#Детектор: Орусиядагы мобилизация. Мигранттарды согушка тарткан мыйзам долбоору
- 4 months мурун
- Баяндар, Фактчекинг
Өткөн жылы 21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин теле кайрылуу жасап, өлкө аймагында жарым-жартылай мобилизация башталганын жарыялаган.
“Өлкөбүздүн эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн коргоо, калкыбыздын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Коргоо министрлиги жана Башкы штабдын Орусия Федерациясында жарым-жартылай мобилизация жүргүүзү сунушун колдоо зарыл деп эсептейм”, – деген Путин. Ал согушка аскердик даярдыктан өтүп, резервде турган жарандар гана тартыла тургандыгын, биринчи кезекте буга чейин Куралдуу Күчтөрдүн катарында кызмат өтөгөндөр болорун баса белгилеген. Жарлык ошол эле күнү Кремлдин расмий сайтына жарыяланган.

Белгилей кетсек, 2022-жылы февраль айында Орусиянын президенти Владимир Путин “атайын аскердик операция” деген жүйө менен Украинага согуш жарыялап, эгемен өлкөнүн аймагына басып кирген. БУУнун Качкындар иши боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын өкүлү Катарина Лумптун берген маалыматына ылайык, бир жыл ичинде 7,9 миллион адам Украинаны таштап чыгып кетти.
Мобилизация деген эмне?
Мобилизация – кандайдыр бир көйгөйдү чечүү, максатка жетүү үчүн кызыктар адамдарды же керектүү ресурстарды кыймылга келтирүү. Согуш учурундагы мобилизация – Куралдуу Күчтөрдү чыңдоо, армиянын катарын толуктоо максатында карапайым калкты согуштук аракетке тартуу процесси болуп саналат.
Орусиянын мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндөгү мыйзамында “Орусиядагы мобилизация жалпы жана жарым-жартылай болушу мүмкүн”, – деп айтылат. Аталган мыйзам боюнча, өлкө аймагында мобилизация жарыяланган учурда 18 жаштан 50 жашка чейинки аскердик даярдыктан өткөн же аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү эркектер жана атайын адистиги бар аялдар тартылат.
Жалпы мобилизация – өлкөнүн бардык аймагында ишке ашырылат, мамлекеттин экономикасына жана анын институттарына, анын ичинде мамлекеттин бардык аскердик уюмдарына жайылтылат.
Жарым-жартылай мобилизация – белгилүү аймактарда согуш аракеттерин жүргүзүү үчүн киргизилет. Мобилизациянын бул түрүнө резервде турган жарандар гана тартылат.

Өткөн жылы 21-сентябрда жарыяланган жарым-жартылай мобилизация Орусиянын калкын дүрбөлөңгө салды. Коргоо министри Сергей Шойгу мобилизацияга резервде турган 300 миң жаран тартыларын билдирген. Бирок жарандар Путиндин “согушка аскердик даярдыктан өткөндөр гана тартылат” деген билдирүүсүнөн күмөн санап, ошол эле күнү өлкөнүн аймагынан чыгып кетүү аракеттерин көрө башташкан. Forbes.ru басылмасынын маалыматына ылайык, мобилизация жарыялангандан кийин эки жуманын ичинде 700 миңге жакын орус жараны өлкөдөн чыгып кеткен. Алардын басымдуу бөлүгү коңшу мамлекеттерге агылган. Казакстандын Ички иштер министрилигинин өкүлү Аслан Аталыковдун расмий билдирүүсүнө таянсак, 2022-жылдын сентябрь айында өлкөнүн аймагына 406 миң орус жараны кирген. Алардын басымдуу бөлүгү 21-30-сентябрь аралыгында келген.
28-октябрда Шойгу жарым-жартылай мобилизация соңуна чыккандыгын айтып, Путинге отчет берген. Ал 300 миң адам мобилизацияланып, 218 миңи аскердик даярдыктан өтүп жатканын, ал эми 82 миңи согуштук талаага жөнөтүлгөнүн айткан. 31-октябрда Коргоо министрлиги расмий кайрылуу жасап, мобилизациянын алкагында чакыруу кагаздарынын жөнөтүлүшү токтотулганын жарыялаган. Бирок бул билдирүүдөн кийин дагы чакыруулардын келүүсү уланган. Путин мобилизациянын аякташы жөнүндөгү расмий жарлыкка бүгүнкү күнгө чейин кол кое элек. Демек, сентябрда жарыяланган жарым-жартылай мобилизация жөнүндөгү жарлык юридикалык жактан дагы деле күчүндө.
Ал арада орус өкмөтүнүн төрагасынын мурдагы орун басары Дмитрий Рогозин Орусия мобилизациянын экинчи толкунуна муктаж экендигин айтып чыкты.
“Душман бизден алда канча күчтүү экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Бул жерде ар ким өзү үчүн деген болбойт. Мобилизация керек. Күздүн башында болгон эле эмес, дагы бир мобилизация керек болчу. Бизде кадрлар менен көйгөй бар, билесизби? Жоокерлер жаракат алып, өлтүрүлүп жатат”, – деп айткан Дмитрий Рогозин.

Матвеев: “Мигранттардын согуш талаасына баруусуна убакыт келди”
Ушул жылдын 10-майында Мамдуманын депутаты Михаил Матвеев орус жарандыгын алган мигранттарды согушка тартууну сунуш кылды. Ал азыр күчүндө болгон мыйзамды изилдеп, өзгөртүүлөрдү даярдап жатканын Telegram-каналына жазган. Анда Матвеев Борбор Азиядан келген мигранттардын кош жарандыгын сынга алып, андан баш тартуу же кош жарандыгы барларды да согушка тартуу мүмкүнчүлүгүн берүү керектигин айтат. Өзгөчө “тажикстандыктардын массалык түрдө орус жарандыгын алып, бирок аскердик милдеттерин аткарбай жатканын” туура эмес деген.

“Орусияга жыл сайын орус жарандыгын алуу үчүн Борбор Азиядан эркектердин топтору келет (ушул жылдын биринчи кварталында эле орусиялыктар 45 миң тажикке көбөйдү). Бирок эмнеге биз аларды согуш талаасында көрбөй жатабыз? Мекен үчүн биринчи кезекте орустар курман болуп жатат.
Согуш талаасына барууга убакыт келди, жигиттер. Мыйзамды изилдеп, өзгөртүүлөрдү даярдап жатам. Эгер маселе кош жарандыкта болсо, же аны колдонууга тыюу салыш керек, же кош жарандыгы барларды мобилизацияга тартуу мүмкүнчүлүгүн бериш керек. Жөлөк пул, энелик капитал, жеңилдиктерди, пенсия алууга укугу бар, бирок аскердик милдеттерин аткарбайт”, – деп жазган Матвеев.
Азыркы учурда, интернет айдыңында депутаттын сунушун сындагандар менен колдогондор арасында кызуу талкуу жүрүп жатат.



Буга чейин Орусиянын Коррупцияга каршы улуттук комитетинин төрагасы Кирилл Кабанов акыркы 10 жылдын ичинде орус жарандыгын алып, бирок аскердик милдеттерин аткарбай жаткан Борбор Азиядан, тагыраак айтканда, Кыргызстан, Казакстан, Тажикистан жана Өзбекстандан келген мигранттарды жарандыгынан ажыратууну демилгелеген.

Кабанов бул демилге ишке ашса, жогоруда аты аталган өлкөлөрдүн бийлигине жакшы жооп болорун жазган. Анткени Кыргызстанда жана ага коңшу өлкөлөрдө жарандардын башка өлкөнүн армиясынын катарында ыктыярдуу негизде согушка катышуусуна расмий түрдө тыюу салынган. Жарандар мындай кадамдары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралуу орус-украин согушу башталган күндөн бери эличиликтер жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан эскертүүлөр берилип келет.
Бирок Орусиянын жарандыгын жеңилдетилген түрдө алуу же материалдык пайда табуу үчүн согушка катышкан жарандар катталган. 16-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту Украинадагы согушка катышкан Кыргызстандын жаранын 10 жылга соттогону белгилүү болду. Шектүү Орусиянын жарандыгын алыш үчүн аскерге барганын, “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган жикчил аймакта болгонун ырастаган.

Орусияда орус жарандыгы жок, иштегени келген эмгек мигранттарын да согушка барууга үндөгөн аракеттер активдүү жүрүп келет. Мисалы:
- Коомдук транспорттогу жарыя

Бул 9-декабрда Орусиядагы коомдук транспорттордун биринде өзбек тилинде берилген жарыя.
“Орусиянын Куралдуу Күчтөрүнө келишимдик негизде аскердик кызматка кирсеңиз, Орусиянын президентинин жарлыгына ылайык жарандыкты оңой эле ала аласыз”, – деп жазылган.
Интернет колдонуучулары мындай текст кыргыз жана тажик тилдеринде да берилип жатканын айтып чыгышкан.
Социалдык тармактарда ушул сыяктуу согуштук аракеттерге үндөгөн баракчалардын коомдук жайларда илинип турганы тууралуу маалыматтар ондоп саналат.


Орус армиясында келишим менен кызмат өтөгөндөргө өлкөнүн жарандыгы жеңилдетилген тартипте бериле тургандыгы жөнүндө маалымат чын. Бул билдирүү Путиндин мобилизация тууралуу кайрылуусунан бир күн мурун, 20-сентябрда Мамдуманын расмий сайтына жарыяланган.
- Мигранттарга кысым көрсөткөн МАИ кызматкери

Интернет айдыңына тараган бул видеодо МАИ кызматкеринин мигранттарды аскердик кызматын өтөөгө чакырып жатканын көрүүгө болот.
“Иштегени келдиңби? Анда милдетиңди да аткар. Аскердик комиссариатка бар”, – деп жарандарды бир нече жолу кемсинткен.
Өткөн жылы 28-сентябрда укук коргоочу Валентина Чупик “Сахарово” миграциялык борборунда Борбор Азиядан келген эмгек мигранттарын аскердик кызмат өтөө үчүн келишимге кол коюуга мажбурлап жатышканын айтып чыккан. Ал Мамдуманын Орус армиясында келишим менен кызмат өтөгөндөргө өлкөнүн жарандыгы жеңилдетилген тартипте бериле тургандыгы жөнүндө чечимин көз боемочулук деп сындаган.
Орус-украин согушунда каза болгон кыргызстандыктар
Орус-украин согушу башталгандан бери Украинада 17 кыргыз көз жумду. Алардын тогузу орус жарандыгын алып, армияга келишимдик негизде кеткен. Ал эми орус түрмөлөрүнөн “Вагнер” азгырып, балким, мажбурлап согушка алып кеткен сегиз кыргыз жараны каза болгонун “Медиахаб” ачык булактардагы маалыматтарга таянып айтып чыккан.
27-январда Орусияда “Адам уурдоо” жана “Опузалоо” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, Орусиянын курамындагы Мордовия республикасында жаза өтөп жаткан Аян Алишеровдун сөөгү Украинадан келгендигин бир тууган агасы Асылбек Абдибалиев билдирген.
То
Өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктө Алишеровдун 2022-жылы 24-ноябрда Донецк Эл Республикасында каза болгону жазылган. Абдибалиев “Бир жолу сүйлөшкөндө “Бизге ЧВК Вагнер келди, Украинадагы согуш аркылуу эркиндикке чыгуу мүмкүнчүлүгү бар экен” деп айткан эле”,- деген.
15-февралда Украинага согушка кеткен Кыргызстандын жараны Замир Чолоевдин сөөгү мекенине алып келинди. Ал Орусияда жаза өтөп жаткан жеринен Украинага кеткен. Чолоевдин “вагнерчилердин” катарында болгонун абакта аны менен бирге жаза өтөп жаткан башка Кыргызстандык тастыктаган.
22-февралда дагы бир Кыргызстандыктын Украинадагы согушта каза болгону белгилүү болду. Эрлан Эрмеков Орусиядагы түрмөлөрдүн биринде жаза өтөп жаткан. Ал “Вагнер” жалданма аскердик уюму аркылуу Украинадагы согушка кеткендигин апасы “Азаттыкка” берген маегинде билдирген.
11-майда согушка тартылган дагы бир кыргыз жаранынын каза болгону тууралуу маалымат тарады. Каза болгон Чыңгыз Изабеков Орусияда “тоноо” беренеси боюнча айыпталып, абакта жаза өтөп жаткан. Ал Украинага “Вагнер” уюмунун катарында кеткени белгилүү болду. Изабековдун сөөгү апрель айында мекенине алынып келинип, жерге коюлган.
“Вагнер”

“Вагнер” жалданма аскердик компаниясы – Орусиянын өкмөтүнө жакын бейрасмий аскердик түзүм. Бул компания 2014-жылы ишкер Евгений Пригожин тарабынан негизделген. Уюмдун жалданма аскерлери буга чейин Украина, Сирия, Судан, Мали, жана башка Африканын бир катар өлкөлөрүндө согуштук аракеттерди жүргүзүп келгени белгилүү.
2022-жылы жаз айларында Украинада орус армиясы оор жоготууга учурагандан кийин “Вагнер” компаниясы абакта жаза өтөп жаткандарды азгырып, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон. “Медиазона” басылмасы ноябрь айында расмий статистикага таянып, эки айдын ичинде Орусиянын абактарындагы эркектердин саны 23 миңге кыскарганын жазып чыккан. Бул көрүнүш “Вагнердин” жарандарды согушка тартуу аракетинин айынан болуп жатканы белгиленген. Жарандар компания менен түзгөн келишимдин негизинде, жарым жылдык кызмат өтөөдөн кийин ырайым алып, эркиндикке чыгуу мүмкүнчүлүгү берилери айтылган. Январь айынын башында Пригожин абактан келишим түзүп, согушка кеткен биринчи топ ырайым алганын билдирди.
5-майга карата алынган маалыматка ылайык, Орусия Украина менен болгон согушта 22 055 аскерин жоготту. Алардын негизги бөлүгү Бахмутта каза болгон “Вагнердин” аскерлери.

4-майда Евгений Пригожин каза болгон ондогон жалданма аскерлердин фонунда орус бийлигине кайрылуу жасап, аскерлеринин өлүмүнө Орусиянын Коргоо министрлигин күнөөлөдү. Ал ок-дарылардын жетишсиздигинен “Вагнер” чоң жоготууларга учурап жатканын айтып, 10-майга чейин эч кандай чара көрүлбөсө аскерлерин алып, Бахмуттун аймагынан чыгып кетерин белгилеген. Арадан үч күн өтпөй, 7-майда Пригожин Бахмуттагы чабуулду улантуу үчүн жетиштүү санда ок-дарылар жана куралдар менен камсыз болушканын, чегинүү болбой турганын маалымдады.
Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү “Вагнерди” “террористтик”, же “кылмыштуу” уюм деп тааныйт. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Евробиримдик уюмду кара тизмеге киргизген.
Орус жарандыгын алган кыргызстандыктар
Орусиянын статистикалык комитетинин берген маалыматына ылайык, 2022-жылы орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны 23 миң 496 адамды түзгөн. Бул 2021-жылкы көрсөткүчкө караганда 18% көп.
Кош жарандык алган мигранттар
Өткөн жылы 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев Кыргызстан менен Орусиянын кош жарандуулугун алган 650 миң жаран бар экендигин билдирген. Базарбаев “Мен бул санды Орусиянын мамлекеттик органдарынын расмий маалыматтарына таянып айтып жатам”,-деген.
Укук коргоочу, юрист Гулиза Ахматсияева “Азаттык” медиасына берген маегинде кош жарандыгы бар мигранттар юридикалык жактан Орусиянын жараны болуп эсептелерин айткан.
“Кош жарандыгы бар мигранттар юридикалык жактан Орусиянын жараны болуп эсептелет. Кыргыз паспортунун болгону факт, бирок ал жараксыз. Аны күчүнө киргизүү үчүн Орусиянын жарандыгынан баш тартыш керек. Ал эми азыркы кырдаалда жарандыктан баш тартуу оңой эмес. Аскердик милдеттерин аткарууга тийиш”,- деген юрист.

Эми Кыргызстан менен Орусиянын мыйзамдарында кош жарандык жөнүндө эмнелер жазылганын карап көрөлү.
Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө мыйзамдын 1-бөлүмүнүн 6-беренесинин 2-бөлүгүндө “Кыргыз Республикасынын жаранынын башка жарандыкты алуусу, ушул Мыйзамдын 23-беренесинде белгиленген негиздерди кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготууга алып келбейт”, – деп жазылган.
Ал эми 23-беренеде Кыргыз Республикасынын жарандыгы жарандыктан чыкканда, жарандыкты жоготкондо жана эл аралык келишимдерде каралган башка негиздерде токтотулары белгиленген.
Башкача айтканда, Кыргызстандын жарандыгы жарандын өзүнүн демилгеси жана арызынын негизинде токтотулат. Ал эми жарандыкты жоготуу жаран менен мамлекеттик ортосундагы укуктук байланыштын жоголушу дегенди билдирет. Мындай жоготуу мамлекеттин же жарандын демилгеси менен эмес, белгилүү бир жагдайлардан улам келип чыгат. Мисалы, эгер жаран башка мамлекеттин жарандыгын алганда же башка өлкөдө көп убакытка жашап, бирок консулдукта каттоого турбаса, Кыргызстандын жарандыгын жоготот.
Орусия Федерациясынын жарандыгы жөнүндө мыйзамынын 6-беренесинде “Кош жарандыгы бар Орусиянын жараны эл аралык келишимдер болбогон учурда Орусиянын жараны катары гана каралат”, – деп жазылган.
Ал эми Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда кош жарандыкты алуу боюнча келишим жок. Демек, кош жарандуулугу бар адам Кыргызстанда кыргыз жараны катары гана, ал эми Орусияда орус жараны катары гана каралат. Өлкөлөр экинчи жарандыкты мыйзам чегинде тааныбайт.
Орус-украин согушу
Орусия Украинанын аймагына басып киргенине дээрлик бир жылдан ашты. Бириккен Улуттар Уюмунун 8-майда берген билдирүүсүнө ылайык, Украинада өткөн жылдын 24-февралынан бери 2023-жылдын 8-майына чейин 8 791 жай тургун каза таап, 14 815и жаракат алган. Бирок чыныгы сандар бул көрсөткүчтөн бир нече эсе көп болушу мүмкүн. Анткени согуш катуу жүргөн аймактардан маалымат алуу кечигип, ал эми кээ бир маалыматтар тастыктоону күтүп жатат.
Орусия басып киргенден кийин Украинага 143,8 миллиард доллар зыян келтирилгенин Украинанын улуттук коопсуздук, коргонуу жана чалгындоо комитетинин башчысынын орун басары Юрий Аристов Киев экономика мектебинин баалоосуна таянып билдирди.
Эл аралык уюмдар согуштун кесепети кайсы тармактарга тийип жатканын анализдеп келишет. ЮНЕСКО 10-майга карата жарыялаган материалында Орусия Украинанын аймагына басып киргенден бери 255 маданий мурас объекти, 3252 билим берүү мекемесине зыян келтирилгенин жазган. Уюм зыянды 2.4 млрд евро деп баалады.
Орус-украин согушу качан жана кандай аяктай тургандыгы жөнүндө бир топ дүйнөлүк эксперт, аналитиктердин божомолдору бар. ВВСнин дүйнөлүк аскердик аналитиктерден алган маегинде , “Согуштун аягы көрүнбөйт. Бул узун экономикалык, саясий жана аскердик күрөш болот.” “Орусиянын жеңилип берүүсүнөн башка жыйынтык күтүлбөйт” “Украина өз жерлерин кайтарып алат”, – деген пикирлер айтылган.
Анткен менен мындай божомолдор согуш башталган күндөн тартып айтылып келет. Алардын канчалык деңгээлде чындыкка жакын экендигин айтуу мүмкүн эмес.