макул, чынында, Орусиянын башка аргасы жок болчу” деп ойлой башташат. Бардык актоочу билдирүүлөр ушул үчүн иштейт”, – деген ал. 

Орусиянын  президенти Владимир Путин 24-февралда Украинага чабуул баштаганын жарыялап, анын эң негизги максаты Донбасстагы орус тектүү жарандарды геноцидден коргоо экенин билдирген.

“Аскердик операциянын максаты сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге жана басмырлоого туш болгон жарандарды коргоо. Бул үчүн биз Украинаны демилитаризациялоо  денацификациялоого ошондой эле карапайым элге анын ичинде Оруоссиянын жарандарына каршы көптөгөн кандуу кылмыштарды жасагандарды жоопкерчиликке тартабыз”, — деп билдирген Владимир Путин.

Негизи, геноцид термини Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин 1948-жылы БУУнун конвенциясында бекитилген. Ага ылайык, “геноцид” “кандайдыр бир улуттук, этникалык, расалык же диний топту жок кылуу максатында (толугу менен же жарым-жартылай) жасалган аракеттер» деп аныкталат. Башкача айтканда, бул термин бир топту атайылап физикалык түрдө жок кылууну билдирет. Бир өлкөнү “геноцид” кылууга айыптоо өтө татаал процесс. Анткени аталган өлкөнүн “азчылыкты жок кылууга” чакырык таштаганын жана чын эле өлтүргөнүн далилдөө керек. Чынында бул өтө чоң жана коркунучтуу айыптоо. Эгерде бир өлкө бир топту, азчылыкты же улутту геноцидке учуратканы аныкталса, ал мамлекет адам укугун сыйлабаган өлкө катары таанылып, кенемте төлөп берүүгө милдеттендирилет. 

Бирок Донбасста геноцид болгондугу далилденген эмес.

Белгилүү болгондой, 2014-жылы Украинадагы бийлик алмашуу жана экономикалык каатчылык учурунда Орусия Крым аралын мыйзамсыз аннексиялап, Донбасс, Луганск аймактарына өз аскерлерин киргизген. Натыйжада, Орусия тарабынан каржыланган жикчилдердин тобу пайда болгон. 

Бул окуядан кийин Украинанын Донбасс жана Луганск аймактарында украин бийлиги менен Орусияга ыктаган жикчилдердин ортосунда кагылышуулар байма-бай болуп турган. Башкача айтканда, Орусия Украинага биринчи ирет 2014-жылы басып кирген. 

Украинанын борбордук бийлигине баш ийбеген аймактар менен бийлик ортосундагы тирешүү курч маанайда болуп, адам өлүмү менен коштолгону чындык. Бирок Донбасста карапайым калкты системалуу түрдө өлтүрүлүшү боюнча далидер табылган эмес. 

2014-жылдан кийин, журналисттерден жана социалдык тармактарда аккаунттары бар жөнөкөй жарандардан тышкары Донецк жана Луганск облустарында ЕККУнун (ОБСЕ)  атайын байкоочу миссиясынын 40тан ашык өлкөдөн, анын ичинде Орусиядан барган 600дөй байкоочусу көзөмөл жүргүзгөн. 

Сегиз жыл көзөмөл жүргүзгөн  байкоочулар жана ЕККУнун өкүлдөрү Донбасста карапайым калктын системалуу түрдө өлтүрүлүшү боюнча эч кандай далил таба алышкан эмес.

БУУнун Украинадагы адам укуктарын көзөмөлдөө миссиясынын маалыматы боюнча, Украинанын чыгышында дээрлик сегиз жылдан бери уланып жаткан кагылышууларда 3393 жай тургун набыт болгон. 

Ошол эле учурда орустар менен украиндердин саны болжол менен бирдей болуп чыккан. Бул Путиндин орус калкын жок кылуу жөнүндөгү билдирүүлөрүнө карама-каршы келет.  

#Детектор: Путиндин Кызыл аянттагы төрт манипуляциясы

Донбасста “сегиз жылдык геноцид болгон” деген айыптоо өлүмдөрдүн саны менен караганда да бурмалоо экенин көрүүгө болот. Анткени 2014-жылы 2084 адам каза болсо, 2021-жылы 18 өлүм катталган. Белгилей кетсек, Донецк облусунда 2,5 миллионго жакын адам жашачу.

Жыйынтыктап айтканда, Путиндин “Донбасста геноцид болду” деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт.  Ал эми “Биз Донбасстын элин коргойбуз” дегени Орусиянын Украинага карата агрессиясын актоо аракети экени байма-бай айтылып келет. 

“Орусияга каршы чыныгы согуш башталды” 

Путин Кызыл Аянтта Орусияга каршы согуш башталып, цивилизация дагы бир жолу бурулуш чекитте турганын айтты. Бирок Орусияга ким, качан согуш баштаганын так айткан эмес.

Бүгүн цивилизация дагы бир жолу чечүүчү, бурулуш чекитте турат. Биздин мекенибизге каршы дагы бир жолу чыныгы согуш башталды”,- деп билдирген Путин.

Бирок согушту Украина же Батыш өлкөлөрү эмес, Орусия президенти өзү 2022-жылы 24-февралда жарыялады. Ал эми “Атайын согуштук операция” дегени – бул согушту жумшартуу үчүн колдонулган “жаңы” тил экендигин медиа адистер айтып келет. 

Орусияда ага чейин эле Украинага каршы терс көз караштарды калыптандырган аракеттер болуп келген. Мисалы, кремлчил ЖМКларда “Украина толук кандуу өлкө эмес”, “Украина Батышка ыктап жатат” деген өңдүү риторика 2014-жылдан тарта байма-бай айтыла баштаган. 

Белгилүү болгондой, 2014-жылы Украинадагы бийлик алмашуу жана экономикалык каатчылык учурунда Орусия Крым аралын мыйзамсыз аннексиялап, Донбасс, Луганск аймактарына өз аскерлерин киргизген. Натыйжада, Орусия тарабынан каржыланган жикчилдердин тобу пайда болгон. 

Бул окуядан кийин Украинанын Донбасс жана Луганск аймактарында украин бийлиги менен Орусияга ыктаган жикчилдердин ортосунда кагылышуулар байма-бай болуп турган. Башкача айтканда, Орусия Украинага биринчи ирет 2014-жылы басып кирген. 

2022-жылы Орусиянын Украинага экинчи ирет кол сала турганы тууралуу маалыматтар 2021-жылдан баштап чыга баштаган. Батыш бул багытта Украинаны бир канча ирет эскерткен.  Анткени Орусия 2021-жылдын күз айынан тарта Украина менен чек арасына жакын аймактарында 100 миңден ашуун аскерин жана аскердик техникаларын топтогону маалым болгон.

Бирок Орусиянын расмийлери бул күмөндөрдү четке кагып, “жөн гана аскердик машыгуу өткөрөбүз” деп айтышкан эле. 

Көп өтпөй 2022-жылы 24-февралда Владимир Путин Украинада “атайын аскердик операция” баштаганын жарыялаган.

Башкача айтканда, Орусия Украинадагы согушту баштоого системалуу түрдө даярданган. Орусия Украинага 2022-жылы экинчи ирет кол салган. Ал эми Орусиянын чек арасына кайсыл бир өлкөнүн согуш баштап киргендиги жөнүндө маалымат эч жерде жарыяланган эмес.

Жыйынтык: Путиндин “Орусияга каршы чыныгы согуш башталды” деген сөзү да манипуляция.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты